КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 23 февралы № 3 /XV-30
Кең-Булуң айылдык Кеңешинин 30 - чакырылышынын жылдык иш планын бекитүү жѳнүндѳ
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агенттиктин 06.12.2024-жылдагы №01-25/330 буйругуна ылайык Кең-Булуң айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Булуң айылдык Кеңешинин 30 - чакырылышынын жылдык иш планы кабыл алынсын.
2. Кең-Булуң айылдык Кеңешинин иши бекитилген планга ылайык жүргүзүлсүн.
3. Кең-Булуң айылдык Кеңешинин 30 - чакырылышы кабыл алынган иш пландын негизинде иш жүргүзүү жагы айылдык Кеңештин депутаттарына жана айылдык Кеңештин тѳрагасы Мурсалиев М. С. жүктѳлсүн.
Төрага | М.С.Мурсалиев |