Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХIV кезектүү отуруму
2024-жылдын 6-сентябры № 127-2
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын тогуз айлыгына кошумча план алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 16.05.2016-жылдагы №59 мыйзамынын 109-беренеси 1-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренеси 3- пунктуна ылайык Куршаб айыл өкмөтүнүн 2024- жылдын тогуз айлыгына кошумча план алуу жөнүндөгү маселени Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХIV кезектүү сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 9 айына карата подоход салыгынан 1100,0 сом кыскартылсын жана төмөнкү салыктардан кошумча план алуу
сметасы бекитилсин: Айыл чарба эмес салыктан-600,0 сом, Аренда акы ФПСтен- 1000,0 сом аренда калктуу пунктан – 100,0 сом.
2. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын тогуз айлыгына карата кошумча алынган 1700,0 сом акча каражаты төмөндөгү чыгашалар боюнча жумшалсын:
- Социалдык бөлүмгө 2721-статьяга 200,0 сом
- Айыл чарбага 2215-статьяга 500,0 сом
- Орто мектептерге 2221-статьяга 1000,0 сом
3. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын атайын каражаттар эсебинен ата-энелер төлөмүнө кошумча 800,0сом план алынсын. Чыгашасы : 1.Тамак ашка 2218-статьяга 600,0сом. 2. Башка чыгымдарга 2215 статьяга 200,0сом жумшалсын.
4. Куршаб айыл өкмөтүнүн №3 уведомлениесинин негизинде акча каражаттары көрсөтүлгөн багыттар боюнча жылдырылып жумшалсын.
5. Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6 Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин бюджет, финансы, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| Жумаев Б.Э. |