Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы
2024-жылдын 7-августу № 49
“Сарманов Сүйүнбайдын арызын кароо жөнүндө”
Кара-Шоро айылдык кеңеши Какыр айылынын тургуну Сарманов Сүйүнбайга жеке турак жай салууга берилген 0,13 га жер тилкесинин ичинен, 0,02 га жер аянтына дүкөн куруп, азык-түлүк сатуу сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылындагы идентификациялык коду 5060110030281, М.Кадыралиев көчөсүнүн № 58 дарегинде жайгашкан Сарманов Сүйүнбай Анарбековичке жеке турак жай салуу үчүн берилген 0,13 га жер тилкесинин ичинен, 0,02 жер аянтынын багытын дүкөн куруп азык-түлүк сатууга өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Керектүү иш кагаздарды бүтүрүү райондук архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| Турдали у К. |