Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы
2024-жылдын 7-августу № 47
“Кара-Шоро айыл аймагынын Шамал-Терек айылында жайгашкан № 19 ФАПка ат коюу жөнүндө”
Кара-шоро айылдык кеңеши, Кара-Шоро айыл аймагындагы Шамал-Терек айылында жайгашкан № 19 ФАПка ат коюу боюнча Шамал-Терек айылынын жашоочуларынын 2024-жылдын, 20-июнундагы элдик жыйындын протоколунун негизинде, Кара-Шоро айылдык кеңешинин депутаты Оморбекова Зирекандын сунушун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Шамал-Терек айылындагы № 19 ФАПка ат коюу боюнча Шамал-Терек айылынын жашоочуларынын 2024-жылдын, 20-июнундагы элдик жыйындын протоколу бекитилсин.
2. Шамал-Терек айлындагы № 19 ФАПка Садыкбаев Маматеминдин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
3. № 19 ФАПтын атын өзгөртүү үчүн мамлекеттик мекемелер менен мыйзамдуу иш чараларды алып баруу жагы Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы Шермамат уулу Бектурга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Регламент, мызамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| Турдали у К. |