Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-апрели № 14
Жер тилкесин “Р-1” зонасынан “Ж-1” зонасына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34 жана 36-беренелерине ылайык, Тагаева Ж.А.нын 2026-жылдын 18-мартындагы № Т-9 кайрылуусунун негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Балта шаары, 8-Март көчөсү № 117 дарегинде жайгашкан жер тилкеси “Р-1” зонасынан “Ж-1” зонасына которулсун.
2.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн юстиция министирлигине жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Балта шаардык кеңешинин өнөр жай, транспорт, ишкердик, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Кара-Балта шаарынын мэри А.К. Исаковго жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы |
| М. Дуйшеналиев |