Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы
2024-жылдын 7-августу № 45
“Ардак грамотага сунуштоо жөнүндө”
Кара-шоро айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сыйлыктар жана ардактуу наамдарга көрсөтүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат-сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргузүүнү планына киргизген. Ушул максатта Кара-Шоро айылдык кеңешинин депутаты, АРИСтин KACA 1000 долбоорунун аткаруу комитетинин төрагасы К.Маматовтун төмөндөгү жигердүү жарандарга Кара-Шоро айылдык кенешинин Ардак граматосына сунушун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн социалдык- экономикалык жактан өнүгүшүнө кошкон зор салымы, АРИС программасынын KACA 1000 долбоорунун алкагында жол четтерине тротуар жана мектептин техникалык базасын чыңдоодо талыкпай эмгектенгендиги үчүн Сатыбалдыев Манас, Токтосун кызы Зубайда, Көкөева Махабат, Турдуманбетов Замир жана Аматова Урматгүлдү
Кара-Шоро айылдык кеңешинин депутаты, АРИСтин KACA 1000 долбоорунун аткаруу комитетинин төрагасы К.Маматовтун Кара-Шоро айылдык кеңешинин Ардак грамотасына көрсөтүү сунушу бекитилсин.
2. Төмөндөгү атуулдарга
-Большевик айылынын тургуну Сатыбалдыев Манас Сейитбековичке,
-Какыр айылынын тургуну Токтосун кызы Зубайдага,
-Какыр айылынын тургуну Көкөева Махабат Оморовнага,
-Семиз-Көл айылынын тургуну Турдуманбетов Замир Курманалиевичке жана
-Ак-Жар айылынын тургуну Аматова Урматгүл Жамаковнага “Кара-Шоро айылдык кеңешинин Ардак грамотасы”тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| Турдали у К. |