Редакцияот 13.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫ

 

2023-жылдын 13-июну № 2

 

Таш-Булак айыл өкмөтүнүн атайын каражатына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 119-беренесинин жана Таш-Булак айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Акматбекованын кайрылуусун карап жана талкуулап Таш-Булак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-июнундагы кезексиз XXII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн “Ынтымак бир" балдар бакчасы курулуп Таш-Булак айылдык кеңешинин ХХ сессиясынын №9-токтомунун негизинде ачылып каржылоо булактарын бюджетке алынгандыгын эске алып, ата – энелер эсебинен тамак-аш үчүн чогултулган акча каражаты 1200,0 (бир миллион эки жүз мин) сомго планы көбөйтүлсүн.

2. "Ынтымак айылдык ден соолук комитети" 1000,0 (бир миллион) сомдук долбоор утуп алган, ал эми акча каражаты "Хелси Фьючер" компаниясы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебине (14411100) кодуна которуу үчүн Таш-Булак айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын планына киргизилсин.

3. Таш-Булак айыл өкмөтүнө жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу тарабынан долбоор окутуу үчүн 18,0 (он сегиз миң) сомдук долбоор Таш-Булак айыл өкмөтүнүн атайын каражатына киргизилсин.

4. Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.

5. Токтомду өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Таш-Булак айылдык

кеңешинин төрайымы

 

М.С. Алтыбаева