Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 04-октябрь № 51
«Мады айыл өкмөтүнүн Социализм айылынын Өжөр учаскасына өзүнчө айыл статусун берүү жөнүндө»
Мады айыл өкмөтүнүн Социализм айылынын Өжөр учаскасынын тургундарынын 2022-жылдын 21-сентябрындагы жалпы элдик жыйынын протоколун, Мады айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 39 токтомун талкуулап жана элдин талабын эске алып Мады айылдык кеңешинин 2022-жылдын 4-октябрындагы кезексиз XIV сессиясы токтом кылат:
1. Социализм айылынын Өжөр учаскасына өзүнчө айыл статусун берүү жагы жогорку органдардан суралсын.
2. Бул токтомду бекитип, жогорку органдарга сунуштоо жагы Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Жаңыдан айыл статусуна ээ болуп жаткан Өжөр айылын каттоодон өткөрүүгө керектүү иш-кагаздарын даярдап, каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Сидиков менен айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Бороновго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы Мады айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына (К.Темирбаевге) милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б.А. Мадазимов |