Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 16-апрели № 256
«Акылман» президенттик лицейи» мекемесинин бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн чет өлкөлүк билим берүү уюмдарында окуу үчүн мамлекеттик билим берүү грантын алуусунун тартибин бекитүү жөнүндө
«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. «Акылман» президенттик лицейи» мекемесинин бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн чет өлкөлүк билим берүү уюмдарында окуу үчүн мамлекеттик билим берүү грантын алуусунун тартиби 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. «Акылман» президенттик лицейи» мекемесинин бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик билим берүү гранттарын берүү боюнча мамлекеттик гранттык комиссия 2-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
3. «Акылман» президенттик лицейи» мекемесинин бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик билим берүү гранттарын берүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги аныкталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 21-апрелиндеги № 30 (3790) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |