КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектүү XXVIII сессиясы
2023-жылдын 9-ноябры № 28/1
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Дөбө айылынын Мусаев 54а көчөсүндөгү жаңы курулуп бүткөн ФАПка ысым ыйгаруу жөнүндө
Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары "Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндө" мыйзамынын 7-беренесинин жана КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОнун 10-пунктунун 4 абзацыны негизинде Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары токтом кылат:
1.Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Дөбө айылындагы жаңы курулуп бүткөн “Кум-Дөбө” айылдык №5 Үйбүлөлүк Дарыгерлер Тобу болуп аталсын.
2. “Кум-Дөбө” айылдык №5 Үйбүлөлүк Дарыгерлер Тобу деп жазылып, өздүк мөөрүн алуу, тактаны илдирип орнотуу жагы Кум-Дөбө айыл башчысы К.Турусбековго тапшырылсын.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын Кочкор райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан, каттоодон өткөрүү жагы айыл башчы К.Турусбековго милдеттендирилсин.
Төрага |
| М.Чолпонкулов |