Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 21-апрели № 52
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары
жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары
3-глава. Мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга жана мамлекеттик сый акыларга сунуштоо, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо, ардак наамдарды ыйгаруу жана мамлекеттик сый акыларды берүү тартиби
4-глава. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына жана мамлекеттик сый акыларына татыктуу болгон адамдардын укуктары жана милдеттери
5-глава. Корутунду жоболор
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын, ардак наамдарынын жана мамлекеттик сый акыларынын укуктук статусун, сыйлангандардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого, ардак наамдарын ыйгарууга жана мамлекеттик сый акыларды берүүгө байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары өзгөчө, коомдук маанидеги натыйжалар, коомдук турмуштун ар кандай чөйрөлөрүндөгү, анын ичинде мамлекетти жана демократиялык коомду коргоодо жана чыңдоодо, элдин биримдигин камсыз кылууда жана өлкөнүн социалдык-экономикалык, саясий, маданий жана руханий потенциалын арттыруудагы эмгектери үчүн сыйлоонун жогорку формасы болуп саналат.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана административдик-аймактык бирдиктери, ошондой эле Кыргыз Республикасына жана элге сиңирген эмгеги бар чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, чет мамлекеттердин юридикалык жактары сыйланат.
Кыргыз Республикасынын ардак наамдары Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын тиешелүү тармагын же иш чөйрөсүн өнүктүрүүгө кошкон көрүнүктүү салымы үчүн ыйгарылат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сый акылары Кыргыз Республикасынын жарандарына көрүнүктүү ачылыштары жана илимий жетишкендиктери, мазмуну боюнча терең жана формасы боюнча айырмаланган чыгармачылык эмгектери үчүн ыйгарылат.
4. Мамлекеттик сыйлыктардын, ардак наамдардын жана мамлекеттик сый акылардын белгилеринин, аларга документтердин сыпаттамасы жана үлгүлөрү, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого, ардак наамдарды ыйгарууга жана мамлекеттик сый акыларга көрсөтүүгө, мамлекеттик сыйлыктарды, ардак наамдарды жана мамлекеттик сый акыларды, алардын актыларын жана документтерин тапшыруу, эсепке алуу. сактоо жана эсептен чыгаруу, дубликаттарды берүү, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жана ардак наамдарды ыйгаруу жөнүндө жарлыктарды жокко чыгаруу тартибине байланышкан жоболор Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
5. Мамлекеттик сыйлыктардын жана ардак наамдардын аталыштары мамлекеттик тилде, мамлекеттик сый акылардыкы мамлекеттик жана расмий тилдерде белгиленет.
2-глава. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары,
ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары
2-берене
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары болуп төмөнкүлөр саналат: ушул Мыйзам менен белгиленген «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы, «Эмгек Баатыры» Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы, ордендер, медалдар.
2. Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй категорияларга бөлүнгөн мамлекеттик сыйлыктары уюштурулат:
1) жогорку категориядагы мамлекеттик сыйлык - «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы;
2) өзгөчө категориядагы мамлекеттик сыйлык - «Эмгек Баатыры» Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы;
3) биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыктар:
а) I даражадагы «Манас» ордени;
б) II даражадагы «Манас» ордени;
в) III даражадагы «Манас» ордени;
г) «Курманжан Датка» ордени;
д) «Эрдик» ордени;
е) «Даңк» ордени;
ж) «Достук» ордени;
з) «Баатыр эне» ордени;
4) экинчи категориядагы мамлекеттик сыйлыктар:
а) «Ардак» медалы;
б) «Эне даңкы» медалы.
3. Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй ардак наамдары уюштурулат:
а) «Кыргыз Республикасынын эл мугалими»;
б) «Кыргыз Республикасынын эл врачы»;
в) «Кыргыз Республикасынын эл артисти»;
г) «Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу»;
д) «Кыргыз Республикасынын эл акыны»;
е) «Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү»;
ж) «Кыргыз Республикасынын жаратманы»;
з) «Кыргыз Республикасынын сыймыгы».
4. Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй мамлекеттик сый акылары уюштурулат:
1) Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик сый акысы;
2) Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы.
3-берене
1. «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын эркиндиги, көз карандысыздыгы жана өркүндөп өсүшү үчүн жасаган эрдиги менен байланышкан мамлекетке жана коомго сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн ыйгарылат.
2. «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин жана тиешелүү ырастаманы тапшыруу менен бир жолу ыйгарылат.
3. «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси төштүн сол тарабына «Эмгек Баатыры» өзгөчө белгисинин үстүнө тагылат.
4-берене
1. «Эмгек Баатыры» Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы Кыргыз Республикасынын жарандарына өлкөнү социалдык-экономикалык жана маданий өнүктүрүүдө, анын ичинде өнөр жай жана айыл чарба өндүрүшүн, транспортту, курулушту, илимди, искусствону, билим берүүнү жана саламаттык сактоону, ошондой эле иштин башка тармактарын өнүктүрүүдөгү көрүнүктүү салымы үчүн ыйгарылат.
2. «Эмгек Баатыры» Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы ушундай эле аталыштагы өзгөчө белгини жана тиешелүү ырастаманы тапшыруу менен бир жолу ыйгарылат.
3. «Эмгек Баатыры» өзгөчө белгиси төштүн сол тарабына Кыргыз Республикасынын ордендеринин жана медалдарынын үстүнө тагылат.
5-берене
1. «Манас» ордени менен ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн адамдар Кыргыз Республикасынын өркүндөп өсүшүнө өбөлгө түзгөн мамлекетке жана элге сиңирген эмгеги үчүн, мамлекетти жана демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, руханий жана маданий потенциалын арттырууга кошкон салымы үчүн сыйланат.
2. «Манас» орденинин 3 даражасы бар:
1) I даражадагы «Манас» ордени;
2) II даражадагы «Манас» ордени.
«Манас» ордени менен сыйлоо III даражадан I даражага карай ырааттуу түрдө жүргүзүлөт.
Өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Президенти ушул бөлүктө белгиленген ырааттуулукту сактабастан жарандарды «Манас» ордени менен сыйлай алат.
3. «Манас» ордени төштүн сол тарабына Кыргыз Республикасынын башка ордендеринен жана медалдарынан мурда тагылат.
6-берене
1. «Курманжан Датка» ордени менен ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн адамдар өсүп келе жаткан муунду Ата мекенге болгон сүйүү жана урматтоо рухунда тарбиялоого, мамлекетти коргоого жана чыңдоого жана элдин биримдигин камсыз кылууга кошкон салымы үчүн сыйланат.
2. «Курманжан Датка» ордени төштүн сол тарабына «Манас» орденинен кийин тагылат.
7-берене
1. «Эрдик» ордени менен Кыргыз Республикасынын жарандары адамдарды куткарууда, өлкөнүн коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууда, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, табигый кырсыктар, өрт, кыйроолор жана башка өзгөчө кырдаалдар учурунда көрсөткөн жан аябас аракети, каармандыгы жана эрдиги үчүн, ошондой эле өмүр үчүн тобокелдик менен коштолгон шарттарда аскердик, кызматтык же жарандык парзын аткарууда жасаган тайманбас жана чечкиндүү аракеттери үчүн сыйланат.
2. «Эрдик» ордени төштүн сол тарабына «Курманжан датка» орденинен кийин тагылат.
8-берене
1. «Даңк» ордени менен ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн адамдар сыйланат:
1) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн деңгээлин жана элдин бакубаттуулугун жогорулатууга, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого өбөлгө түзгөн сиңирген эмгеги үчүн;
2) илим, билим берүү жана саламаттык сактоо жаатындагы сиңирген эмгеги үчүн;
3) мамлекеттик, кайрымдуулук жана коомдук иш жаатындагы, мыйзамдуулукту, укук тартибин, коопсуздукту жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоодогу сиңирген эмгеги үчүн;
4) улуттук маданиятты, искусствону, тарыхты сактоого, жайылтууга жана өнүктүрүүгө жана өсүп келе жаткан муунга патриоттук тарбия берүүгө кошкон салымы үчүн;
5) спортту илгерилетүүгө, колдоого жана жайылтууга сиңирген эмгеги үчүн.
2. «Даңк» ордени төштүн сол тарабына «Эрдик» орденинен кийин тагылат.
9-берене
1. «Достук» ордени менен ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн адамдар сыйланат:
1) элдердин ортосундагы достук, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташтыгын чыңдоо ишиндеги жетишкендиктери үчүн;
2) эл аралык, коомдук, кайрымдуулук жана гуманитардык иштеги жетишкендиктери үчүн;
3) өлкөнүн руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө жана көбөйтүүгө кошкон жеке салымы, адам укуктарын жана анын социалдык кызыкчылыктарын коргоо боюнча активдүү иши үчүн;
4) өлкөнүн илимин жана экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө, ошондой эле этностор аралык ынтымакты чыңдоого сиңирген эмгектери үчүн.
2. «Достук» ордени төштүн сол тарабына «Даңк» орденинен кийин тагылат.
10-берене
1. «Баатыр эне» ордени менен жети жана андан көп баланы төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган, балдардын ден соолугу, билими, дене бойлук, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө талаптагыдай деңгээлде камкордук көргөн энелер - Кыргыз Республикасынын жарандары сыйланат.
2. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында каралган учурларды кошпогондо, «Баатыр эне» ордени менен сыйлоо жетинчи бала бир жашка чыкканда жана калгандары тирүү болгондо жүргүзүлөт.
3. «Баатыр эне» ордени менен сыйлоодо төмөнкү балдар да эске алынат:
1) мыйзамда белгиленген тартипте асырап алынган балдар (асырап алынган кыздар), эгерде баланы (кызды) асырап алгандан кийин 3 жылдан ашык убакыт өтсө жана асырап алынган балдар (асырап алынган кыздар) энеси менен чогуу жашаса;
2) Ата мекенди жана анын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоодо, адам өмүрүн сактап калуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча жарандык парзын аткарууда курман болгондор же дайынсыз жоголгондор;
3) энеден жана баладан көз каранды болбогон күтүлбөгөн жагдайлардын жана бөөдө кырсыктардын (жол-транспорт кырсыгы, эмгектик мертинүү же кесиптик оору, өзгөчө кырдаалда алган жаракат, айыккыс оорунун кесепеттери) натыйжасында каза болгондор.
4. «Баатыр эне» ордени төштүн сол тарабына «Достук» орденинен кийин тагылат.
11-берене
1. «Ардак» медалы менен ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн адамдар мамлекеттик же коомдук иште, мамлекеттик же муниципалдык кызматта, өндүрүштүк, илимий-техникалык, чыгармачыл, тарбиялык жана кайрымдуулук иштеринде сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн сыйланат.
2. «Ардак» медалы төштүн сол тарабына Кыргыз Республикасынын ордендеринен кийин тагылат.
12-берене
1. «Эне даңкы» медалы менен алты баланы төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган, балдардын ден соолугу, билими, дене бойлук, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө талаптагыдай деңгээлде камкордук көргөн энелер - Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле жетим балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн окуу-тарбиялык мекемелерде 15 жылдан ашык кынтыксыз иштеген аялдар сыйланат.
2. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында каралган учурларды кошпогондо, «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо алтынчы бала бир жашка чыкканда жана калгандары тирүү болгондо жүргүзүлөт.
3. «Эне даңкы» медалы менен сыйлоодо төмөнкүдөй балдар эске алынат:
1) мыйзамда белгиленген тартипте асырап алынган балдар (асырап алынган кыздар), эгерде баланы (кызды) асырап алгандан кийин 3 жылдан ашык убакыт өтсө жана асырап алынган балдар (асырап алынган кыздар) энеси менен чогуу жашаса;
2) Ата мекенди жана анын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоодо, адам өмүрүн сактап калуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча жарандык парзын аткарууда курман болгондор же дайынсыз жоголгондор;
3) энеге жана балага көз каранды болбогон күтүлбөгөн жагдайлардын жана бөөдө кырсыктардын (жол-транспорт кырсыгы, эмгектик мертинүү же кесиптик оору, өзгөчө кырдаалда алган жаракат, айыккыс оорунун кесепеттери) натыйжасында каза болгондор.
