Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы
2024-жылдын 7-августу № 46
“Кара-шоро айыл аймагындагы Шамал-Терек айылынын атын өзгөртүү жөнүндө”
Кара-шоро айылдык кеңеши, Кара-Шоро айыл аймагындагы Шамал-Терек айылынын атын өзгөртүү боюнча Шамал-Терек айылынын жашоочуларынын 2024-жылдын 5-августундагы элдик жыйындын протоколунун негизинде, Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары- жооптуу катчы Шермамат уулу Бектурдун сунушун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Шамал-Терек айылынын атын өзгөртүү боюнча Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары- жооптуу катчы Шермамат уулу Бектурдун сунушу канааттандырылсын.
2. Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу ЖОБОго ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353 токтомунун 7-пунктунун негизинде Шамал-Терек айылынын атын “Көлдүк” деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3. Айыл аймактын жана айылдын атын өзгөртүү үчүн мамлекеттик мекемелер менен мыйзамдуу иш чараларды алып баруу жагы Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы Шермамат уулу Бектурга милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага: |
| Турдали у К. |