Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХIII кезексиз отуруму
2024-жылдын 23-майы № 123
Эрдик айылына барчуу негизги жол жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу Эрдик айылына барчуу негизги жолду Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин карамагына өткөзүп берүү жөнүндөгү маселесин Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХIII кезексиз отурумунун күн тартибинде каралып, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу Эрдик айылына кирүүчү негизги 7 километр жол Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин карамагына өткөрүп берилсин.
2. Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу аталган жолду өткөрүп берүү жагы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы С. Келдибаевге милдеттендирилсин.
3. Көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Б.Э.Жумаев |