ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXV СЕССИЯСЫ
2023-жылдын 3-октябры № 4
Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону өткөрүү боюнча жумушчу тобун, календардык планын, курултайды өткөрүү күнүн, өтүүчү жайын, делегаттарды көрсөтүү нормасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 15.09.2023-жылдагы №226/6 сандуу буйругун негиздеп Таш-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айыл аймагында Өкүлчүлүктүү жыйын 2023-жылдын 18-ноябрь күнү саат 10:00дө Таш-Булак айылынын маданият үйүнүн имаратында өткөрүлсүн.
2. Таш-Булак айыл аймагы боюнча делегаттардын жалпы саны 150 (бир жүз элүү делегат №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Таш-Булак айыл аймагында Өкүлчүлүктүү жыйындарды даярдоо жана өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй курамда жумушчу топ түзүлсүн.
Жумушчу топтун төрайымы:
1. М.С.Алтыбаева - Айылдык кеңештин төрайымы;
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
2. Т.Монокбаева – депутат;
3. Г.Чомоева – депутат;
4. Н.Мукарамов – депутат;
5. А.Исакова – депутат;
6. С.Джоробаев - айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси;
7. Ш. Тешебаева - Идирисова орто мектебинин директору;
8. С.Азизларходжаева - Таш-Булак орто мектебинин директорунун орун басары;
9. Т.Алимбетова - Октябрдын 40 жылдыгы негизги мектебинин директору;
4. Токтомду аткаруу жагы Таш-Булак айыл аймагында түзүлгөн жумушчу топко жана Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Г.Азимовго милдеттендирилсин.
5. Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Токтомдун өз убагында аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрайымы |
| М.С. Алтыбаева |