Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы
2024-жылдын 7-августу № 43
“Төлөнбаев Жоробайдын арызын кароо жөнүндө”
Кара-Шоро айылдык кеңеши Большевик айылынын тургуну Төлөнбаев Жоробайдын соода сатык үчүн салынган дүкөндү турак жай катары пайдалануу үчүн ген планга өзгөртүү арызынын негизинде, айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Кыдыргычевтин сунушун угуп талкуулап, Жер кодексинин 13, 2, 32, 31- беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөнбаев Жоробайдын Большевик айылынын Ак-Тилек участкасындагы, идентификациялык 5060110020389 сандуу коду К.Жуманазаров көчөсүнүн №104 дарегинде жайгашкан 544 кв.м. жер участкасындагы менчик дүкөнүн, турак жай катары пайдаланууга ген планга өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Керектүү иш кагаздарды бүтүрүү жагы райондук архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Турдали у К. |