Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХII кезексиз отуруму
2024-жылдын 19-апрели № 115
Куршаб айыл өкмөтүнүн карамагында «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
КР Министрлер Кабинетинин Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде КР жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө №52 токтомуна ылайык Куршаб айыл аймагындагы мамлекеттик жайыт жерлеринин инфраструктурасын пайладалануу, күтүү жана сууну эксплатациялоо, күтүү жана сугат жерлерине ээлик кылган жана пайдаланган жактарга келишимдик шарттарда бөлүштүрүү боюнча иштерди жүргүзүү, айыл аймагын тазалоо жана жашылдандыруу максатында Куршаб айыл өкмөтүнүн карамагында муниципалдык ишканасын түзүү маселесин Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган ) ХХII кезексиз отурумунун күн тартибинде каралып, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. КР Министрлер Кабинетинин Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде КР жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө №52 токтомуна ылайык Куршаб айыл аймагында жайыт жерлерин, ирригациялык системаларын, таза сууну, айыл аймагын жашылдандыруу жана тазалыкты башкаруу үчүн “Куршаб тазалык” муниципалдык ишканасы “Куршаб өнүгүү” муниципалдык ишканасы болуп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. АТР алкагында «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынын уставын иштеп чыгуу, мамлекеттик каттоодон өткөрүү, түзүмүн жана штаттык санын бекитүү, зарыл уюштуруу-укуктук ченемдерди иштеп чыгуу жана керектүү иш кагаздарын, документтерин даярдап берүү жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика жана Айыл чарба, суу чарба, мелорация, экология, ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Б.Э.Жумаев |