Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы
2024-жылдын 7-августу № 40
“Большевик айылындагы “Айзирек нуру” мектепке чейинки билим берүү уюмунун атын өзгөртүү жөнүндө”
Кара-шоро айылдык кеңеши, Кара-Шоро айыл аймагынын Большевик айылындагы Айзирек нуру мектепке чейинки билим берүү уюмунун (МЧББ) атын өзгөртүү боюнча аталган мекеменин эмгек жамаатынын 2024-жылдын 24-июлундагы жыйынынын протоколунун негизинде, МЧББ жетекчиси Бекболот кызы Турсунайдын сунушун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айыл аймагынын Большевик айылындагы “Айзирек нуру” МЧББнын атын “Арууке Абдыкеримова” деп өзгөртүү боюнча МЧББ жетекчиси Бекболот кызы Турсунайдын сунушу канааттандырылсын.
2. Айзирек нуру мектепке чейинки билим берүү уюмунун аты “Арууке Абдыкеримова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму” деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун атын өзгөртүү үчүн мамлекеттик мекемелер менен мыйзамдуу иш чараларды алып баруу жагы МЧББнын жетекчиси Бекболот кызы Турсунайга милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| Турдали у К. |