Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XXV сессиясынын
2026-жылдын 13-апрели №3
“Манас шаарынын аймагында жайгашкан жайыттардын
тарифтери жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 23.03.2026-жылдагы чыг.№01-18/1697 сандуу каты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, комиссиясынын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаарынын Т.Тайгараев жана М.Конгантиев аймактык башкармалыктарында жайгашкан жайыттардын тарифтери №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Манас шаардык депутаттар кеңешинин 13.02.2025-жылдагы кезектеги V сессиясынын №2-токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3.Жайыттарды башкарууда жана пайдаланууда Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын негизинде иш алып баруу жагы Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кенештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6.Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирсин.
Төрага | Талант у. А. |
| Манас шаардык депутаттар кеңешинин 13-апрель 2026-жылдагы кезектеги XXV сессиясынын №3 токтомунун 1-тиркеме |
Манас шаарындагы М.Конгантиев жана Т.Тайгараев аймактык башкармалыктарында жайгашкан жайыттардын тарифтери
№ | Жаныбарлардын түрлөрү | Шарттуу саны | Жайыт пайдалануу үчүн төлөм |
1. | Уй | 1 | 150 сом |
2. | Топоздор | 1 | 150 сом |
3. | Кой, эчкилер | 1 | 40 сом |
4. | Жылкылар | 1 | 150 сом |
5. | Бал челек | 1 | 60 (ар бир ящик) сом |
Жооптуу катчы Г.Осмонова