4. «Эне даңкы» медалы төштүн сол тарабына «Ардак» медалынан кийин тагылат.
13-берене
1. «Кыргыз Республикасынын эл мугалими» ардак наамы жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдерине, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын окутуучуларына, мектепке чейинки, окуу-тарбиялык жана методикалык мекемелердин кызматкерлерине балдарды жана жаштарды окутууда жана тарбиялоодо өзгөчө көрүнүктүү сиңирген эмгеги, автордук программаларды, методикаларды жана билим берүү технологияларын иштеп чыккандыгы жана киргизгендиги, билим берүү чөйрөсүнө көрүнүктүү салым кошкондугу жана кесиптик ишинде жалпы элдик таанууга ээ болгондугу үчүн ыйгарылат.
2. «Кыргыз Республикасынын эл врачы» ардак наамы жогорку квалификациялуу врач-адистерге калктын ден соолугун сактоодогу, медицина илиминин жана техникасынын заманбап жетишкендиктерин пайдалануу менен дарылоо-профилактикалык жардамды уюштуруудагы жана көрсөтүүдөгү, диагностиканын жана дарылоонун заманбап ыкмаларын киргизүүдөгү өзгөчө эмгеги үчүн, ата мекендик медицинага көрүнүктүү салым кошкондугу, өзгөчө кесиптик чеберчилигин, жогорку моралдык сапаттарын жана жан аябастыгын көрсөткөндүгү жана кесиптик ишинде жалпы элдик таанууга ээ болгондугу үчүн ыйгарылат.
3. «Кыргыз Республикасынын эл артисти» ардак наамы жалпы элдик таанууга ээ болгон артисттерге, музыка аткаруучуларга, композиторлорго, дирижерлорго, режиссерлорго, хормейстерлерге, балетмейстерлерге, музыкалык, хордук, хореографиялык жана башка жамааттардын көркөм жетекчилерине көрүнүктүү көркөм образдарды, спектаклдерди, телеспектаклдерди, телефильмдерди, кинофильмдерди, концерттик, эстрадалык, цирк программаларын, музыкалык, телекөрсөтүү жана радио чыгармаларын түзгөндүгү үчүн ыйгарылат.
4. «Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу» ардак наамы ата мекендик адабиятка көрүнүктүү салым кошкон жана жалпы элдик таанууга ээ болгон жазуучуларга ата мекендик адабиятты өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги, жогорку көркөм чыгармаларды жараткандыгы үчүн ыйгарылат.
5. «Кыргыз Республикасынын эл акыны» ардак наамы ата мекендик адабиятка көрүнүктүү салым кошкон жана жаппы элдик таанууга ээ болгон акындарга, ошондой эле төкмө акындарга поэзиялык чыгармачылыкты өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги, жогорку көркөм чыгармаларды жараткандыгы үчүн ыйгарылат.
6. «Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү» ардак наамы жалпы элдик таанууга ээ болгон сүрөтчүлөргө живопись, скульптура, графика, монументалдык, жасалга-колдонмо искусствосунун көрүнүктүү чыгармаларын жараткандыгы үчүн ыйгарылат.
7. «Кыргыз Республикасынын жаратманы» ардак наамы мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон жаңы технологияларды, продукцияларды, техникалык чечимдерди жана башкаруу методдорун түзүүгө жана киргизүүгө алып келген көрүнүктүү новатордук салымы, өзүнүн натыйжалуулугун жана улуттук деңгээлде коомдук маанилүүлүгүн тастыктаган уникалдуу билим берүү, маданий жана социалдык практикаларды түзгөндүгү жана ишке ашыргандыгы үчүн ыйгарылат.
8. «Кыргыз Республикасынын сыймыгы» ардак наамы мамлекеттин жана коомдун алдында улуттук сыймыктын символу болуп калган жана кеңири коомдук жана (же) эл аралык таанууга ээ болгон өзгөчө жетишкендиктери, эрдиктери жана эмгектери үчүн, анын ичинде адамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоодо же болбосо өзгөчө маанилүү мамлекеттик тапшырмаларды аткарууда көрсөткөн каармандыгы, эрдиги жана жан аябастыгы үчүн, көрүнүктүү спорттук, чыгармачылык, илимий же кесиптик жетишкендиктери, коом жана мамлекет үчүн олуттуу социалдык, экономикалык же гуманитардык натыйжасы бар масштабдуу долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыргандыгы үчүн ыйгарылат.
9. Кыргыз Республикасынын ардак наамына татыктуу болгондорго Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылат.
Төш белги Кыргыз Республикасынын башка төш белгилеринен мурун көкүрөктүн оң жагына тагылат.
14-берене
1. Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик сый акы Кыргыз Республикасынын жарандарына ыйгарылат:
1) мамлекеттик тилди сактоого, өнүктүрүүгө жана статусун жогорулатууга өбөлгө түзүүчү көрүнүктүү илимий эмгектери (илимдин бардык багыттары боюнча) үчүн;
2) ата мекендик илимди олуттуу байыткан жана табигый, техникалык, коомдук жана гуманитардык илимдерди өнүктүрүүгө, кыргыз илиминин жана техникасынын дүйнөдөгү алдынкы жетишкендиктердин деңгээлине чыгуусуна олуттуу салым кошкон илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары үчүн;
3) экономиканы жана социалдык чөйрөнү инновациялык өнүктүрүүнү, ошондой эле өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөнү камсыз кылуучу жаңы техниканын жана прогрессивдүү технологиялардын үлгүлөрүн иштеп чыккандыгы үчүн;
4) мамлекеттик сырга кирген маалыматтарды камтыган, экономиканын ар түрдүү тармактарында принциптүү жаңы буюмдарды, технологиялык процесстерди иштеп чыккандыгы жана түзгөндүгү үчүн.
2. Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы Кыргыз Республикасынын жарандарына мазмуну боюнча терең жана формасы боюнча айырмаланган көркөм чыгармалары, Кыргызстандын көп этностуу маданиятын байыткан, эстетикалык жана тарбиялык зор таасирге ээ болгон жана коомго кеңири таанылган адабият жана искусство (поэзия, проза, драматургия, музыка, кино, архитектура жана скульптура, театр жана көркөм сүрөт искусствосу, радио жана телечыгармалар) жаатындагы көрүнүктүү чыгармалары үчүн ыйгарылат.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сый акыларынын лауреаттарына акчалай сыйлык жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылат.
Төш белги көкүрөктүн оң тарабына тагылат жана сыйланган адамдын Кыргыз Республикасынын ардак наамы болсо, ал белгиден кийин тагылат.
3-глава. Мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга жана
мамлекеттик сый акыларга сунуштоо, мамлекеттик
сыйлыктар менен сыйлоо, ардак наамдарды ыйгаруу
жана мамлекеттик сый акыларды берүү тартиби
15-берене
1. Мамлекеттик сыйлыктарга жана ардак наамдарга сунуштар Кыргыз Республикасынын Президентине төмөнкүлөр тарабынан киргизилет:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери, парламенттик фракциялары жана депутаттык топтору;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы;
5) Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү;
7) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик органдардын жетекчилери;
8) Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;
9) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы;
10) Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы;
11) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;
12) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы;
13) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы;
14) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени);
15) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
16) Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери.
2. Өзгөчө учурларда ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кызмат адамдарынан сыйлоого өтүнүчтөр киргизилбестен, Кыргыз Республикасынын Президенти «Баатыр эне» орденинен жана «Эне даңкы» медалынан тышкары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоону жана ардак наамдарын ыйгарууну демилгелөөгө укуктуу.
3. «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен тартипте демилгеленет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилери «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоого өтүнүчтөрдү өз убагында демилгелөө боюнча чараларды көрөт жана буга карата жеке жоопкерчилик тартат.
«Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө өтүнүчтөрдү демилгелөө сыйлоого мыйзамдуу негиздер пайда болгон күндөн тартып 3 айдын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Соттуулугу жоюлбаган адамдарды мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга же мамлекеттик сый акыларга сунуштоого жол берилбейт.
