Редакцияот 25.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

кезексиз XII сессиясы

 

2026-жылдын 25-марты № 105

 

Акча каражатын суроо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39- беренелерин жетекчилике алып, айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун Кочкор-Ата айылына муниципиалдык мончо салуу үчүн айыл тургундарынын мүдөөлөрүн аткаруу максатында, Ош облустук өнүктүрүү фондунан акча каражатын суроо жөнүндөгү сунушун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл амагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кочкор-Ата айылына муниципиалдык мончо салуу үчүн айыл тургундарынын мүдөөлөрүн аткаруу максатында, Ош облустук өнүктүрүү фондунан акча каражаты суралсын.

2. Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.

3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, инвестициялар тартуу жан ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы ( Б. Усеновго) жуктөлсүн.

 

Төрага

 

К. С. Мусаев