Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХIV кезектүү отуруму
2024-жылдын 6-сентябры № 124
Айылдын ардактуу атуулу» деген наамдарын ыйгаруу жөнүндө
Куршаб айылдык кеңешинин 02.07.2018-жылкы ХVII кезектеги отурумунун № 77- токтомунун “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү ЖОБОсуна ылайык, Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезектүү ХХIV отуруму талыкпаган үзүрлүү эмгегин жана калк арасындагы абройун, аткарып жаткан иштерин баалап талкуулап, карап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Шагым айылынын 1955-жылы 10-декабрь күнү туулган Джолборсов Кадырбекке Куршаб айыл аймагынын «ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Шагым айылынын 1958-жылы 28-февраль күнү туулган Алыкулов Примбердиге Куршаб айыл аймагынын «ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
3. Токтомду Куршаб айылдык Кеңешинин 02.07.2018-жылкы ХVII кезектеги отурумунун № 77- токтомунун “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү ЖОБОсуна ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Куршаб айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| Б.Э.Жумаев |