Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы
2024-жылдын 7-августу № 55
“Ат майдан аятчасын курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө”
Кара-Шоро айылдык кеңеши Кара-Шоро айыл аймагынын тургундарынын ат-майдан спорт аянтчасын куруу суроо талабын аткаруу максатында, Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Кыдыргычевтин сунушун угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик админстрациясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айылынында жайгашкан ички жайыт багытындагы № 237- контурунан 1,05га жана № 236- контурунан 0,46 га жер аянттарын социалдык курулуш багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Социалдык курулуш багытына өзгөртүлгөн № 237- контурунан 1,05 га жана № 236- контурунан 0,46 га, жалпы 1,51 га жер аянтына ат майдан спорт аятчасын курууга макулдук берилсин.
3. Керектүү иш кагаздарды бүтүрүү жагы райондук архитектура башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Шоро айылдык кеңешинин “социалдык маселелер, жана билим берүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Турдали у К. |