Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 14-апрели № 05/2-17/88
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ведомстволукбөлүмдөрүнүнкызматкерлеринин формалык кийимдерин кийүү, сүрөттөө жана айырмалоо белгилеринин эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 “Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомдоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жобонун 14-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Бекитилсин:
– Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин формалык кийимдерин кийүү, сүрөттөө жана айырмалоо белгилеринин бирдиктүү эрежелери 1 тиркемеге ылайык;
– Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын ведомстволук форма кийиминин сүрөттөлүшү 2 тиркемеге ылайык;
– Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин ведомстволук форма кийиминин сүрөттөлүшү 3 тиркемеге ылайык;
– Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын ведомстволук форма кийиминин сүрөттөлүшү 4 тиркемеге ылайык;
– Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын ведомстволук форма кийиминин сүрөттөлүшү 5 тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 23-октябрындагы № 382-ни “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдерин кийүү, сүрөттөө жана айырмалоо белгилери жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары - Министрлик) санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде аны расмий жарыялоону камсыз кылсын.
4. Мал чарбасы, ветеринария, жайыт жана тоют башкармалыгы:
– буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун эки нускадагы көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн бул буйруктун көчүрмөсүн жарыялаган булагын көрсөтүү менен мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
5. Министрликтин бөлүмдөрү жана финансы тармагын тейлеген ведомстволук бөлүмдөрү ведомстволук форма кийими менен камсыздоо бөлүгүндө тийиштүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде ушул буйруктун аткарылышын камсыз кылсын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
7. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министрдин м.у.а., министрдин орун басары |
| М.И. Дуйшеев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин формалык кийимдерин кийүү, сүрөттөө жана айырмалоо белгилеринин бирдиктүү эрежелери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин формалык кийимдерин кийүү, сүрөттөө жана айырмалоо белгилеринин ушул эрежелери (мындан ары – Министрлик, эрежелер) формалык кийим кийүүнүн бирдиктүү тартибин, тышкы көрүнүшкө, шеврондордун жана айырмалоочу белгилердин жайгашуусуна талаптарды аныктайт.
2. Мамлекеттик жарандык кызматтын ыйгарылган класстык чендерине ылайык Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери формалык кийим кийүү укугуна ээ.
3. Формалык кийим бирдиктүү стилде бекитилип, кочкул көк түстө жасалат. Ысык аба ырайы учурунда өткөрүү пункттарында кызмат өтөгөн кызматкерлер үчүн боз түстөгү кийим элементтерине жол берилет.
4. Формалык кийим төмөнкүлөр үчүн арналган:
– Министрликтин кызматкерлерин идентификациялоого;
– бирдиктүү кызматтык тышкы көрүнүштү камсыз кылууга;
– жарандардын жана тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын ишенимин жогорулатууга;
– контролдоо-көзөмөлдөө функцияларын коопсуз аткаруу үчүн шарттарды түзүүгө.
5. Бул Эрежелерде төмөнкү кыскартуулар колдонулат:
– формалык кийимдин предметтери – Министрликтин буйругу менен белгиленген формалык кийимдин, бут кийимдин предметтери;
– шеврондор – ушул Эрежелерге ылайык тагылуучу жең жана төш белгилер.
2. Формалык кийимдердин түрлөрү
6. Формалык кийим төмөнкүлөргө бөлүнөт:
– өкүлдүк;
– күнүмдүк;
– атайын.
7. Бул формалардын ар бири кышкы, жазгы-күзгү жана жайкы болуп бөлүнөт.
8. Белгиленген тартипте жарандык кийим кийүүгө уруксат берилген адамдарды кошпогондо, кызматкерлер кызматтык мезгилде алар үчүн белгиленген формалык кийимди кийүүгө милдеттүү.
9. Өкүлдүк формалык кийим кийилет:
– ант берүүдө;
– мамлекеттик сыйлыктарды алууда;
– класстык ченди ыйгарууда;
– мамлекеттик майрамдарда жана кесиптик майрамдарда;
– салтанаттуу отурумдарда, эл аралык форумдарда, расмий кабыл алууларда.
Өкүлдүк форма ордендер, медалдар же сыйлыктардын символдору жана төш белгилер менен тагылат.
10. Күнүмдүк формалык кийим кийилет:
– коллегиянын отурумдарында;
– ведомстволук сыйлыктарды алууда;
– аттестациядан өтүүдө;
– кызматтык милдеттерди аткарууда;
– кызматтан тышкаркы убакта (зарыл болгондо).
Күнүмдүк форма ордендикленталар, планкалардагы медалдардын ленталары жана төш белгилер менен тагылат.
11. Атайын формалык кийим төмөнкү учурларда кийилет:
– өткөрүү пункттарында милдеттерин аткарууда;
–текшерүү иш-чараларында, товарларды, транспорт каражаттарын текшерүүдө жана текшерип кароодо;
– ветеринардык, фитосанитардык, жерди жана сууну контролдоо/көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү милдеттерди аткарууда;
– өзгөчө температуралык шарттарда же булгануу шарттарында иштөөдө.
Атайын форманы күнүмдүк кийим катары кийүүгө болбойт. Аны кийип жүрүү тартиби бөлүмдүн жетекчиси тарабынан аныкталат.
3. Формалык кийимдин предметтеринин сүрөттөлүшү
12. Өкүлдүк формалык кийим
Комплект (негизги):
– кышкы же жазгы-күзгү кочкул көк түстөгү пальто;
– өкүлчүлүк моюн орогуч (ак же боз);
– кулакчындуу тумак же бапак (жогорку курам үчүн);
– кочкул көк түстөгү формалык костюм (бир же эки жакка кымтыланма пиджак + түз тигилген шым);
– ак же ачык көк түстөгү узун жеңдүү көйнөк;
– белгиленген үлгүдөгү кочкул көк (же ведомстволук) түстөгү галстук;
– кокарда жана филиграндык боо менен формалык фуражка (эркектер үчүн); берет же пилотка (аялдар үчүн);
– классикалык туфли же кара түстөгү кончсуз бут кийим;
– өкүлдүк погондору (тигилген, жогорку чендер үчүн алтын түстүү);
– төш белгилер, ордендер, медалдар жана сыйлыктардын ленталары (тагынуу эрежелерине ылайык).
13. Күнүмдүк форма кийими
Комплект (негизги):
– кочкул көк түстөгү күнүмдүк күрмө (чечилме же жакага тартылуучу капюшон).
– кеңсе костюму, кочкул көк түстөгү күрмө жана шымдан турат;
– ачык көк же ак түстөгү формалык көйнөк (узун/кыска жең).
– пуловер (жемпир) же кочкул көк түстөгү тегерек/V формасындагы кесиги бар полувер;
– Министрликтин/бөлүмдүн эмблемасы бар кара, кочкул көк же ачык көк түстөгү формалык футболка, поло (жылуу аба ырайында же күрмөнүн ичинен);
– кулакчындуу тумак же формалык кышкы шапке;
– формалык кепка, кызматтык бейсболка же пилотка;
– белгиленген үлгүдөгү күнүмдүк бут кийим (ботинке, кончу жок ботинке, кара түстөгү туфли);
– күнүмдүк погондор (тагылуучу же тигилүүчү);
– төш шеврону жана бөлүмдүн жең шеврону.
14. Атайын формалык кийим
Комплект (негизги):
– кышкы комплект (капюшондуу күрмө жана шым) коргоочу, бычылган (шамалдан жана нымдан коргоочу), кочкул көк түстө же көк камуфляж;
– жаз-күз кийилүүчү жылуу ичтелген күрмө, кочкул көк түстө же көк камуфляж;
– жайкы комплект (күрмө жана шым) коргоочу, бычылган, кочкул көк түстө же көк камуфляж. Ысык аба ырайында өткөрүү пункттарында кызмат өтөгөн кызматкерлер үчүн боз түстөгү кийим элементтерине жол берилет;
– полувер (жемпир) же кочкул көк түстөгү тегерек/V формасындагы кесиги бар полувер;
– кара түстөгү сезондук атайын бут кийим;
– жалтырак элементтери бар сигналдык жилет (кызгылт сары/сары);
– баш кийим: кепка, тору бар бейсболка (жайында), кулакчындуу тумак же астынан кийилүүчү туулга (кышында);
– формалык футболка.
4. Шеврондор жана айырмалоочу белгилер
15. Шеврондор: Жең шеврондору– жеңдердин сырткы тарабында (жогорку чекиттен 12 см); төш шеврондору – сол чөнтөктөн 5 мм жогору, дизайн Министрликтин ведомстволук бөлүмү тарабынан иштелип чыгат.
16. Погондор: катуу/тагылуучу/тигилүүчү. Жогорку курам үчүн – жарык чагылтыргыч тилкеси жок, диаметри 25 мм жылдыздары менен; улук/орто үчүн – жашыл жарык чагылдыргыч, 13-25 мм жылдыздары менен. Жылдыздарды жайгаштыруу – борбордук сызык боюнча.
17. Айырмалоочу белгилер: погондорго жана жакаларга жайгаштырылат (аралыгы 30-100 мм).
5. Ордендерди, медалдарды жана төш белгилерди тагынуу
18. Бажы органдары жана айыл чарба кызматтары үчүн эрежелерге ылайык кийилет: төштүн сол/оң жагына, улуулук тартибинде. Ленталар – планкаларда.
6. Кийип жүрүүгө коюлуучу жалпы талаптар
19. Формалык кийимдердин предметтери белгиленген үлгүлөргө жана сүрөттөмөлөргө ылайык келиши, туура келтирилген, таза абалда кармалышы жана тыкан көрүнүшү керек.
20. Кийүүгө тыюу салынат:
– ушул Эрежелерде жана Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин форма кийимдеринин сүрөттөлүшүндө белгиленген талаптарды бузуу менен тигилген форма кийиминин предметтерин, айырмалоочу белгилерин, төш жана жең белгилерин, далындагы белгилерин, тагылуучу белгилерин;
– жарандык кийимдин предметтери менен бирге формалык кийимдинпредметтерин.
21. Формалык кийим ушул Эрежелерге ылайык так кийилет. Формалык кийим кийүү тартибин бузуу кызматтык тартипти бузуу болуп саналат.
7. Корутунду жоболор
22. Ушул Эрежелердин сакталышын контролдоо бөлүмдөрдүн жетекчилерине жүктөлөт.
23. Бул Эрежелер бекитилген күндөн тартып колдонууга киргизилет жана ведомстволук бөлүмдөр үчүн мурдагы ченемдерди жокко чыгарат.
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын ведомстволук формалык кийиминин сүрөттөлүшү
1. Баш кийимдеги кокарда
Баш кийимдеги кокарда алтын түстөгү томпойгон сүйрү розетка түрүндө металлдан туташ куюлуп жасалат, дал ортосуна Кыргыз Республикасынын символика белгисинин элементтери жайгашкан, символика белгисинин алкагынан кокарданын четтерине чейин гофрирленген бетке ээ.
Кокарданын арт жагындагы дал ортосуна – аны баш кийимге бекитүү үчүн бекиткич жасалат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясий кызматтагы адамдар үчүн кокарда алтын түстүү жип менен саймаланат.
2. Эмблема
Эмблема эки вариантта даярдалат:
– тагылуучу эмблема – пахта кездемесинин негизинде жасалат жана формалык кийимге тагылууга арналган. Эмблема эки алкактуу, кочкул жашыл түстөгү тегерек белги түрүндө болот. Тышкы шакектин үстүңкү бөлүгүндө ак түстөгү баш тамгалар менен “ВЕТЕРИНАРДЫК”, ал эми төмөнкү бөлүгүндө – “КЫЗМАТ” деген жазуу жайгаштырылат.
– Жылан салынган идиш металл эмблемасы (классикалык медициналык/ветеринардык символ). Лавр бутактары менен курчалып, металлдан жасалат, бүтүндөй штампталган, күмүш түстө болот. Погондорго айырмалоочу белги катары тагылууга арналган, 1-сүрөткө ылайык.
3. Шеврон
Шеврон кителдин же пальтонун жеңине тигүү үчүн пахта кездемесинин негизинде жасалат, кездеме чиймеси аркылуу сүрөт түшүрүлөт.
“ВЕТЕРИНАРДЫК КӨЗӨМӨЛ” шевронунун сүрөттөлүшү
Шеврон тегеректелген үстүнкү бөлүгү жана учтуу ылдыйкы учу бар геральдикалык калкан формасында жасалган.
1) Түс тандоо жана жээктөө
а) негизги фон: кочкул жашыл, фактуралуу (тигилүүчү/кездеме өңдүү);
б) сырткы жээк: эки контурлуу;
– сырткы милте – кочкул жашыл;
–ички милте – ак;
в) жээктөө периметри боюнча текши жана бирдей.
2) Жазуулар
– шеврондун жогорку бөлүгүндө: “ВЕТЕРИНАРДЫК”, анын астында “КӨЗӨМӨЛ” жазуусу жайгашкан;
– жазуулар ак түстө, чоң шрифт, расмий, так окулуучу, көлөкөсү бир аз түшүрүлүп аткарылган.
3) Борбордук эмблема
Шеврондун борборунда алтын түстөгү чоң коргоочу калкан жайгашкан.
Калкандын ичинде:
–көк түстөгү медициналык крест;
– алтын түстүү жылан салынган идиш (ветеринария/медицина символу).
Элементтердин формасы олуттуу, симметриялуу жана визуалдык тең салмакта аткарылган.
4) Өсүмдүк элементтери
Борбордук калкандын эки капталында символиканын мамлекеттик кызматтык мүнөзүн белгилөөчү жашыл түстөгү симметриялуу лавр бутактары жайгашкан.
5) Төмөнкү лента
Лавр бутактарынын астында алтын жээктүү кочкул кызыл (бордовый) лента жайгашкан.
Лентанын борборунда Кыргыз Республикасынын символу – түндүк жайгашкан.
Оң жакта, төш чөнтөктөн жогору “ВЕТЕРИНАРДЫК КӨЗӨМӨЛ” төш белгиси жайгаштырылат. Сол жакта, “КЫРГЫЗСТАН” төш белгиси жайгаштырылат, 2-сүрөткө ылайык.
4. Топчулар
Топчулар металлдан жасалып, алтын түстө, чөйчөкчөдөн, түпчөдөн, көзөнөктөн же бекиткичтен турат. Үстүңкү астынкы бети томпок, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин рельефтүү сүрөтү түшүрүлгөн. Топчуларды боз, кочкул көк жана изумрут жашыл түстөгү пластмассадан жасоого жол берилет, диаметри 14 мм жана 22 мм.
5. Ийинге тагылуучу погондор
Ийинге тагылчу погондор пальтого, плащка, кителге, күрмөгө жана көйнөккө кадалат. Погон жумшагыраак кездемеден, жарыш кеткен узун жактары бар чоюлган алты бурчтук түрүндө болот, анын төмөнкү учу тик бурчтуу, ал эми жогорку учу кесик жагынан кең бурч болуп бүтүп, төмөнкү четине жарыш кетет.
Погондун узундугу 12-16 см, мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар адамдар үчүн погондун туурасы – 5,5 см, башкы кызматтан кенже кызматка чейин класстык чени бар адамдар үчүн – 4-5,5 см.
Погондун четтери, төмөн жагынан башкасы кочкул-жашыл түстөгү нооту менен кырланат, милтенин туурасы – 2,5 мм.
Тагылуучу погондор пальтого, плащка, кителге кадалат. Чыгарып коймо погондор костюмга, көйнөктөргө, күрмөгө тагылат. Погондор кочкул көк түстө, ал эми ак түстөгү көйнөккө – кочкул көк же ак түстө болот.
6. Айырмалоочу белгилердин сүрөттөлүшү:
– айырмалоочу белги алтын түстөгү он нурдан турган, узундугу боюнча кезектешип турган рельефтүү нурлары бар нурлуу розетканы билдирет. Борборунда жука алтын милте менен курчалган, эмаль менен капталган жашыл түстөгү беш бурчтук жайгашкан. Белги металлдан штамптоо ыкмасы менен жасалат, 3-сүрөткө ылайык.
Башкы административдик кызматтарды ээлеген мамлекеттик инспекторлордун погондору өзгөчө токулган күмүш түстөгү жиптен даярдалат, жарык чагылдырбайт, нооту менен капталган.
7. Мамлекеттик кызматтын кеңешчиси класстык чени бар мамлекеттик инспектордун погонунун талаачасына, 3-сүрөткө ылайык:
– 1-класстагы, диаметри 20 мм болгон 3 жылдыз тигилет;
– 2-класстагы, диаметри 20 мм болгон 2 жылдыз тигилет;
– 3-класстагы, диаметри 20 мм болгон 1 жылдыз тигилет.
Улук жана кенже административдик кызматтарды ээлеген мамлекеттик инспекторлордун погондору.
Кочкул көк түстөгү жиптен жасалып, нооту менен кыюуланат. Погондордо ачык жашыл түстөгү бир жылчык бар.
Мамлекеттик кызмат инспектору класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун погонунун талаачасына:
– 1-класстагы, диаметри 13 мм болгон 4 жылдыз бекитилет;
– 2-класстагы, диаметри 13 мм болгон 3 жылдыз бекитилет;
– 3-класстагы, диаметри 13 мм болгон 2 жылдыз бекитилет;
– мамлекеттик кызматтын кенже инспектору ченине диаметри 13 мм болгон 1 жылдыз бекитилет.
8. Форманын түсү:
Кочкул көк, кочкул көк камуфляж
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин ведомстволук форма кийиминин сүрөттөлүшү
1. Баш кийимдеги кокарда
Баш кийимдеги кокарда алтын түстөгү томпойгон сүйрү розетка түрүндө металлдан туташ куюлуп жасалат, дал ортосуна Кыргыз Республикасынын символика белгисинин элементтери жайгашкан, символика белгисинин алкагынан кокарданын четтерине чейин гофрирленген бетке ээ.
Кокарданын арт жагындагы дал ортосуна – аны баш кийимге бекитүү үчүн бекиткич жасалат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясий кызматтагы адамдар үчүн кокарда алтын түстүү жип менен саймаланат.
2. Эмблема.
Эмблема – кош алкактуу, кара-алтын түстөгү тегерек белги болуп саналат, анда “ФИТОСАНИТАРДЫК КӨЗӨМӨЛ” жана “PHYTOSANITARY CONTROL” деген жазуулар камтылган. Борборунда күн нурлары менен курчалган карантиндин жана өсүмдүктөрдү коргоонун эл аралык символу болгон жылан оролгон машак сүрөттөлгөн.
3. Шеврон жана төш белгилер
Шеврон жана төшкө белгилер жеңге жана төшкө тагылуучу айырмалоочу белгилер болуп саналат. Алар текстиль негизинде (кебез кездеме) сайма же кездеме чиймеси ыкмасы менен даярдалат, ошондой эле ПВХ материалынан жасалышы мүмкүн. Белгиленген үлгүдөгү кителдин, пальтонун же көйнөктүн жеңдерине жана көкүрөк бөлүгүнө жайгаштырууга арналган. Айырмалоочу белгилер кызматка тиешелүүлүктү аныктоо жана иш багыттарын белгилөө үчүн кызмат кылат, 1-сүрөткө ылайык.
Оң жагынан, жеңдин жогорку бөлүгүндө “ФИТОСАНИТАРДЫК КӨЗӨМӨЛ” деген жазуусу бар шеврон жайгаштырылат, ал эми көкүрөктө, чөнтөктөн жогору “ФИТОКОНТРОЛЬ” деген төшкө белги жайгаштырылат.
Сол жагынан, жеңдин жогорку бөлүгүндө “Кыргыз Республикасынын Герби” шеврону жайгаштырылат, ал эми көкүрөктө, чөнтөктөн жогору “КЫРГЫЗСТАН” төш белгиси жайгаштырылат.
4. Топчулар
Топчулар металлдан жасалып, алтын түстө, чөйчөкчөдөн, түпчөдөн, көзөнөктөн же бекиткичтен турат. Үстүңкү астынкы бети томпок, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин рельефтүү сүрөтү түшүрүлгөн. Топчуларды сары, кочкул жашыл жана изумрут-жашыл түстөгү пластмассадан жасоого жол берилет, диаметри 14 мм жана 22 мм.
5. Ийинге тагылуучу погондор
Ийинге тагылуучу погондор пальтого, плащка, кителге, күрмөгө жана көйнөккө кадалат. Погон жумшагыраак кездемеден, жарыш кеткен узун жактары бар чоюлган алты бурчтук түрүндө болот, анын төмөнкү учу тик бурчтуу, ал эми жогорку учу кесик жагынан кең бурч болуп бүтүп, төмөнкү четине жарыш кетет.
Погондун узундугу 12-16 см, мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар адамдар үчүн погондун туурасы – 5,5 см, башкы кызматтан кенже кызматка чейин класстык чени бар адамдар үчүн – 4-5,5 см.
Погондун четтери, төмөн жагынан башкасы кочкул көк түстөгү нооту менен кырланат, милтенин туурасы – 2,5 мм.
Тигилүүчү погондор пальтого, плащка, кителге кадалат. Чыгарып коймо погондор костюмга, көйнөктөргө, күрмөгө тагылат. Погондор кочкул көк түстө, ал эми ак түстөгү көйнөккө – күмүш же ак түстө болот.
6. Айырмалоочу белгилердин сүрөттөлүшү:
– айырмалоочу белги алтын түстөгү он нурдан турган, узундугу боюнча кезектешип турган рельефтүү нурлары бар нурлуу розетканы билдирет. Борборунда жука алтын милте менен курчалган, эмаль менен капталган жашыл түстөгү беш бурчтук жайгашкан. Белги металлдан штамптоо ыкмасы менен жасалат, 3-сүрөткө ылайык.
Башкы административдик кызматтарды ээлеген мамлекеттик инспекторлордун погондору өзгөчө токулган көк түстөгү жиптен даярдалат, жарык чагылдырбайт, нооту менен кыюуланат.
7. Мамлекеттик кызматтын кеңешчиси класстык чени бар мамлекеттик инспектордун погонунун талаачасына, 2-сүрөткө ылайык:
– 1-класстагы, диаметри 20 мм болгон 3 жылдыз тигилет;
– 2-класстагы, диаметри 20 мм болгон 2 жылдыз тигилет;
– 3-класстагы, диаметри 20 мм болгон 1 жылдыз тигилет.
Улук жана кенже административдик кызматтарды ээлеген мамлекеттик инспекторлордун погондору.
Кочкул көк түстөгү жиптен жасалып, нооту менен кыюуланат. Погондордо ачык жашыл түстөгү бир жылчык бар.
Мамлекеттик кызмат инспектору класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун погонунун талаачасына:
– 1-класстагы, диаметри 13 мм болгон 4 жылдыз бекитилет;
– 2-класстагы, диаметри 13 мм болгон 3 жылдыз бекитилет;
– 3-класстагы, диаметри 13 мм болгон 2 жылдыз бекитилет;
– мамлекеттик кызматтын кенже инспектору ченине диаметри 13 мм болгон 1 жылдыз бекитилет.
8. Форманын түсү:
Ведомстволук форма кийими бирдиктүү стилде иштелип чыгат жана негизги кочкул көк түстө (лампасыз) жасалат, күнүмдүк, салтанаттуу жана талаачылык ведомстволук кийим формасынын негизги элементтери үчүн колдонулат.
Талаачылык форма кийими кочкул көк түстө же көк камуфляж түрүндө иштелип чыгышы мүмкүн. Жогорку температура шарттарында талаачылык формасынын айрым элементтерин боз түстө колдонууга жол берилет.
4-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын ведомстволук форма
кийиминин сүрөттөлүшү
1. Баш кийимдеги кокарда
Баш кийимдеги кокарда алтын түстөгү томпойгон сүйрү розетка түрүндө металлдан туташ куюлуп жасалат, дал ортосуна Кыргыз Республикасынын символика белгисинин элементтери жайгашкан, символика белгисинин алкагынан кокарданын четтерине чейин гофрирленген бетке ээ.
Кокарданын арт жагындагы дал ортосуна – аны баш кийимге бекитүү үчүн бекиткич жасалат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясий кызматтагы адамдар үчүн кокарда алтын түстүү жип менен саймаланат.
2. Эмблема.
Эмблема эки түрдө даярдалат:
– тагылуучу – пахта кездемесинин негизинде жасалат жана формалык кийимге тагылууга арналган. Эки алкактуу, көк түстөгү тегерек белги түрүндө болот. Тышкы шакектин үстүңкү бөлүгүндө ак түстөгү баш тамгалар менен “ВЕТЕРИНАРДЫК ФИТОСАНИТАРДЫК”, ал эми төмөнкү бөлүгүндө “КӨЗӨМӨЛ КЫЗМАТЫ” деген жазуу жайгаштырылат.
– металл варианты – металлдан, бүтүндөй штампталган, алтын түстө жасалат, формалык кийимге төш белги/эмблема катары тагылат.
– эмблеманын композициясы тегерек белгиден турат, анын борборунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жайгаштырылат. Сырткы шакектин жогорку бөлүгүндө баш тамгалар менен “ВЕТЕРИНАРДЫК ФИТОСАНИТАРДЫК”, төмөнкү бөлүгүндө “КӨЗӨМӨЛ КЫЗМАТЫ” деген жазуу жайгаштырылат, 1-сүрөткө ылайык.
3.Шеврон
Шеврон кителдин же пальтонун жеңине тигүү үчүн пахта кездемесинин негизинде жасалат, кездеме чиймеси аркылуу сүрөт түшүрүлөт.
“ВЕТЕРИНАРДЫК ФИТОСАНИТАРДЫК КӨЗӨМӨЛ КЫЗМАТЫ” шевронунун сүрөттөлүшү:
Шеврон тегеректелген үстүнкү бөлүгү жана учтуу ылдыйкы учу бар геральдикалык калкан формасында жасалган.
1) Түс тандоо жана жээктөө
а) негизги фон: кочкул көк, фактуралуу (тигилүүчү/кездеме өңдүү);
б) сырткы жээк: эки контурлуу;
– сырткы милте – кочкул көк;
– ички милте – алтын түстүү (сары);
в) жээктер тегиз жана симметриялуу.
2) Жазуулар:
– шеврондун жогорку бөлүгүндө: “ВЕТЕРИНАРДЫК ФИТОСАНИТАРДЫК”, анын астында “КӨЗӨМӨЛ КЫЗМАТЫ” деген жазуу жайгаштырылган.
– жазуулар сары түстө, чоң шрифт, расмий, так окулуучу, көлөкөсү бир аз түшүрүлүп аткарылган.
3) Борбордук эмблема:
Шеврондун борборунда алтын түстөгү чоң коргоочу калкан жайгашкан.
Калкандын ичинде:
– алтын түстүү жылан салынган идиш;
– элементтердин формасы олуттуу, симметриялуу жана визуалдык тең салмакта аткарылган, 1-сүрөткө ылайык.
4. Топчулар
Топчулар металлдан жасалып, алтын түстө, чөйчөкчөдөн, түпчөдөн, көзөнөктөн же бекиткичтен турат. Үстүңкү астынкы бети томпок, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин рельефтүү сүрөтү түшүрүлгөн. Топчуларды сары, кочкул көк жана изумрут-көк түстөгү пластмассадан жасоого жол берилет, диаметри 14 мм жана 22 мм.
5. Ийинге тагылуучу погондор
Ийинге тагылуучу погондор пальтого, плащка, кителге, күрмөгө жана көйнөккө кадалат. Погон жумшагыраак кездемеден, жарыш кеткен узун жактары бар чоюлган алты бурчтук түрүндө болот, анын төмөнкү учу тик бурчтуу, ал эми жогорку учу кесик жагынан кең бурч болуп бүтүп, төмөнкү четине жарыш кетет.
Погондун узундугу 12-16 см, мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар адамдар үчүн погондун туурасы – 5,5 см, башкы кызматтан кенже кызматка чейин класстык чени бар адамдар үчүн – 4-5,5 см.
Погондун четтери, төмөн жагынан башкасы кочкул көк түстөгү нооту менен кыюуланат, милтенин туурасы – 2,5 мм.
Тагылуучу погондор пальтого, плащка, кителге кадалат. Чыгарып коймо погондор костюмга, көйнөктөргө, күрмөгө тагылат. Погондор кочкул көк түстө, ал эми ак түстөгү көйнөккө – күмүш же ак түстө болот.
6. Айырмалоочу белгилердин сүрөттөлүшү:
– айырмалоочу белги алтын түстөгү он нурдан турган, узундугу боюнча кезектешип турган рельефтүү нурлары бар нурлуу розетканы билдирет. Борборунда жука алтын милте менен курчалган, эмаль менен капталган жашыл түстөгү беш бурчтук жайгашкан. Белги металлдан штамптоо ыкмасы менен жасалат, 3-сүрөткө ылайык.
Башкы административдик кызматтарды ээлеген мамлекеттик инспекторлордун погондору өзгөчө токулган көк түстөгү жиптен даярдалат, жарык чагылдырбайт, нооту менен кыюуланат.
7. Мамлекеттик кызматтын кеңешчиси класстык чени бар мамлекеттик инспектордун погонунун талаачасына, 3-сүрөткө ылайык:
– 1-класстагы, диаметри 20 мм болгон 3 жылдыз тигилет;
– 2-класстагы, диаметри 20 мм болгон 2 жылдыз тигилет;
– 3-класстагы, диаметри 20 мм болгон 1 жылдыз тигилет.
Улук жана кенже административдик кызматтарды ээлеген мамлекеттик инспекторлордун погондору кочкул көк түстөгү жиптен жасалып, нооту менен кыюуланат. Погондордо ачык жашыл түстөгү бир жылчык бар.
Мамлекеттик кызмат инспектору класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун погонунун талаачасына:
– 1-класстагы, диаметри 13 мм болгон 4 жылдыз бекитилет;
– 2-класстагы, диаметри 13 мм болгон 3 жылдыз бекитилет;
– 3-класстагы, диаметри 13 мм болгон 2 жылдыз бекитилет;
– мамлекеттик кызматтын кенже инспектору ченине диаметри 13 мм болгон 1 жылдыз бекитилет.
8. Форманын түсү: кочкул көк, кочкул көк камуфляж.
2-сүрөт.
5-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын ведомстволук форма
кийиминин сүрөттөлүшү
1. Баш кийимдеги кокарда
Баш кийимдеги кокарда алтын түстөгү томпойгон сүйрү розетка түрүндө металлдан туташ куюлуп жасалат, дал ортосуна Кыргыз Республикасынын символика белгисинин элементтери жайгашкан, символика белгисинин алкагынан кокарданын четтерине чейин гофрирленген бетке ээ.
Кокарданын арт жагындагы дал ортосуна – аны баш кийимге бекитүү үчүн бекиткич жасалат.
Жогорку курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн кокарда алтын түстүү жип менен саймаланат.
