Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХIII кезексиз отуруму
2024-жылдын 23-майы № 116
Куршаб айылдык кеңешинин 1995-жылдын 18-декабрындагы №99 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 25-апрель 2024-жылдагы №01-66/98 сандуу катынын жана Куршаб айыл өкмөтүнүн Куршаб айылдык кеңешине жолдонгон 13-май 2024-жыл №339 өтүнүч катынын негизинде Куршаб айылдык кеңешинин эл депутаттарынын 18.12.1995-жылдагы №99 чечимин жокко чыгаруу маселесин Куршаб айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап, талкулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Куршаб айылдык кеңешинин эл депутаттарынын 18.12.1995-жылдагы №99 “Афган жеринде кызмат өтөп келген жаштар уюмунун жетекчиси Калбаев Анарбай Нуркамиловичке М.Орозбаев көчөсүндө жайгашкан жаңы байланыш бөлүмүнүн чыгыш жагынан жалпы аянты 0,08га жер ажыратылып, аксакалдар чайканасын ачууга уруксат берилсин” деп кабыл алынган чечими мыйзамсыз болгондуктан жокко чыгарылсын.
2. Ушул токтомдун мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жана тиешелүү органдарга кайрылуу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Б.Э.Жумаев |