Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы
2024-жылдын 7-августу № 42
“Ардактуу атуул наамын ыйгаруу жөнундө”
Кара-шоро айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сыйлыктар жана ардактуу наамдарга көрсөтүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат-сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргузүүнү планына киргизген. Ушул максатта Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн Семиз-Көл айылынын 2024-жылдын 16-февралындагы, Большевик айылынын 2024-жылдын 20-мартындагы, Шамал-Терек айылынын 2024-жылдын 5-августундагы өткөн элдик жыйындарынын жана №38 С.Эшматов атындагы орто мектебинин кесиптик бирлик уюмунун 2024-жылдын 8-апрелиндеги протоколдорун талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн социалдык- экономикалык жактан өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн Семиз-Көл айылынын 2024-жылдын 16-февралындагы, Большевик айылынын 2024-жылдын 20-мартындагы, Шамал-Терек айылынын 2024-жылдын 5-августундагы өткөн элдик жыйындарынын жана №38 С.Эшматов атындагы орто мектебинин кесиптик бирлик уюмунун 2024-жылдын 8-апрелиндеги протоколдорунун Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүү сунушу бекитилсин.
2. -Станбеков Мырзамамыт Станбекович,
-Маданбеков Кубанычбек,
-Көчөров Ашим Аскарович,
-Кадыров Байышбек Сейитмаматович жана
-Каримов Эралы Макибаевич “Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” деп аталсын.
3.– Станбеков Мырзамамыт Станбековичке,
- Маданбеков Кубанычбекке,
- Көчөров Ашим Аскаровичке,
- Кадыров Байышбек Сейитмаматовичке жана
- Каримов Эралы Макибаевичке
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” деген эстелик белги тапшырылсын.
4. Токтомду аткарууга алуу жагы, Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага: |
| Турдали у К. |