Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы
2024-жылдын 7-августу № 33а
Кара-Шоро айыл аймагынын айыл чарба багытындагы Ак-Жар жана Больщевик айылдарындагы кайра бөлүштүрүү фондунун кайрак жеринен турак жай курууга жер аянтын которууга (трансформацияга) макулдук берүү жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Ак-Жар жана Больщевик айылдарындагы жашоочуларынын суроо талаптарынын негизинде, калктуу конуштарды кеңейтүү максатында, турак жай куруу үчүн жаш үй-бүлөлөргө жер участогун берүү боюнча Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн Жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча жетектөөчү адиси Кыдыргычев Болотбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар жана Больщевик айылдарынын калктуу конуштарын кеңейтүү, жаш үй-бүлөлөрдү жер участкасы менен камсыз кылуу максатында, турак жай куруу үчүн айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун кайрак жерлеринен Ак-Жар айылынан 15 га,Большевик айылынан 3 га,жалпы 18 га жер аянты калктуу конуштардын жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар жана Большевик айылдарынан транформацияга сунушталган жерлердин чөйрө сызыктарын аныктап берүү жагы Кыргызгипрозем мамлекеттик ишканасынан суралсын.
3. Айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар жана Большевик айылдарынан транформацияга сунушталган жерлердин башкы планын түзүп,техникалык негиздемесин даярдап берүү жагы Өзгөн рпйондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Турдали у К. |