Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы
2024-жылдын 7-августу № 42а
“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнундө”
Кара-Шоро айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сыйлыктар жана ардактуу наамдарга көрсөтүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат-сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргузүүнү планына киргизген. Ушул максатта Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевтин Париж шаарындагы 33-Жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу, күмүш медаль ээси Сейитбек уулу Мунарбекке Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуул наамын берүү сунушун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевтин, Париж шаарындагы 33- Жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу, күмүш медаль ээси Сейитбек уулу Мунарбекке Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүү сунушу канааттандырылсын.
2. Сейитбек уулу Мунарбек “Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” деп аталсын.
3. Сейитбек уулу Мунарбекке Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” деген эстелик белги тапшырылсын.
4. Токтомду аткарууга алуу жагы, Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага: |
| Турдали у К. |