Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХIV кезектүү отуруму
2024-жылдын 6-сентябры № 127
Сунушталган долбоорлорго макулдук берүү жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-2026-жылдарга карата бекитилген социалдык-экономикалык планын аткарууга алуу үчүн Өзгөн райондук жана Ош облустук өнүктүрүү фонддорунун дем берүүчү гранттарына долбоорлорду сунуштоого макулдук берүү жөнүндөгү маселесин финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы, алдын ала карап, Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХIV кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Өзгөн өнүктүрүү фондуна сунуштоого төмөнкү тармактарга макулдук берилсин:
-К. Бекмурзаев көчөсүн эки ярустуу жарыктандырууга
-М.Орозбаев көчөсүнүн 300м аралыгын асфальтоого
-А. Камчыбеков көчөсүнө тротуар (вело жол) курууга
-К.Эрматов, А. Таңгатаров, Токтогул жана айыл өкмөтүнүн имаратын жылытуу системасын оңдоого
-С. Жээнчороев көчөсүнө электр мамычаларын алмаштырууга
-Алтын-Ачкыч, Наристе балдар бакчасынын сертификатына
- Кызыл-Колот айылындагы көчөнү асфальттоого
2. Ош облустук өнүктүрүү фондуна сунуштоого төмөнкү тармактарга макулдук берилсин:
- И. Шамшиев көчөсүн асфальттоого
- Маданият үйү театр стул алууга
- Чынар эс алуу багын реконтсрукциялоо долбооруна
- Кыш заводго оборудования алууга
- Таиров көчөсүн асфальттого
3. Дем берүүчү гранд аркылуу ишке ашыруу үчүн төмөнкү тармактарды сунуштоого макулдук берилсин:
-Токтогул мектебинин балдар бакчасынын курулуш имараттын реконструкциялоо
- Т. Алапаков көчөсүн асфальттоо
- К. Эрматов ажаатканасын салууга
- Ленин №5 ажаатканасын салууга
- Токтогул мектебинин жанындагы спорт комплекстин курулушуна
4 Токтомду аткарууга алуу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5 Көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага: |
| Б.Э.Жумаев |