Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 256 токтомуна) |
«Акылман» президенттик лицейи» мекемесинин бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн чет өлкөлүк билим берүү уюмдарында окуу үчүн мамлекеттик билим берүү грантын алуусунун
тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул «Акылман» президенттик лицейи» мекемесинин (мындан ары – «Акылман» президенттик лицейи) бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн чет өлкөлүк билим берүү уюмдарында окуу үчүн мамлекеттик билим берүү грантын алуусунун тартиби (мындан ары – Тартип) «Акылман» президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн чет өлкөлүк билим берүү уюмдарында (мындан ары – билим берүү уюмдары) окуу үчүн мамлекеттик билим берүү грантын берүү жол-жоболорун, конкурстук тандоо өткөрүү тартибин, грант алуучулар менен келишим түзүү шарттарын, алар менен өз ара аракеттенүү тартибин, ошондой эле окутуу үчүн даярдоо багыттарын аныктайт.
2. «Акылман» президенттик лицейинин чет өлкөлүк билим берүү уюмдарына кабыл алынган бүтүрүүчүлөрү, талапкер окууга кабыл алынган учурда билим берүү уюмдарынын же QS World University Rankings, Times Higher Education, US News & World Report жана Academic Ranking of World Universities (Shanghai Ranking) тарабынан жарыяланган билим берүү программаларынын дүйнөлүк рейтингдеринин алдынкы 100үнө кирсе, мамлекеттик билим берүү грантын алууга укуктуу.
3. Мамлекеттик билим берүү гранты кесиптик жогорку билим берүүгө (бакалавр) 3 жылдан 6 жылга чейинки мөөнөткө жана кесиптик орто билим берүүгө даярдоо багыттары боюнча 2 жылдан 4 жылга чейинки мөөнөткө, бирок тиешелүү билим берүү уюмунун окуу планында каралган мөөнөттөн ашпаган убакытка берилет. Кесиптик орто билим берүү багыттары боюнча «Акылман» президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү орто жалпы билим берүү аяктагандан кийин тапшыра алат.
4. Мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмү кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн программалары боюнча бир окуу жылы үчүн бир билим алуучуга 50 000 (элүү миң) АКШ долларына чейин түзөт.
5. Эгерде окутуунун наркы 50 000 (элүү миң) АКШ долларынан аз болсо, төлөм окутууга кеткен иш жүзүндөгү чыгымдардын өлчөмүндө жүргүзүлөт; гранттын максималдуу өлчөмү менен окутуунун иш жүзүндөгү наркынын ортосундагы айырма грант алуучуга төлөнүп берилбейт.
6. Окутуунун наркы мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүнөн ашып кеткен учурда айырманы төлөө үчүн жоопкерчилик грант алуучуга жүктөлөт.
7. «Акылман» президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик билим берүү грантын алууга жылдык квотасы Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктуу болгон даярдоо багыттары боюнча 50 талапкерди түзөт.
8. Даярдоонун артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
– техникалык жана инженердик;
– медициналык;
– экономикалык;
– социалдык-гуманитардык.
Квотадагы багыттардын катышы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлүүчү «Акылман» президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик билим берүү гранттарын берүү боюнча мамлекеттик гранттык комиссия (мындан ары – Мамлекеттик гранттык комиссия) тарабынан аныкталат.
9. «Акылман» президенттик лицейинин бүтүрүүчүсү дүйнөлүк рейтингдерге кирген чет өлкөлүк билим берүү уюмдарында окуунун наркын жабууга толук грант алган учурда, ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган өлчөмдө мамлекеттик стипендия төлөнөт.
10. «Акылман» президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү менчигинин түрүнө карабастан чет мамлекеттердин билим берүү уюмдарында окуу үчүн ушул Тартипте белгиленген квотанын чегинде мамлекеттик билим берүү грантын алууга талапкер болууга укуктуу.
11. Мамлекеттик билим берүү гранты магистратура жана PhD доктор программалары боюнча экинчи жогорку билим алуу үчүн колдонулбайт.
12. Мамлекеттик билим берүү грантын каржылоо тиешелүү финансылык жылга каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
2. Мамлекеттик гранттык комиссиянын ыйгарым укуктары жана анын ишин уюштуруу
13. Мамлекеттик билим берүү грантын алууга талапкерлерди конкурстук тандоо Мамлекеттик гранттык комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
14. Мамлекеттик гранттык комиссия ушул Тартипке ылайык мамлекеттик билим берүү грантын берүү үчүн талапкерлерди тандоону жүзөгө ашырат.
15. Мамлекеттик гранттык комиссиянын өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алынган чечимдери тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат.
16. Мамлекеттик гранттык комиссия:
– талапкерлер тарабынан берилген документтерди карайт;
– чет өлкөдө окууга талапкерлерди тандоону жүргүзөт;
– конкурска катышууга уруксат берилген талапкерлер менен аңгемелешүү жүргүзөт;
– конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тизмесин аныктайт;
– окуу жылынын жыйынтыгы боюнча канааттандырарлык эмес натыйжаларды көрсөткөн окуучуларды каржылоону тиешелүү окуу мезгили үчүн мамлекеттик же расмий тилге котормосу менен берилген жетишкендиктери жөнүндө расмий документтин негизинде токтотуу укугу берилет;
– зарыл болгон учурда жумушчу комиссияларды түзөт;
– Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) отчетторун угат;
– ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
– чет өлкөдө окуу үчүн мамлекеттик билим берүү гранттарын бөлүү жол-жоболорун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды киргизет.
17. Мамлекеттик гранттык комиссиянын жыйыны анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышканда укук ченемдүү болот. Пландан тышкаркы жыйындар зарылдыгына жараша жогоруда аталган комиссиянын төрагасынын чечими боюнча өткөрүлөт.
18. Мамлекеттик гранттык комиссиянын төрагасы анын ишин ушул Тартипке жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык уюштурат.
19. Мамлекеттик гранттык комиссиянын кароосуна берилүүчү документтердин аныктыгы жана объективдүүлүгү үчүн жоопкерчиликти анын катчысы тартат.
20. Мамлекеттик гранттык комиссиянын чечимдери жогоруда аталган комиссиянын жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн санынын үчтөн экисинен кем эмесинин добуштары аркылуу ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
3. Талапкерлердин документтерин кабыл алуу жана кароо тартиби
21. Конкурска катышуу үчүн «Акылман» президенттик лицейинин учурдагы жылдын бүтүрүүчүлөрүнө лицейди аяктагандан кийин уруксат берилет.
22. Конкурска катышуу үчүн талапкерлер төмөнкүдөй документтерди берет:
1) ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз;
2) ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча талапкердин анкетасы жана мотивациялык каты (эссеси);
3) паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөлөрү;
4) «Акылман» президенттик лицейи тарабынан берилген орто жалпы билим жөнүндө аттестаттын көчүрмөсү;
5) чет өлкөлүк билим берүү уюмуна сөзсүз кабыл алынгандыгын ырастоочу расмий түрдө ырасталган документ;
6) чет тилин билгендигин ырастоочу документтер;
7) «Акылман» президенттик лицейинин жетекчилигинин сунуштамалары.
23. Кийинки курстарда окууну улантуу жана мамлекеттик билим берүү грантын алуу үчүн жыл сайын төмөнкүлөрдү берүү зарыл:
1) кийинки окуу курсуна которулгандыгын ырастоочу документ;
2) тиешелүү окуу мезгили үчүн мамлекеттик же расмий тилге котормосу менен берилген жетишкендиктери жөнүндө расмий документ.
24. Талапкерлерди тандоо боюнча ишти координациялоо үчүн ыйгарым укуктуу органда катчылык түзүлөт.
25. Документтерди кабыл алуу жана конкурсту өткөрүү мөөнөттөрү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет жана документтерди кабыл алуу башталганга чейин 14 (он тɵрт) календардык күндөн кечиктирилбестен жарыяланат. Документтерди кабыл алуу мезгили 30 (отуз) календардык күндөн кем эмести түзөт.
26. Документтер талапкерлер тарабынан ыйгарым укуктуу органдын веб-порталы аркылуу берилет.
27. Документтерди кароонун натыйжалары боюнча талапкерге конкурска катышууга уруксат берилгени тууралуу кабарлама же жүйөлүү баш тартуу жиберилет.
28. Шайкеш келбестиктер аныкталган учурда талапкер аларды жок кылууга жана белгиленген мөөнөттө документтерди кайрадан тапшырууга укуктуу.
29. Конкурска катышууга уруксат берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер төмөнкүлөр болуп саналат:
1) документтердин толук эмес топтомун берүү;
2) атайылап жалган маалыматтарды берүү.
30. Атайылап жалган маалыматтар аныкталган учурда талапкер учурдагы жылда конкурска катышуу укугун жоготот.
4. Конкурстук тандоону уюштуруу жана өткөрүү
31. Конкурстук тандоо эки турда өткөрүлөт.
32. Биринчи турда ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Тартиптин 3-главасына ылайык документтерди тандоо жүргүзүлөт.
33. Экинчи турда Мамлекеттик гранттык комиссия мамлекеттик билим берүү грантын берүү жөнүндө же берүүдөн баш тартуу жөнүндө акыркы чечимди кабыл алат.
34. Конкурстун натыйжалары жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
5. Келишим түзүү, аны аткаруу жана токтотуу тартиби
35. Конкурстун жеңүүчүсү Мамлекеттик гранттык комиссия чечим кабыл алган күндөн тартып 90 (токсон) календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген типтүү форма боюнча ыйгарым укуктуу орган менен келишим түзөт.
36. Келишим тараптардын өз ара милдеттенмелерин, окутуу шарттарын, мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, иши республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржыланган же уставдык капиталында мамлекеттик үлүш бар мекемелерде, уюмдарда же ишканаларда 2 (эки) жылдык мөөнөткө иштеп берүүнү жүзөгө ашыруу шарттарын, ошондой эле келишимде каралган учурларда чыгымдардын ордун толтуруу тартибин аныктайт.
37. Чет өлкөдө окууга байланышкан чыгымдарды төлөө келишим түзүлгөндөн кийин жүргүзүлөт. Келишим билим берүү уюмдарына акча которууга укук берген негизги документ болуп саналат.
38. Чет өлкөлүк өнөктөштөр менен өз ара эсептешүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин грант алуучулар ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен келишимде каралган мөөнөткө чет өлкөлүк билим берүү уюмдарына окууга жиберилет.
39. Грант алуучу чет өлкөлүк билим берүү уюмунда окуусун улантып жаткандыгын жана академиялык жетишкендиктерин ырастоочу документтерди келишимде аныкталган тартипте жана мөөнөттөрдө ыйгарым укуктуу органга берүү жолу менен каржылоого укугун жыл сайын ырастайт.
40. Келишимдин шарттары бузулган, чет өлкөлүк билим берүү уюмунан окуудан чыгарылган, жүйөлүү себептерсиз академиялык өргүүгө чыккан, башка билим берүү программасына которулган, академиялык жетишпегендик болгон же ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө отчеттук документтер берилбеген, келишимде белгиленген тартипте иштеп берүүдөн баш тарткан учурларда мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен каржылоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган датадан тартып токтотулат.
Ушул пунктта белгиленген бузуулар аныкталган учурда грант алуучу келишимдин шарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык окутууга кеткен чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү.