Загрузка документа…
| Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын «31» _03_ № 92 токтомуна тиркеме |
Бишкек шаарынын мэриясы менен
Кыргыз Республикасынын Ички иштер
министрлигинин ортосундагы
КЫЗМАТТАШУУ ЖӨНҮНДӨ МАКУЛДАШУУ
Бишкек шаары | 2026-ж. «__» ___________ |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги мындан ары – «КР ИИМ» – деп аталуучу, «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде иш жүргүзүүчү министр Ниязбеков Улан Омокановичтин атынан биринчи тараптан, жана Бишкек шаарынын мэриясы, мындан ары – «Мэрия» – деп аталуучу, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иш жүргүзүүчү Бишкек шаарынын мэри Джунушалиев Айбек Джанышбековичтин атынан экинчи тараптан, мындан ары биргелешип «Тараптар» деп аталып, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Мэрия менен КР ИИМдин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну (мындан ары – Макулдашуу) түзүштү:
1. Жалпы жоболор
1.1. Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин эске алуу менен, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты эске алуу менен материалдык-техникалык базаны жакшыртуу максатында ушул Макулдашууну ишке ашырышат.
1.2. Тараптар биргелешкен күч-аракеттердин негизинде коомдук коопсуздук жана соода, көрктөндүрүү эрежелерин жана санитардык ченемдерди сактоо маселелерин чечүүнүн натыйжалуулугун эске алуу менен ушул Макулдашууну түзүшөт.
2. Келишимдин предмети
2.1. Макулдашуунун предмети болуп Тараптардын мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү, ошондой эле санариптештирүү боюнча биргелешкен чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашыруу жаатындагы кызматташуусу саналат.
2.2. Ушул Макулдашуу Тараптардын өз ара аракеттенүүсүнүн жалпы талаптарын, анын ичинде материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана эмгек шарттарын жакшыртууга көмөк көрсөтүүнү аныктайт.
2.3. Тараптардын өз ара аракеттенүүсүнүн негизинде мыйзамдуулук, макулдашкандык жана купуялуулук принциптери камтылган.
3. Тараптардын укуктары жана милдеттери
3.1. Мэрия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде Бишкек шаарынын ИИББсына кызматтык автотранспорт каражаттарын сатып алуу үчүн 100 000 000 (жүз миллион) сомго чейинки өлчөмдө финансылык каражаттарды бөлүп берүүнү камсыз кылууга милдеттенет.
3.2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу багыты боюнча гана пайдаланууга, Бишкек шаарынын ИИББсы үчүн кызматтык автотранспорт каражаттарын сатып алууну ишке ашырууга, аларды өз балансына кабыл алууга, ошондой эле өз каражаттарынын эсебинен күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылууга, өз убагында техникалык тейлөөнү, оңдоону, запастык жана комплекттөөчү бөлүктөр менен камсыз кылууга милдеттенет.
3.3. Тараптар ушул Макулдашуунун шарттарын сактоого жана аткарууга тийиш.
3.4. Тараптар ушул Макулдашууга карата кошумча макулдашууларга кол тамга коюуга укуктуу.
3.5. Тараптардын бири ушул Макулдашуу боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган учурда, Тараптар ушул Макулдашууну бузуу укугуна ээ.
4. Талаштарды чечүү
4.1. Ушул Макулдашууну аткаруунун жүрүшүндө Тараптардын ортосунда пайда болгон бардык талаштар жана пикир келишпестиктер сүйлөшүү жолу менен чечилет.
4.2. Тараптар ортосунда макулдашууга жетпеген учурда, талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилүүгө тийиш.
5. Корутунду жоболор
5.1. Ушул Макулдашуу Тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана 2026-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
5.2. Ушул Макулдашууга киргизилүүчү бардык өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор алар жазуу жүзүндө таризделген, кол тамга коюлган жана Тараптардын тийиштүү мөөрлөрү менен бекитилген учурда гана күчкө ээ болот.
5.3. Ушул Макулдашуу Тараптардын ар бири үчүн бирден нускада, юридикалык бирдей күчкө ээ болгон мамлекеттик жана расмий тилдерде 2 (эки) нускада түзүлдү.
Тараптардын кол тамгалары:
| |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
Министр ________ У.О. Ниязбеков | Бишкек шаарынын мэриясы
Мэр ________ А.Дж. Джунушалиев |
|
|
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
И.Б. Аденов |