Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы
2024-жылдын 7-августу № 50
“Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнундө”
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102- беренесине ылайык Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине максаттуу гранттан кошумча түшкөн 204,4 мин сомго план алууга макулдук берилсин.
2. Кошумча жеткирилген акча каражаты Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн социалдык коргоо бөлүмүнө 2721 беренесине 154,4 мин сом жана маданият бөлүмүнүн 3112 беренесине 50,0 мин сом жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышы Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “финансы жана экономика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| Турдали у К. |