ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫ
2023-жылдын 13-июну № 8
Жаңы-Арал айылындагы аты жок көчөсүнө Ташматов Кадырмаматтын атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну" жетекчиликке алып, Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Арал айылынын тургуну А.Ташматовдун жазган арызын жана 2023-жылдын 12-майындагы өткөрүлгөн чогулуштун чечимин карап чыгып жана талкуулап, Таш-Булак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-июнундагы кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну" жетекчиликке алып, түндүк чыгыш тарабынан резиденция көчөсү менен түштүк батыш тарабынан Каримбеков Арзы көчөсү менен чектешкен Жаңы Арал айылындагы жаңы көчөгө “Ташматов Кадырмамат"тын аты ыйгарылсын.
2. Бул көчөдөгү үйлөрдү номерациялоо, вывескаларды даярдап илдирүү жана ошол көчөнү өздөштүрүү иштерин алып баруу жагы А. Ташматовго жүктөлсүн.
3. "Ташматов Кадырмаматтын" аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана тиешелүү мекеме, уюмдарга маалымдоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрайымы |
| М.С. Алтыбаева |