Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 256 токтомуна)
|
«Акылман» президенттик лицейи» мекемесинин
бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик билим берүү гранттарын
берүү боюнча мамлекеттик гранттык комиссиянын
курамы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тиешелүү багыттарды тейлеген орун басары, Мамлекеттик гранттык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри, Мамлекеттик гранттык комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, Мамлекеттик гранттык комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары, Мамлекеттик гранттык комиссиянын катчысы.
Мамлекеттик гранттык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын энергетика министри;
Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри;
Кыргыз Республикасынын агартуу министри;
Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары – укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы.