Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы
2024-жылдын 7-августу № 44
“Ак-Жар айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-январындагы № 88 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө”
Кара-Шоро айылдык кеңеши ишкердикти колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин 13-беренесине”-”Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Ак-Жар айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-январындагы, № 88 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү үчүн Большевик айылынын тургуну Т.Эдилбековтун арызын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-январындагы, № 88 токтомунун 1-пунктундагы “Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылындагы К. Жуманазаров көчөсүнүн № 62 а дарегинде жайгашкан Т.Эдилбековко жеке турак жай салуу үчүн берилген 0,8 га жер тилкесине” деген сүйлөм, 2024-жылдын 30-апрелиндеги Сатаров Бактыбек Таалайбековичтин, Эдилбеков Таалайбек Сатаровичке 980,0 кв.м. жер участогун тартуулоо келишиминин негизинде “Кара-Шоро айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылындагы К. Жуманазаров көчөсүнүн № 80 а дарегинде жайгашкан Т. Эдилбековко жеке турак жай салуу үчүн берилген 1780 кв.м. жер тилкесине” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Коомдук мончо курууга жана жердин багытын калкты тейлөөгө өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3. Керектүү иш кагаздарды бүтүрүү райондук архитектура башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| Турдали у К. |