2.Эмблема. Эмблема – борборунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жайгашкан, тегерек белги болуп саналат. Тышкы шакектин жогорку бөлүгүндө баш тамгалар менен “ЖЕРДИ ЖАНА СУУНУ КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТ”, ал эми төмөнкү бөлүгүндө «СЛУЖБА ПО ЗЕМЕЛЬНОМУ И ВОДНОМУ НАДЗОРУ» деген жазуу жайгаштырылган.
3.Шеврон. Шеврон кителдин же пальтонун же көйнөктүн жеңине тигүү үчүн пахта кездемесинин негизинде жасалат, кездеме чиймеси аркылуу эмблема сүрөтү түшүрүлөт, 1-сүрөткө ылайык.
4. Топчулар
Топчулар металлдан жасалып, алтын түстө, чөйчөкчөдөн, түпчөдөн, көзөнөктөн же бекиткичтен турат. Үстүңкү астынкы бети томпок, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин рельефтүү сүрөтү түшүрүлгөн. Топчуларды сары, кочкул жашыл жана изумрут-жашыл түстөгү пластмассадан жасоого жол берилет, диаметри 14 мм жана 22 мм.
5. Ийинге тагылуучу погондор
Ийинге тагылуучу погондор бушлатка, кителге жана көйнөккө кадалат. Погон жумшагыраак кездемеден, жарыш кеткен узун жактары бар чоюлган алты бурчтук түрүндө болот, анын төмөнкү учу тик бурчтуу, ал эми жогорку учу кесик жагынан кең бурч болуп бүтүп, төмөнкү четине жарыш кетет.
Погондун узундугу 12-16 см, жогорку жана саясий кызматтагы атайын наамы бар адамдар үчүн погондун туурасы – 5,5 см, башкы кызматтан кенже кызматка чейин атайын наамы бар адамдар үчү – 4-5,5 см.
Погондун четтери, төмөн жагынан башкасы жашыл түстөгү нооту менен кыюуланат, милтенин туурасы – 2,5 мм.
Тагылуучу погондор бушлатка жана кителге кадалат. Чыгарып коймо погондор костюмга, көйнөктөргө тагылат. Погондор кочкул көк түстө, ал эми ак түстөгү көйнөккө – ак түстө болот.
6. Айырмалоочу белгилердин сүрөттөлүшү:
– айырмалоочу белги алтын түстөгү он нурдан турган, узундугу боюнча кезектешип турган рельефтүү нурлары бар нурлуу розетканы билдирет. Борборунда жука алтын милте менен курчалган, эмаль менен капталган жашыл түстөгү беш бурчтук жайгашкан. Белги металлдан штамптоо ыкмасы менен жасалат, 2-сүрөткө ылайык.
7. Жогорку кызматтагы кызматкерлердин погондору
Погондор өзгөчө токулган кочкул көк түстөгү жиптен жасалып, жылчыгы жок, нооту менен кыюуланат.
Мамлекеттик кызматтын кеңешчиси класстык чени бар мамлекеттик инспектордун погонунун талаачасына, 2-сүрөткө ылайык:
– 1-класстагы, диаметри 20 мм болгон 3 жылдыз тигилет;
– 2-класстагы, диаметри 20 мм болгон 2 жылдыз тигилет;
– 3-класстагы, диаметри 20 мм болгон 1 жылдыз тигилет.
Улук жана кенже административдик кызматтарды ээлеген мамлекеттик инспекторлордун погондору кочкул көк түстөгү жиптен жасалып, нооту менен кыюуланат. Погондордо ачык жашыл түстөгү бир жылчык бар.
Мамлекеттик кызмат инспектору класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун погонунун талаачасына:
– 1-класстагы, диаметри 13 мм болгон 4 жылдыз бекитилет;
– 2-класстагы, диаметри 13 мм болгон 3 жылдыз бекитилет;
– 3-класстагы, диаметри 13 мм болгон 2 жылдыз бекитилет;
– мамлекеттик кызматтын кенже инспектору ченине диаметри 13 мм болгон 1 жылдыз бекитилет.
Кызматтын мамлекеттик кызматтын кенже инспекторунун класстык чени бар кызматкеринин погонуна диаметри 13 мм болгон бир ондук томпок металл жылдызча кадалат.
Жогорку, улук, ортоңку курамдагы атайын наамдары бар адамдардын салтанаттуу погондору алтын түстүү жиптен жасалат.
Погондордогу жылдызчалар аскер кызматкерлеринин погондорундагы жылдыздардын жайгашуусуна окшош жайгаштырылат.
8. Форманын түсү: кочкул көк, кочкул көк камуфляж.