Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-февралы № 139
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөө маселелерин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Конкурстук тандоосуз кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызмат орундарынын тизмегинде:
1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Биологиялык жана геномдук-молекулярдык экспертиза жаатындагы адистердин кызмат орундары.".
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бекитилген штаттык санынын жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде ишке ашырылат.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |