Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХIII кезексиз отуруму
2024-жылдын 23-майы № 119
“Бакы” айыл чарба кооперативин уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-июнундагы “Кооперативдер жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде Куршаб айылдык кеңешинин Айыл чарба, суу чарба, мелорация, экология, ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясы “Бакы” айыл чарба кооперативин уюштуруу жөнүндөгү маселесин алдын ала карап чыгып, Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХIII кезексиз отурумунун күн тартибинде талкууланып Куршаб айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагында “Бакы” айыл чарба кооперативин уюштурууга макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин Айыл чарба, суу чарба, мелорация, экология, ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Б.Э.Жумаев |