16-берене
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жана мамлекеттик сый акыларын берүү кийин мамлекеттик сыйлыктарды, ардак наамдардын жана мамлекеттик сый акылардын төш белгилерин жана алардын документтерин тапшыруу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ардак наамын ыйгаруу же мамлекеттик сый акысын берүү жөнүндө жарлыкты чыгаруу жолу менен жүргүзүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын, ардак наамдарын жана мамлекеттик сый акыларын Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча жана анын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы жана башка кызмат адамдары тапшыра алат.
3. Сыйланган адамга мамлекеттик сыйлык жана сыйлоону күбөлөндүрүүчү документ тапшырылат.
4. Кыргыз Республикасынын ардак наамына же мамлекеттик сый акысына татыктуу болгон адамга төш белги жана Кыргыз Республикасынын ардак наамын ыйгарууну же мамлекеттик сый акыны берүүнү күбөлөндүрүүчү документ тапшырылат.
17-берене
1. Мамлекеттик сыйлык менен кезектеги сыйлоо же ардак наамды ыйгаруу, «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоону кошпогондо, мурдагы мамлекеттик сыйлык менен сыйланган же ардак наам ыйгарылган учурдан тартып беш жылдан эрте эмес убакта, жаңы сиңирген эмгеги үчүн жүргүзүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын Президенти өзгөчө учурларда беш жылдык мөөнөт өткөнгө чейин адамды өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлык менен сыйлоого же ага ардак наамды ыйгарууга укуктуу.
3. «Эрдик» орденин жана даражага ээ сыйлыктарды кошпогондо, бир эле адам бир эле мамлекеттик сыйлык жана бир эле ошол ардак наамы менен эки жолу сыйлана албайт.
4. «Эмгек Баатыры» Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы жана «Эрдик» ордени менен жарандарды сыйлоо Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкка ээ болгон учурдан тартып өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн каза болгондон кийин да жүргүзүлүшү мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча мурдагы мамлекеттик ишмерлерге (Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчыларына, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагаларына, Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагаларына, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагаларына) жана мамлекет менен коомдун алдында өзгөчө эмгек сиңирген башка адамдарга ыйгарылуучу «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» деген эң жогорку артыкчылык даражасын кошпогондо, каза болгондон кийин Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жана мамлекеттик сый акыларын ыйгаруу жүргүзүлбөйт.
5. Каза болгондон кийин сыйланган учурда мамлекеттик сыйлык жана анын документтери жакын туугандарына аларды тагынуу укугусуз сактоо үчүн берилет.
6. Тирүү кезинде мамлекеттик сыйлык тапшырылбай калган сыйланган адам каза болгон учурда мамлекеттик сыйлык жана анын документтери, ошондой эле ардак наамдын төш белгиси жана документтери жакын туугандарына аларды тагынуу укугусуз сактоо үчүн берилет.
18-берене
1. Жарандарды юбилейлерге байланыштуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жана мамлекеттик сый акыларын берүү майрам күндөрү жана кесиптик майрамдардын алдында жүргүзүлбөйт.
2. Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктерин жана юридикалык жактарын юбилейлерине байланыштуу мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо 50 жылга чыккандан кийин каралышы мүмкүн, кийинки сыйлоо 25 жыл өткөндөн кийин жүргүзүлөт.
4-глава. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына,
ардак наамдарына жана мамлекеттик сый акыларына татыктуу
болгон адамдардын укуктары жана милдеттери
19-берене
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына жана мамлекеттик сый акыларына татыктуу болгон адамдарга социалдык кепилдиктер Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жана мыйзамдар менен белгиленет.
20-берене
Кыргыз Республикасынан чыгып кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар жана чет мамлекеттердин юридикалык жактары аларга таандык болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана алардын документтерин, ошондой эле ардак наамдардын төш белгилерин жана ардак наамдарга жана мамлекеттик сый акыларга документтерин алып кетүүгө укуктуу.
21-берене
1. Мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдардын жана мамлекеттик сый акылардын төш белгилери, ошондой эле алардын документтери сыйланган адам каза болгондон кийин аларды тагынуу укугусуз мураскорлорунда калат.
2. Сыйланган маркумдун мураскорлорунун макулдугу менен анын сыйлыктары жана алардын документтери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ардак наамдарынын жана мамлекеттик сый акыларынын төш белгилери жана документтери музейлерге сактоого берилиши мүмкүн.
3. Сыйланган маркумдун же мамлекеттик сыйлыкка, ардак наамга, мамлекеттик сый акыга татыктуу болгон адамдын мураскорлору жок болсо, төш белгилер жана мамлекеттик сыйлыкка, ардак наамга, мамлекеттик сый акыга документтер укуктук статусу жана компетенциясы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу мамлекеттик сыйлыктар фондуна кайтарылып берилүүгө тийиш.
22-берене
1. Мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга жана мамлекеттик сый акыларга татыктуу болгон адамдар алардын белгилеринин жана документтеринин сакталышын камсыз кылууга тийиш.
2. Мамлекеттик сыйлыктар жана алардын документтери жоголгон учурда, сыйлангандар сыйлыктарга болгон өз укуктарын сактап калат.
3. Кыргыз Республикасынын ардак наамынын жана мамлекеттик сый акысынын төш белгилери жана документтери жоголгон учурда ардак наамга жана мамлекеттик сый акыга болгон бардык укуктар сакталат.
23-берене
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланган, ардак наамдарына татыктуу болгон адамдар мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актынын же сыйлоо жана ыйгаруу жөнүндө жарлыкты жокко чыгаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын негизинде гана алардан ажыратылышы мүмкүн.
2. Мамлекеттик сыйлыктардан, ардак наамдардан ажыратуу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан тиешелүү жарлыкты чыгаруу аркылуу жүргүзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан, ардак наамынан ажыратуу жөнүндө жарлык же сыйлоо жана ыйгаруу жөнүндө жарлыкты жокко чыгаруу тууралуу жарлык күчүнө кирген күндөн тартып ага карата мындай жарлык чыгарылган адам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына татыктуу болгон адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген социалдык кепилдиктерге болгон укуктарын жоготот.
4. Мамлекеттик сыйлыктардан, ардак наамдардан ажыратылган адамдарга таандык мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамга төш белгилер, ошондой эле алардын документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алып коюлууга тийиш.
Алып коюлган мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамга төш белгилер, ошондой эле алардын документтери мамлекеттик сыйлыктар фондуна өткөрүп берилет.
5. Сыйланган адам ага ылайык мамлекеттик сыйлыктан, ардак наамдан ажыратылган соттун өкүмүн реабилитациялык негиздер боюнча жокко чыгарууда бул жөнүндө чыгарылган Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы жокко чыгарылууга, ал эми Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына, ардак наамына болгон укугу - калыбына келтирилүүгө тийиш.
24-берене
1. Мурда мамлекеттик сыйлык менен сыйланган юридикалык жак кайра уюштурулган учурда, мамлекеттик сыйлык кайра уюштуруу процессинде түзүлгөн юридикалык жакка өткөрүп берилет.
2. Мурда мамлекеттик сыйлык менен сыйланган юридикалык жак жоюлган учурда, мамлекеттик сыйлык уюштуруучуга өткөрүп берилүүгө тийиш.
Мамлекеттик сыйлык жоюлуучу массага кирбейт жана аны карызды төлөө эсебине өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
25-берене
Мамлекеттик сыйлыктардын, ардак наамдардын жана мамлекеттик сый акылардын белгилерин мыйзамсыз жасоо, тагынуу, сатып алуу, сатуу, алмашуу же өткөрүп берүүнүн башка формасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
5-глава. Корутунду жоболор
26-берене
Мурда СССРдин, Кыргыз ССРинин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары менен сыйланган Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык тиешелүү укуктары жана кепилдиктери сакталат.
27-берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 31 (3791) саны менен жарыяланды
2. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-августундагы № 175 Мыйзамы («Эркин-Тоо» гезити, 2023-жылдын 15-августу, № 65) күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2026-жылдын 19-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |