Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы
2024-жылдын 7-августу № 39
“Бала бакчаларда ата-энелер төлөүн бекитүү жана атайын каражатка кошумча план алуу жөнундө”
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102- беренесине ылайык Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын ата-энелер төлөмү 2024-жылдын 1-августунан тартып ата-энелер чогулушунун протоколунун негизинде 1160 (бир миң бир жүз алтымыш) сом болуп бекитилсин.
2. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн атайын каражатка ата-энелер төлөмүнөн түшкөн 684,0 мин сомго план алууга макулдук берилсин.
3. Кошумча жеткирилген акча каражаты Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бала бакча бөлүмүнүн 2218 беренесине 684,0 мин сом жумшалсын.
4. Токтомдун аткарылышы Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “финансы жана экономика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| Турдали у К. |