Загрузка документа…
КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-февралы № 5/ХV-30
Жер участогун муниципалдык менчикке ижарага берүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө
Жер комиссиясынын протоколун карап чыгып, жер участогун муниципалдык менчикке ижарага берүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-июль 2025-жыл №150. негизинде Кең-Булуң айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ивановка айылындагы Театральная көчөсүндө № б/н дарегинде жайгашкан, аянты 4847,37 чарчы метр, коду 7-04-30-0007-0026 болгон жер участогун ижара мөөнөтүн узартууга макулдук берилсин. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген муниципалдык менчиктеги жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акы төлөө негизинде берүү тартиби жана шарттары жөнүндө Типтүү жобонун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин 25-пунктуна ылайык.
2. Мурда түзүлгөн келишим бузулсун жана кайрадан түзүлсүн.
3.Токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция министрлигине жѳнѳтүлсүн.
4. Токтом каттоодон ѳткѳндѳн соң 7 күндѳн кийин күчүнѳ кирет.
5. Ушул токтомду аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысына жана укук тартиби, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасына жүктѳлсүн.
Төрага | М.С. Мурсалиев |