Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылдын 20-майы №11
“Сары-Талаа жер тилкеси жөнүндө”
Сары-Талаа жер тилкесинин “МТС Көк-Ирим” муниципалдык ишканасына көмөкчү чарба катары берилген мөөнөтүнүн бүткөндүгү боюнча Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш туруктуу комиссиясынын төрагасы Иманбек уулу Эрболоттун маалыматын угуп жана Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбаевдин Сары-Талаа жер тилкесин бир жылга убактылуу «Атай» муниципалдык ишканасына берүү боюнча өтүнүчүн угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги чакырылган ачык IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Талаа жер тилкеси 2024-жылдын 31-декабрына чейин, “Атай” муниципалдык ишканасына сыноо мөөнөтү менен убактылуу пайдаланууга берилсин.
2.Сары-Талаа жер тилкесинин аянтын тактоо, “МТС Көк-Ирим” муниципалдык ишканасынын счетундагы акча каражаттарын жана карамагындагы техникаларды толук түрдө “Атай” муниципалдык ишканасына өткөрүп алуу жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3.Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш туруктуу комиссиясынын төрагасы Иманбек уулу Эрболотко жана Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Эпеев Акылбек Молдожумаевичке тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
Н.Мейманбеков |