Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-апрелиндеги № 247 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик кепилдиктерди берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо мамлекеттик кепилдиктерди берүү, берилген мамлекеттик кепилдиктерди каттоо, берилген мамлекеттик кепилдиктер боюнча милдеттенмелерди аткаруу жана токтотуу тартибин белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын атынан мамлекеттик кепилдиктерди берүүгө өзгөчө укукка бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) ээ.
3. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде жана ушул Жободо каралгандан башка эрежелер белгиленсе, анда бул эл аралык келишимдердин жоболору колдонулат.
2-глава. Терминдер жана аныктамалар
4. Бул Жободо төмөнкү аныктамалар колдонулат:
1) кепилдик учуру - мамлекеттик кепилдик жөнүндө келишимде каралган жагдайлардын келип чыгышы, мында кредитор мамлекеттик кепилдик боюнча милдеттенмени аткаруу жөнүндө талап коюуга укуктуу;
2) кепилдик талап - кредитордун кепилдик учурдун келип чыгышына байланыштуу мамлекеттик кепилдик боюнча милдеттенмени аткаруу талабы менен Министрлер Кабинетине расмий кайрылуусу;
3) мамлекеттик кепилдикти берүү боюнча комиссия - кредиттик тобокелдикти баалоону, административдик чыгашаларды жана андан ары мониторинг жүргүзүүнү кошуп алганда, кепилдик боюнча тобокелдикти кабыл алгандыгы үчүн алынуучу төлөм;
4) мамлекеттик кепилдикти максатсыз пайдалануу - мамлекеттик кепилдик менен камсыздалган милдеттенмелерди мамлекеттик кепилдик жөнүндө келишимде белгиленген шарттарды бузуу менен пайдалануу;
5) шарттуу милдеттенме - бул мурунку окуялардын натыйжасында келип чыккан потенциалдуу милдеттенме, анын аткарылышы мамлекеттин толук контролунда болбогон бир же бир нече белгисиз келечектеги окуялардын келип чыгышынан же келип чыкпашынан көз каранды;
6) мамлекеттик кепилдик - Министрлер Кабинетинин зайымчы мамлекеттик кепилдик жөнүндө макулдашуунун шарттарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда карызды толук же жарым-жартылай тындырууга чет өлкөлүк кредитордун алдындагы белгилүү датага милдеттенмеси;
7) зайымчы - бул мамлекеттик кепилдиктин алдында тышкы карыз алууну жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын резиденти болгон юридикалык жак;
8) резидент - Кыргыз Республикасында катталган, ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдары толук колдонулган юридикалык жак;
9) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - бюджеттик жана каржылык чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну, координациялык жөнгө салууну жана аткаруучулук иш-милдеттерди аткарууну жүзөгө ашырууга Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы;
10) экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - экономикалык өнүктүрүү жана салык чөйрөсү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну жүзөгө ашырууга Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы;
11) инвестицияларды илгерилетүү жана инвестициялык ишти координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, экономикалык ишти жүзөгө ашыруунун өзгөчө (атайын) режимине ээ болгон эркин жана башка экономикалык зоналарды өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты, саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, чет өлкөлүк инвестицияларды тартууну координациялоо, экспортту илгерилетүү, эл аралык финансылык институттар жана чет өлкөлүк өкмөттүк финансылык уюмдар менен кызматташуу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
3-глава. Мамлекеттик кепилдик берүү шарттары
5. Тышкы карыз алууларга мамлекеттик кепилдиктер суммасы 1 миллиард сомдон кем эмес (же Министрлер Кабинетинин мамлекеттик кепилдик берүү жөнүндө чечими кабыл алынган күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча чет өлкөлүк валютадагы суммага эквивалент) инвестициялык долбоорлорго гана берилет.
6. Мамлекеттик кепилдиктер Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери тарабынан тартылуучу ички карыз алууларга жайылтылбайт.
7. Мамлекеттик кепилдик чет өлкөлүк кредитор менен зайымчынын ортосунда түзүлгөн келишимдин колдонуу мөөнөтүнө берилет.
8. Мамлекеттик кепилдик менен тышкы карыз алуунун толук же жарым-жартылай суммасы камсыздалышы мүмкүн. Тышкы карыз алуунун суммасынын бөлүгүнө берилүүчү мамлекеттик кепилдик тобокелдикти азайтуу жана кошумча каржылоону тартуу максатында же Кыргыз Республикасынын фискалдык жана инвестициялык саясаты боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кеңеши (мындан ары - Министрлер Кабинетинин кеңеши) тарабынан жактырылган башка негиздер боюнча жүзөгө ашырылат.
9. Мамлекеттик кепилдиктер жыл сайын кабыл алынуучу республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен белгиленүүчү лимиттин чегинде берилет. Мамлекеттик кепилдиктерди берүүнүн лимити болуп тиешелүү финансылык жылга карата белгиленген сумма саналат, анын чегинде мамлекеттик кепилдиктер берилиши мүмкүн.
10. Мамлекеттик кепилдиктер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын жалпы көлөмүнүн алкагында берилет, анын чектүү өлчөмү тиешелүү жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясында аныкталат.
11. Мамлекеттик кепилдиктерди берүү лимитинин көлөмү тиешелүү жылдарга мамлекеттик карызды тейлөөгө республикалык бюджеттин чыгашаларынын чектүү өлчөмүнүн алкагында зайым келишимдеринин шарттарына ылайык белгиленет.
12. Мамлекет тарабынан кепилденген зайымдын каражаттарын зайым келишиминде каралбаган максаттарга пайдаланууга тыюу салынат.
13. Мамлекеттик кепилдиктерди алууга байланышкан бардык чыгашалар зайымчыга жүктөлөт.
14. Мамлекеттик кепилдик берүү үчүн бир жолку комиссия алынат. Мамлекеттик кепилдик берүү үчүн комиссия кредиттик тобокелдикти баалоо методикасын колдонуу менен зайымчынын кредиттик жөндөмдүүлүгүнө жараша эсептелүүчү кредиттик тобокелдикке негизделген төлөмдү камтышы мүмкүн:
- төмөнкү тобокелдик - милдеттенмелердин суммасынын 0,1%ы (жакшы);
- орточо тобокелдик - милдеттенмелердин суммасынын 0,3%ы (канааттандырарлык).
Комиссияны төлөөдөн бошотууга Министрлер Кабинетинин чечими боюнча өзгөчө учурларда, долбоор улуттук инвестициялык долбоорлордун тизмегине кирген шартта жол берилет. Комиссия түрүндө алынган каражаттар республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш.
4-глава. Мамлекеттик кепилдик алууга талапкер болгон зайымчыга коюлуучу талаптар
15. Юридикалык жактар зайымчы катары чыгуучу зайымдар боюнча мамлекеттик кепилдик алууга талапкер болгон ошол юридикалык жактарга төмөнкүдөй талаптар коюлат:
1) ишкердик жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын резиденти болуу;
2) мамлекеттик кепилдиктер менен тышкы карыз алуунун каражаттарынын эсебинен каржылоого сунушталган долбоорду ишке ашыруучулардын бири болуу;
3) акыркы 3 (үч) жыл ичинде финансылык-чарбалык ишинин оң натыйжага ээ болушу;
4) салыктарды, социалдык чегерүүлөрдү, жыйымдарды жана башка төлөмдөрдү бардык деңгээлдеги бюджеттерге төлөө боюнча мөөнөтү өткөн карызынын болбошу;
5) мурда мамлекеттик кепилдик менен алынган тышкы карыз алууну төлөө жана тейлөө боюнча мөөнөтү өткөн карызынын, ошондой эле кредиторлор алдында башка мөөнөтү өткөн карызынын болбошу;
6) мамлекеттик кепилдик талап кылынган зайымдын наркынын 30 (отуз) пайызынан кем эмес өлчөмдөгү өздүк капиталынын болушу. Ошол эле учурда улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген мамлекеттик кепилдиктердин же кепилчиликтердин катышуусусуз, өзүнүн кепилдиктери менен карыз алууларды кошпогондо, өздүк салымдын 30 (отуз) пайызы карызга алынбашы керек;
7) төлөөгө жөндөмдүү болууга, жоюлууга тийиш болбоого, анын мүлкүнө камак салынбаган, анын финансы-чарбалык иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтотулуп турбаган болууга;
8) ушул Жобонун 19-пунктунун 4-пунктчасында каралган эксперттик корутундуларды даярдоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды берүүгө.
16. Ушул Жобонун 15-пунктунун 3 жана 6-пунктчаларында, ошондой эле 19-пунктунун 4-пунктчасынын экинчи абзацында көрсөтүлгөн талаптар Министрлер Кабинетинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан тандап алынуучу улуттук долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашырууга катышкан субъекттерге карата колдонулбайт.
5-глава. Мамлекеттик кепилдик берүүнүн тартиби
17. Мамлекеттик кепилдиктер Кыргыз Республикасынын стратегиялык жана программалык документтеринде аныкталган артыкчылыктарга ылайык келген инвестициялык долбоорлорду каржылоону колдоо үчүн берилет.
18. Мамлекеттик кепилдикти берүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
19. Мамлекеттик кепилдикти алууга талапкер болгон зайымчы бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди берет:
1) болжолдуу кредитор жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен мамлекеттик кепилдикти алуу ниети жөнүндө арыз (кредитордун ишкердик беделин ырастаган документтер, тиешелүү лицензиялардын жана эл аралык деңгээлдеги сертификаттардын болушу, ошондой эле анын финансылык туруктуулугун жана кредиттик ишти жүзөгө ашыруунун мыйзамдуулугун мүнөздөгөн башка документтер);
2) юридикалык жактын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн жана уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү жана зайымчынын эсептерин тейлөөгө мамлекеттик коммерциялык банктардын бири менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү;
3) мамлекеттик кепилдик суралган кредиттик макулдашуу же анын долбоору;
4) долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси төмөнкүлөрдүн эксперттик оң корутундулары менен:
- бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын долбоордун параметрлерин финансылык баалоосу жана ушул Жобого тиркелген тиркеме менен бекитилген Зайымчынын төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо методикасына ылайык даярдалган кредиттик тобокелдик жөнүндө, карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү жана карызды тейлөө жөндөмдүүлүгү жөнүндө корутундусу менен долбоорду ишке ашыруу мүмкүн экендиги жөнүндө;
- Кыргыз Республикасындагы инвестицияларды илгерилетүү жана инвестициялык ишти координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын долбоордун параметрлерин экономикалык баалоо жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык артыкчылыктарына ылайык келүүсүн баалоо менен долбоорду ишке ашыруу мүмкүн экендиги жөнүндө;
- экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын долбоордун Кыргыз Республикасынын стратегиялык артыкчылыктарына ылайык келүүсү, долбоордун натыйжалуулугу жөнүндө, ошондой эле долбоордун параметрлерин экономикалык баалоо менен бул долбоор боюнча экономикалык эсептөөлөрдүн негиздүүлүгү жөнүндө корутундусу;
- тармактык мамлекеттик органдын долбоордун тармактык артыкчылыктарга ылайык келүүсү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө корутундусу;
5) юридикалык жактын эсептик каттоо жери боюнча салык органдарынан салыктарды, жыйымдарды жана бюджеттин бардык деңгээлдерине башка төлөмдөрдү төлөө боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалымкат;
6) юридикалык жактын эсептерин тейлеген коммерциялык банктардан акыркы алты ай ичинде эсептешүү эсеби боюнча жүгүртүүлөр жөнүндө маалымкат;
7) тышкы аудиттин корутундусу менен акыркы үч жыл үчүн финансылык отчеттуулук. Эгерде субъект ишти үч жылдан аз жүзөгө ашырса, финансылык отчеттуулук иш жүргүзгөн бүткүл мезгил үчүн берилет;
8) тиешелүү кредиттик маалымат бюросу тарабынан ырасталган, финансы-кредиттик уюмдардын алдында карызынын жоктугу/бар экендиги жөнүндө маалымкат;
9) жетекчинин паспортунун көчүрмөсү жана аны кызмат ордуна дайындоо жөнүндө чечим;
10) юридикалык жактын уюштуруу документтеринде аныкталган ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттик кепилдик жөнүндө келишимди жана күрөө жөнүндө келишимди түзүүгө макулдугу тууралуу чечими, эгерде аталган келишимдерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адамды көрсөтүү менен зайымчынын мамлекеттик кепилдик жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу үчүн күрөө берилсе;
11) мамлекеттик кепилдик жөнүндө келишимге жана күрөө жөнүндө келишимге кол коюуга ыйгарым укуктуу адамдын паспортунун көчүрмөсү.
Ушул пункттун 5, 9, 10 жана 11-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтерди "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга болот.
20. Ушул Жобонун 19-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн эксперттик корутундуларда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан даярдалган мамлекеттик кепилдик жөнүндө келишимге мониторинг жүргүзүүнүн параметрлерин, анын ичинде пландан тышкаркы баалоону жүргүзүү үчүн көрсөткүчтөрдү жана критерийлерди киргизүү жөнүндө сунуштамалар, ошондой эле отчеттуулуктун жыштыгы жана форматы боюнча сунуштар камтылышы мүмкүн. Мындай сунуштамалар мамлекеттик кепилдик жөнүндө келишимдин шарттарын түзүүдө эске алынышы мүмкүн жана ушул Жобонун 9-главасында каралган мониторинг жүргүзүүнүн алкагында зайымчынын төлөө жөндөмдүүлүгүн үзгүлтүксүз баалоо үчүн негиз болуп саналат.
21. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Министрлер Кабинетинин кеңешинин жыйынынын кароосуна өтүнмөнү киргизет.
22. Министрлер Кабинетинин кеңеши тышкы карыз алууга мамлекеттик кепилдик берүү жөнүндө же мамлекеттик кепилдик берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
23. Министрлер Кабинетинин кеңеши мамлекеттик кепилдик берүү жөнүндө чечим кабыл алган учурда бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Министрлер Кабинетинин мамлекеттик кепилдик берүү жөнүндө чечиминин долбоорун демилгелейт.
24. Министрлер Кабинетинин чечими Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашууга жиберилет.
25. Министрлер Кабинетинин чечими Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашылгандан кийин бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик кепилдикти алуучу жана зайымчы менен тышкы карыз алуу боюнча мамлекеттик кепилдик жөнүндө келишим түзөт.
26. Мамлекеттик кепилдик жөнүндө келишимде мамлекеттик кепилдик берүү, мамлекет тарабынан кепилденген зайым келишимине ылайык милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу, мамлекеттик кепилдик боюнча милдеттенмелер аткарылган учурда жүгүртүүдөн алынган республикалык бюджеттин каражаттарын кайтаруу боюнча тараптардын укуктук мамилелери белгиленет.
6-глава. Мамлекеттик кепилдиктин формасы жана мазмуну
27. Мамлекеттик кепилдик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, кредитор жана зайымчы ортосунда мамлекеттик кепилдик жөнүндө жазуу жүзүндө келишим түзүү аркылуу берилет.
28. Мамлекеттик кепилдик жөнүндө келишимде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) Министрлер Кабинетинин мамлекеттик кепилдикти чыгаруу жактырылган чечими;
2) зайымчы жөнүндө анын толук аталышын жана турган жерин кошо камтыган маалыматтар;
3) зайымчынын кредитору жөнүндө анын толук аталышын жана турган жерин кошо камтыган маалыматтар;
4) зайымчынын негизги милдеттенмесинин мазмуну;
5) зайымдын кепилденген суммасы, берилүүчү мамлекеттик кепилдиктин колдонулушу жайылтылган зайым боюнча башка кепилденген милдеттенмелер;
6) мамлекеттик кепилдиктин колдонуу мөөнөтү;
7) мамлекеттик кепилдик жөнүндө келишимге кол койгон кызмат адамы.
29. Мамлекеттик кепилдик жөнүндө келишим ар бир тарап үчүн үч нускада түзүлөт.
30. Ушул главанын талаптарына ылайык келген документ гана мамлекеттик кепилдик деп таанылышы мүмкүн. Мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын башка актылары же документтери мамлекеттик кепилдиктин юридикалык күчүнө ээ болбойт.
7-глава. Мамлекеттик кепилдиктер боюнча фискалдык тобокелдиктерди эсепке алуу, резервге коюу жана чагылдыруу
31. Мамлекеттик кепилдик жөнүндө келишим милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
32. Мамлекеттик кепилдик жөнүндө келишимдерди каттоо бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик карыздын жана мамлекеттик кепилдиктердин эсепке алуу китебинде мамлекеттик бюджеттин баланстан тышкаркы эсептериндеги шарттуу милдеттенмелер катары жүргүзүлөт.
33. Кредитор мамлекеттик кепилдик боюнча милдеттенмени аткаруу жөнүндө талап койгон учурда (кепилдик талабы) жана Министрлер Кабинетинин чечими менен белгиленген тартипте кепилдик учурунун келиши таанылганда мамлекеттик кепилдиктин суммасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын жалпы көлөмүндө чагылдырылууга тийиш.
34. Катталган ар бир мамлекеттик кепилдик боюнча бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кредиттик тобокелдиктин деңгээлине жараша күтүлгөн жоготууларды баалоону жүргүзөт жана республикалык бюджеттин алкагында өзүнчө бюджеттик беренени бөлүү менен тиешелүү резервди түзөт.
Резерв мамлекеттик кепилдиктердин портфели боюнча эсептелген жоготуулардын деңгээлинде, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген күтүлгөн жоготууларды баалоо методикасынын негизинде түзүлөт.
35. Катталган мамлекеттик кепилдиктер, күтүлгөн жоготууларды баалоо жана түзүлгөн резервдер жөнүндө маалымат фискалдык тобокелдиктер жөнүндө билдирүүдө же маалыматта, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында мамлекеттик карыз боюнча отчеттордо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка расмий бюджеттик документтеринде ачыкка чыгарылууга тийиш.
8-глава. Күрөөлүк камсыздоо
36. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кепилдик боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылууну күрөө түрүндө же Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана Кыргыз Республикасынын "Күрөө жөнүндө" Мыйзамында каралган камсыз кылуунун башка түрлөрүндө талап кылууга укуктуу.
37. Эгерде зайымчы бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга күрөө берсе, мамлекеттик кепилдикти берүү үчүн комиссиянын өлчөмү 0,1%га чейин төмөндөтүлүшү мүмкүн. Күрөө берүүнүн конкреттүү шарттары, анын ичинде активдердин жол берилген түрлөрү, алардын ликвиддүүлүгүнө карата талаптар жана кайра баалоонун мезгилдүүлүгү бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
38. Зайымчы кредиторго күрөө берген учурда күрөө менен жабылбаган кредиттин көлөмүнө мамлекеттик кепилдик берилет. Бул учурда мамлекеттик кепилдиктин көлөмү бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
9-глава. Зайымчынын ишине мониторинг жүргүзүү
39. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасында инвестицияларды илгерилетүү жана инвестициялык ишти координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле тармактык мамлекеттик орган мамлекеттик кепилдик жөнүндө түзүлгөн келишимдин алкагында зайымчынын финансы-чарбалык ишине мониторинг жүргүзүүгө, зарыл болгон учурда тиешелүү тармакта кесиптик иш тажрыйбасы бар көз карандысыз эксперттерди жана адистерди тартуу менен ушул Жобонун тиркемесине ылайык бекитилген методикага ылайык кредиттик тобокелдикти жана зайымчынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн жыл сайын үзгүлтүксүз баалоого укуктуу.
40. Зайымчы ушул Жобонун 39-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын биринчи талабы боюнча анын ишине сапаттуу жана объективдүү талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык суралган маалыматты берүүгө милдеттүү.
41. Зайымчы финансы-чарбалык иштин натыйжалары жана мамлекеттик кепилдик жөнүндө келишимдин шарттарына ылайык зайым боюнча милдеттенмелердин аткарылышы жөнүндө бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга үзгүлтүксүз негизде (жылына бир жолудан кем эмес) отчет берет.
42. Эгерде мамлекеттик кепилдик жөнүндө келишимде башкача каралбаса, мониторинг жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
43. Мониторингдин максаты мамлекеттик кепилдик жөнүндө келишимдин шарттарын сактоо, каражаттарды максаттуу пайдалануу жана милдеттенмелердин кайтарылышын камсыз кылуу болуп саналат.
44. Мониторинг милдеттенмелердин өз убагында аткарылышын көзөмөлдөөнү, зайымчынын финансылык абалын талдоону, отчетторду жана баштапкы документтерди текшерүүнү, көйгөйлүү зайымчыларды аныктоону жана аларды чечүү боюнча чараларды иштеп чыгууну камтыйт.
45. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган зайымчынын макулдугу болгон учурда банктардан, мамлекеттик органдардан, кредиттик бюролордон жана контрагенттерден зайымчы жөнүндө маалымат сурап алууга укуктуу.
46. Көйгөйлүү зайымчылар аныкталган учурда бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган көйгөйлүү зайымчынын тибине, кырдаалдын мүнөзүнө жана мамлекеттик кепилдик менен камсыздалган көйгөйлүү кредиттердин түрүнө жараша кырдаалды чечүү боюнча чараларды иштеп чыгат.
10-глава. Мамлекеттик кепилдикти аткаруу
47. Мамлекеттик кепилдик боюнча милдеттенмелерди аткарууга бөлүнгөн каражаттар мамлекеттик кепилдик жөнүндө келишимде аныкталган мөөнөттө жана шарттарда республикалык бюджетке кайтарылууга тийиш.
48. Зайымчы милдеттенмелерди аткарбаган учурда мамлекеттик кепилдик ушул Жободо белгиленген жол-жобо боюнча кепилденген талап таанылган учурда кепилдик милдеттенмелерин төлөө боюнча түзүлгөн резервдин алкагында артыкчылыктуу тартипте аткарылууга тийиш. Резервде каражаттар жетишсиз болгон учурда Министрлер Кабинети белгиленген тартипте кепилдик милдеттенмесин толук төлөө жөнүндө чечим кабыл алат.
49. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган зайымчы мамлекеттик кепилдик жөнүндө келишимдин шарттарын бузган учурда мамлекеттик кепилдик боюнча төлөнгөн суммаларды зайым боюнча милдеттенмелерди аткаруунун алкагында регресс тартибинде зайымчыдан өндүрүп алат.
11-глава. Мамлекет кепилдик берген зайымдарды реструктуризациялоо
50. Мамлекет кепилдик берген зайымды реструктуризациялоо демилгеси зайымчы менен кредитордун биргелешкен расмий кайрылуусунун негизинде жүзөгө ашырылат, ал финансылык кыйынчылыктар жөнүндө билдирүүнү, төлөмдүн мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнү же зайымдын шарттарынын өзгөрүшүн кошо алганда реструктуризациялоонун зарылдыгын ырастаган документтер менен коштолот.
51. Кайрылууну кароо ушул Жобонун 5-главасында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана Министрлер Кабинетинин катышуусу менен мамлекеттик кепилдикке өтүнмө берүүнүн жол-жобосуна окшош тартипте жүзөгө ашырылат. Реструктуризациялоо жөнүндө чечим Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
52. Мамлекет кепилдик берген зайымды реструктуризациялоо Министрлер Кабинети тарабынан чечим кабыл алынган учурда кредитор менен зайымчынын макулдашуусу боюнча жүзөгө ашырылат. Кепилдик берилген зайымды реструктуризациялоо жөнүндө Министрлер Кабинетинин чечими Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашылууга тийиш.
53. Мамлекет кепилдик берген зайымды реструктуризациялоодо кредитордун талабы боюнча мурда берилген мамлекеттик кепилдик Министрлер Кабинети тарабынан ырасталышы же жаңысына алмаштырылышы мүмкүн.
54. Мамлекет кепилдик берген зайымды реструктуризациялоодо зайымдын кепилденген суммасы мурда берилген мамлекеттик кепилдик боюнча зайымдын суммасынан ашпоого тийиш.
12-глава. Мамлекет кепилдик берген зайым боюнча зайымчыны алмаштыруу
55. Зайымчыны мамлекет кепилдик берген зайым боюнча алмаштырууга Министрлер Кабинети тарабынан ушундай чечим кабыл алынган учурда зайым келишиминин тараптарынын макулдашуусу боюнча жол берилет. Кепилдик берилген зайым боюнча зайымчыны алмаштыруу жөнүндө Министрлер Кабинетинин чечими Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашылууга тийиш.
56. Зайымчы мамлекет кепилдик берген зайым боюнча алмаштырылган учурда мамлекеттик кепилдик жаңы кепилдик менен алмаштырылышы же бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде кредитордун талабы боюнча ырасталышы мүмкүн. Ошол эле учурда алмаштырылып жаткан зайымчы ушул Жобонун 4-главасынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
57. Зайымчыны алмаштырууда кепилденген зайымдын суммасы мурда берилген мамлекеттик кепилдик боюнча зайымдын суммасынан ашпоого тийиш.
13-глава. Мамлекеттик кепилдиктин колдонулушун токтотуунун негиздери
58. Мамлекеттик кепилдик төмөнкүдөй учурларда өзүнүн колдонулушун токтотот:
1) Министрлер Кабинети тарабынан кепилдик берилген зайым боюнча зайымчынын милдеттенмеси толук аткарылганда;
2) кепилдик келишиминде (кепилдик милдеттенмесинде) көрсөтүлгөн кепилдик мөөнөтү аяктаганда, эгерде анда башкача каралбаса;
3) зайым келишиминде жана/же мамлекеттик кепилдик жөнүндө келишимде атайын каралган шарттарда, анын ичинде ушул Жобонун 9-главасында каралган мониторингдин натыйжаларына негизделген шарттарда;
4) Министрлер Кабинети тарабынан кепилдик берилген зайым боюнча зайымчыны реструктуризациялоодо жана (же) алмаштырууда кепилдикти жаңысына алмаштырууда.
14-глава. Мамлекет кепилдик берген зайымдын каражаттарын максатсыз пайдалангандыгы үчүн жоопкерчилик
59. Мамлекеттик кепилдиги бар зайым боюнча зайымчы Министрлер Кабинети тарабынан кепилдик берилген зайым боюнча алынган каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы үчүн жана зайымчы зайым боюнча карыздык милдеттенмелерин аткарбаган учурда мамлекеттик кепилдик боюнча милдеттенмелерди аткарууга жумшалган каражаттарды кайтарып бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
60. Мамлекеттик кепилдик менен камсыздалган зайым боюнча каражаттар максатсыз пайдаланылган, же болбосо зайымчы тарабынан анык эмес маалыматтар жана документтер берилген учурда, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган зайымчыдан өндүрүү чараларын демилгелөөгө, анын ичинде каражаттарды мөөнөтүнөн мурда кайтарууну талап кылууга, ошондой эле зайымчынын мамлекеттик кепилдик берүү программаларына андан ары катышуусун токтото турууга же токтотууга укуктуу. Ошол эле учурда мурда берилген мамлекеттик кепилдик боюнча милдеттенмелер толук көлөмдө сакталат.
15-глава. Башка шарттар
61. Мамлекет кепилдик берген зайым боюнча зайым келишиминен бир тараптуу баш тартууга же зайым берүүчүнүн алдындагы милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтүн узартууга жол берилбейт.
62. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынган жана мамлекет кепилдик берген зайымдарды тартуу, пайдалануу же төлөө шарттарын начарлатуучу мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын актылары жокко чыгарылууга тийиш.
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик кепилдиктерди берүү тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
Зайымчынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн аныктоо МЕТОДИКАСЫ
Мамлекеттик кепилдик алууга талапкер зайымчынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдоонун максаты болуп анын мамлекеттик кепилдик менен камсыздалган зайымды тейлөө жана төлөө боюнча милдеттенмелерин талаптагыдай аткаруу жөндөмдүүлүгүн аныктоо, ошондой эле зайымчынын мамлекет кепилдик берген карыз боюнча милдеттенмелерин аткарбоо тобокелдиктерин минималдаштыруу эсептелет.
Юридикалык жактын ишенимдүү финансылык абалы анын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн жана кредиттик жөндөмдүүлүгүнүн негизи, атап айтканда, чарбалык келишимдерге ылайык төлөм талаптарын өз убагында канааттандыруу, кредитти жана пайыздарды кайтаруу, кызматкерлерге эмгек акы төлөө, бюджетке төлөмдөрдү жана салыктарды төлөө жөндөмдүүлүгү болуп саналат.
Ушуга байланыштуу финансылык абалын баалоо мамлекеттик кепилдикти берүүнүн максатка ылайыктуулугун жана аны берүү шарттарын аныктоо, мамлекеттик кепилдикти реструктуризациялоо жөнүндө чечим кабыл алуу (атап айтканда, мамлекеттик кепилдикти берүүнүн негизги шарттарын өзгөртүү), ар бир берилген мамлекеттик кепилдик боюнча кабыл алынуучу кредиттик тобокелдиктерди жана жалпысынан көзөмөлдөнүүчү карыздардын көлөмүнүн сапатын баалоо максатында жүргүзүлөт.
Баалоонун натыйжасы юридикалык жактын финансылык абалынын сапаты: жакшы, орточо (канааттандырарлык) же начар (канааттандырарлык эмес) финансылык абал жөнүндө корутунду болуп саналат. Юридикалык жактын финансылык абалын баалоо методикасы тобокелдиктерди сандык жана сапаттык талдоону жүргүзүүгө негизделет.
Тобокелдиктерге сандык талдоо төмөнкүдөй тобокелдик топторун жана аларды мүнөздөөчү финансылык коэффициенттерди баалоону билдирет:
- юридикалык жактын активдеринин ликвиддүүлүк эмес тобокелдиги (ликвиддүүлүк коэффициенттери);
- юридикалык жактын финансылык туруктуулугунун төмөндөө тобокелдиги (өздүк жана зайымдык каражаттардын катышынын коэффициенти, өздүк каражаттар менен камсыз кылуу коэффициенти).
Тобокелдиктерге сапаттык талдоо жүргүзүүдө сандык көрсөткүчтөр менен туюнтууга болбогон маалымат каралат. Мындай талдоону жүргүзүү үчүн зайымчы тарабынан берилген маалыматтар, ошондой эле маалыматтык базалардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматтары (алардын аныктыгынын ыктымалдуулугун түзөтүү менен) колдонулат.
Жаңыдан түзүлгөн юридикалык жакка мамлекеттик кепилдик берүү жөнүндө маселени кароо учурунда юридикалык жактын финансылык абалы анын учурдагы финансылык абалына түздөн-түз коркунучтардын жоктугуна байланыштуу орточо деп эсептелет.
Юридикалык жактын финансылык абалын баалоодо ликвиддүүлүк жана финансылык туруктуулук коэффициенттери колдонулат.
1. Ликвиддүүлүк жана төлөөгө жөндөмдүүлүк көрсөткүчтөрү.
Юридикалык жактын финансылык абалын кыска мөөнөттүү келечекте көз карашынан баалоодо баалоо критерийлери болуп ликвиддүүлүк жана төлөөгө жөндөмдүүлүк көрсөткүчтөрү (1-таблица), атап айтканда, кыска мөөнөттүү милдеттенмелер боюнча өз убагында жана толук көлөмдө эсептешүү жөндөмдүүлүгү саналат.
1-таблица
Зайымчынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн кыска мөөнөттүү келечекте аныктоо методикасы
Көрсөткүчтүн аталышы | Коэффициенттер | Эсептөө формуласы | Кыскача мүнөздөмө | Чеги |
Ликвиддүүлүктүн көрсөткүчтөрү | Учурдагы ликвиддүүлүктүн коэффициенти | Жүгүртүү активдери/кыска мөөнөттүү милдеттенмелер | Учурдагы милдеттенмелердин наркына учурдагы активдердин наркынын катышын көрсөтүү менен активдердин ликвиддүүлүгүнө жалпы баа берет. Ушул көрсөткүчтү эсептөөнүн логикасы ишкана кыска мөөнөттүү милдеттенмелерди негизинен учурдагы активдердин эсебинен төлөйт, демек эгерде учурдагы активдер чоңдугу боюнча учурдагы милдеттенмелерден ашса, зайымчы ийгиликтүү иштеп жатат деп каралат | >2 - жакшы 1,5-2 - канааттандырарлык <1,5 - канааттандырарлык эмес |
Тез ликвиддүүлүктүн коэффициенти | Жүгүртүү активдери (товардык-материалдык запастарды кошпогондо)/кыска мөөнөттүү милдеттенмелер | Өзүнүн мазмундук мааниси боюнча ушул коэффициент учурдагы ликвиддүүлүк коэффициентине окшош. Бирок учурдагы активдердин кыйла тар чөйрөсү боюнча эсептелет, эсептөөдөн алардын ликвиддүүлүгү кыйла аз бөлүгү - өндүрүштүк запастары алып салынат. Мындай алып салуунун логикасы запастардын олуттуу аз ликвиддүүлүгүндө гана эмес, андан да маанилүүсү өндүрүштүк запастарды аргасыз саткан учурда түшүүсү мүмкүн болгон акча каражаттары, аларды сатып алуу боюнча чыгымдардан олуттуу төмөн болушу мүмкүн. Ошондуктан ишкананын кыска мөөнөттүү милдеттенмелер боюнча товардык-материалдык запастарды сатуу менен төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо абдан маанилүү болуп саналат | >1 - жакшы 0,8-1 - канааттандырарлык <0,8 - канааттандырарлык эмес | |
Абсолюттук ликвиддүүлүктүн коэффициенти | Акча каражаттары/кыска мөөнөттүү милдеттенмелер | Абсолюттук ликвиддүүлүктүн коэффициенти зайымчынын ликвиддүүлүгүнүн кыйла катуу критерийи болуп саналат жана зарыл болгондо кыска мөөнөттүү зайымдык милдеттенмелердин кайсы бөлүгүн башка активдерди пайдаланууга барбай туруп болгон акча каражаттарын пайдалануу менен гана дароо төгүү мүмкүндүгүн көрсөтөт | >0,5 - жакшы 0,2-0,5 - канааттандырарлык <0,2 - канааттандырарлык эмес | |
Төлөө жөндөмдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү | Жеке жүгүртүү каражаттарынын чоңдугу | Жеке жүгүртүү каражаттары/кыска мөөнөттүү милдеттенмелер | Ушул көрсөткүч зайымчынын жүгүртүү активдеринин курамында болгон жеке жүгүртүү каражаттарынын чоңдугун аныктайт. Жеке жүгүртүү каражаттарын көбөйүшү зайымчынын ишкердик активдүүлүгүнүн жогорулашы жөнүндө, ал эми алардын азайышы, тескерисинче анын ишкердик активдүүлүгүнүн төмөндөшү жөнүндө күбөлөндүрөт | >0,5 - жакшы 0,2-0,5 - канааттандырарлык <0,2 - канааттандырарлык эмес |
Төлөө жөндөмдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү | Жеке капиталдын маневрдүүлүгү | Жеке жүгүртүү каражаттарынын чоңдугу/жеке капиталдын чоңдугу | Бул коэффициент зайымчынын жеке капиталынын кайсы бөлүгү учурдагы ишти каржылоо үчүн пайдаланыларын, т.а. жүгүртүү каражаттарына салынгандыгын жана кайсы бөлүгү капиталдаштырылганын көрсөтөт | >0 - жакшы <=0 - канааттандырарлык эмес |
Жеке жүгүртүү каражаттары менен камсыз болуунун коэффициенти | Жеке жүгүртүү каражаттары/жүгүртүү активдери | Финансылык планда зайымчынын учурдагы иши кыска мөөнөттүү активдерди жана пассивдерди туруктуу трансформациялоодо көрсөтүлөт. Ийгиликтүү иштеп жаткан ишкананын кайсы болбосун активдеринин эки каржылоо булагы бар: жеке жана тартылган. Эгерде ишканада жеке жүгүртүү каражаттарынын жетишсиздиги байкалса, эреже катары бул ишкананын балансынын түзүмү канааттандырарлык эмес, финансылык абалы туруксуз. Жеке жүгүртүү каражаттарынын болушу уюмдун финансылык туруктуулугунун маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат, жеке жүгүртүү капиталынын жоктугу уюмдун бардык жүгүртүү каражаттары зайымдык булактарынын эсебинен түзүлгөндүгү жөнүндө күбөлөндүрөт | >0,1 - жакшы <=0,1 - канааттандырарлык эмес |
2. Финансылык туруктуулуктун көрсөткүчтөрү.
Юридикалык жактын финансылык абалынын негизги мүнөздөмөлөрүнүн бири узак мөөнөттүү келечектин позициясында анын туруктуулугу болуп саналат. Чарбалык субъекттин өзүнүн узак мөөнөттүү зайымдары боюнча өз убагында жооп берүү жөндөмдүүлүгү, анын узак мөөнөттүү келечектеги финансылык туруктуулугу жөнүндө күбөлөндүрөт. Ушуга байланыштуу дүйнөлүк эсептик-аналитикалык практика ишкананын финансылык туруктуулугуна баалоо жана зайымчынын кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо үчүн бир катар көрсөткүчтөр системасын иштеп чыккан (2-таблица).
2-таблица
Зайымчынын узак мөөнөттүү келечектеги кредитти төлөөгө жөндөмдүүлүгүн аныктоо методикасы
Көрсөткүчтүн аталышы | Коэффициенттер | Эсептөө формуласы | Кыскача мүнөздөмө | Чеги |
Финансылык туруктуулуктун көрсөткүчтөрү | Автономиянын коэффициенти | Жеке капитал/баланстын жыйынтыгы | Коэффициент зайымчынын пассивдеринде жеке каражаттардын үлүшүн чагылдырат жана менчик ээлери үчүн да, кредиторлор үчүн да кызыгуу жаратат. Пассивдерде жеке каражаттардын үлүшү зайымдык каражаттардын үлүшүнөн ашык болууга тийиш деп эсептелет. Автономиянын жогорку коэффициенти финансылык тобокелдикти кыскартат жана сырттан кошумча каражаттарды тартууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок өтө ири чоңдугу кредиттик ресурстарды тартууну билбегендиги тууралуу да күбөлөндүрүшү мүмкүн. Коэффициенттин өзгөрүүсү зайымчынын ишинин кеңейүүсүн же кыскаруусун көрсөтүшү мүмкүн | >0,4 - жакшы 0,3-0,4 - канааттандырарлык <0,3 - канааттандырарлык эмес |
Финансылык туруктуулуктун көрсөткүчтөрү | Жеке жана зайымдык каражаттардын катышынын коэффициенти (капиталдаштыруу коэффициенти) | Милдеттенмелердин чоңдугу/жеке капитал | Ушул коэффициент төмөнкүдөй интерпретацияга ээ: салынган ар бир сомго зайымдык каражаттардын белгилүү бир суммасынын сому туура келери финансылык туруктуулуктун тобокелдигинин жетиштүү жогорку деңгээли жөнүндө күбөлөндүрөт | <3 - жакшы 3-3,5 - канааттандырарлык >3,5 - канааттандырарлык эмес |
Узак мөөнөттүү салымдардын түзүмүнүн коэффициенти | Узак мөөнөттүү милдеттенмелер/жүгүртүүдөн тышкаркы активдер | Узак мөөнөттүү салымдардын түзүмүнүн коэффициентин эсептөөнүн негизги идеясы узак мөөнөттүү кредиттер жана зайымдар негизги каражаттарды жана башка капиталдык салымдарды каржылоо үчүн пайдаланылат деген божомолго негизделет, бул негизги каражаттардын жана башка жүгүртүүдөн тышкаркы активдердин кайсы бөлүгү (%) тышкы инвесторлордун эсебинен каржыланарын көрсөтөт | <0,5 - жакшы 0,5-0,6 - канааттандырарлык >0,6 - канааттандырарлык эмес | |
Финансылык леверидждин деңгээли | Узак мөөнөттүү милдеттенмелер/жеке капитал | Ушул коэффициент зайымчынын финансылык туруктуулугунун негизги мүнөздөмөлөрүнүн бири болуп эсептелет, ал эми анын экономикалык интерпретациясы төмөнкүгө туюнтулган: жеке каражаттардын ар бир сомуна зайымдык капиталдын кайсы суммасы туура келет | <3 - жакшы 3-3,5 - канааттандырарлык >3,5 - канааттандырарлык эмес |
Юридикалык жактын ишинин натыйжалуулугун баалоодо рентабелдүүлүктүн көрсөткүчтөрү пайдаланылат.
Рентабелдүүлүктүн көрсөткүчтөрү (3-таблица) юридикалык жактын ишине салынган каражаттардын жалпы натыйжалуулугун баалоо үчүн арналган.
3-таблица
Зайымчынын ишинин рентабелдүүлүгүн аныктоо МЕТОДИКАСЫ
Көрсөткүчтүн аталышы | Коэффициенттер | Эсептөө формуласы | Кыскача мүнөздөмө | Чеги |
Рентабелдүүлүктүн көрсөткүчтөрү | Активдердин рентабелдүүлүгү | Таза пайда/жыйынды активдер | Коэффициент активдердин ар бир сомуна канча сом таза пайда алынгандыгын көрсөтөт. Эгерде активдердин рентабелдүүлүгү узак мөөнөттүү кредиттер үчүн пайыздык ставкадан азыраак болсо, анда ишкананы ийгиликтүү деп эсептөөгө болбойт | >0,001 жакшы <=0,001 - канааттандырарлык эмес |
Сатуулардын рентабелдүүлүгү | Таза пайда/түшкөн акча | Коэффициент сатылган продукциянын ар бир сомуна ишкана алган таза кирешенин чоңдугун көрсөтөт | >0,2 - жакшы 0,1-0,2 - канааттандырарлык <0,1 - канааттандырарлык эмес | |
Жеке капиталдын рентабелдүүлүгү | Таза пайда/жеке капитал | Коэффициент жеке капиталдын канчалык натыйжалуу пайдаланылганын көрсөтөт жана акционерлер үчүн өзгөчө маанилүү, анткени фонддук биржада акциялардын котировкасына таасирин тийгизиши мүмкүн | >0,2 - жакшы 0,1-0,2 - канааттандырарлык <=0,1 - канааттандырарлык эмес |
Төлөөгө жөндөмдүүлүк, кредиттик жөндөмдүүлүк жана зайымчынын рентабелдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрүн талдоонун жыйынтыгы боюнча анын финансылык абалынын жыйынтыктоочу баасы түзүлөт, ал "жакшы", "канааттандырарлык" же "канааттандырарлык эмес" деп аныкталышы мүмкүн.
Жыйынтыктоочу баа бардык эсептелген көрсөткүчтөрдүн ичинен эң төмөнкү деңгээл принцибинин негизинде ыйгарылат:
- эгерде бардык эсептелген коэффициенттер "жакшы" деңгээлине дал келсе, анда зайымчынын финансылык абалы жакшы, ал эми кредиттик тобокелдиктин деңгээли - төмөн деп бааланат;
- эгерде жок эле дегенде бир көрсөткүч "канааттандырарлык" маанисине ээ болсо, анда зайымчынын финансылык абалы канааттандырарлык деп таанылат, бул орточо тобокелдикти чагылдырат;
- эгерде жок эле дегенде бир көрсөткүч "канааттандырарлык эмес" маанисине ээ болсо, анда зайымчынын финансылык абалы канааттандырарлык эмес деп эсептелет, тобокелдик деңгээли - жогорку жана бул учурда мамлекеттик кепилдик берилбейт.
Эгерде зайымчынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн, кредиттик жөндөмдүүлүгүнүн жана рентабелдүүлүгүнүн сандык баасы колдонула турган төлөм ставкасын бир беткей аныктоого мүмкүндүк бербесе, анда төлөмдүн өлчөмү жүргүзүлүп жаткан саясаттын артыкчылыктарын эске алуу менен эксперттик баанын негизинде белгилениши мүмкүн.