Редакцияот 21.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

Тиркеме

 

 

 

(Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2026-жылдын 21-апрелиндеги № 267 токтомуна)

 

 

Евразия кайра камсыздандыруу компаниясынын

Башкаруучулар кеңешинин жыйналыштарынын күн

тартибиндеги маселелер боюнча документтерди

 (материалдарды) кароо, позицияларды даярдоо

 тартиби

 

1. Ушул Тартип менен мамлекеттик органдар жана башка уюмдар тарабынан Евразия кайра камсыздандыруу компаниясынын (мындан ары – ЕКК) Башкаруучулар кеңешинин жыйналыштарынын документтерин (материалдарын) кароо, позицияларды даярдоо эрежелери белгиленет.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы ЕКК Башкаруучулар кеңешинин жыйналышынын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча документтерди (материалдарды) алгандан кийин 2 жумуш күндүн ичинде (кошумча маселелер боюнча – 1 күндөн кечиктирбестен) материалдарды жиберет:

1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине – ЕКК маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын түзүү үчүн;

2) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине – өз компетенциясынын чегинде ЕКК Башкаруучулар кеңешинин жыйналышынын күн тартибине карата материалдарды Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин белгилөөчү башка эл аралык-укуктук актыларга шайкештигин кароо үчүн;

3) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине – өз компетенциясынын чегинде ЕКК Башкаруучулар кеңешинин жыйналышынын күн тартибине карата материалдарды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна шайкештигин кароо үчүн;

4) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине – өз компетенциясынын чегинде 2022-жылдын 20-октябрындагы Евразия кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө макулдашуунун алкагында ЕККтин уставдык капиталы боюнча Кыргыз Республикасынын каржылык милдеттенмелерин камсыз кылуу бөлүгүндө ЕКК Башкаруучулар кеңешинин жыйналышынын күн тартибине карата материалдарды, ошондой эле ревизиялык комиссиянын маселелерин кароо үчүн;

5) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына – өз компетенциясынын чегинде ЕКК Башкаруучулар кеңешинин жыйналышынын күн тартибине карата материалдарды Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна шайкештигин кароо үчүн;

6) «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коомуна – өз компетенциясынын чегинде ЕКК Башкаруучулар кеңешинин жыйналышынын күн тартибине карата материалдарды кароо үчүн;

7) Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар мамлекеттик органдарына – ЕКК Башкаруучулар кеңешинин жыйналышынын күн тартибине карата материалдарды кароо, ошондой эле тиешелүү позицияларды иштеп чыгуу үчүн.

3. ЕКК Башкаруучулар кеңешинин жыйналышынын күн тартибине карата материалдарды мамлекеттик органдар тарабынан кароонун мөөнөтү алар келип түшкөн күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндү (кошумча маселелер боюнча – 2 жумуш күндү) түзөт. Материалдарды кароого жооптуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине ЕКК Башкаруучулар кеңешинин жыйналышынын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча позицияларын жөнөтөт.

Материалдар боюнча позиция берилбегендиги үчүн жоопкерчилик аларды кароо үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлөт.

4. Эгерде ЕКК Башкаруучулар кеңешинин жыйналышынын күн тартибиндеги маселелер бизнес-коомчулугунун кызыкчылыктарына тиешелүү болсо, анда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги аларды талкуулоону бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүргүзөт.

5. Материалдарды кароо үчүн жооптуу мамлекеттик органдар, эгерде негиздер болсо, ЕКК Башкаруучулар кеңешинин жыйналышынын күн тартибине карата материалдарды башка кызыкдар мамлекеттик органдар жана уюмдар менен макулдашууну камсыз кылат.

6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:

1) ЕКК Башкаруучулар кеңешинин жыйналышынын күн тартибине карата материалдар боюнча позицияларды жалпылайт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына ЕКК Башкаруучулар кеңешинин алдыда боло турган жыйналышына 5 (беш) жумуш күн (кошумча маселелер боюнча – 3 жумуш күндөн кечиктирбестен) калганда жөнөтөт;

2) ЕКК Башкаруучулар кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибиндеги маселелер боюнча материалдарды кароо үчүн жооптуу мамлекеттик органдардын ортосунда пикир келишпестиктер келип чыккан учурда аталган мамлекеттик органдардын катышуусунда макулдашуу кеңешмелерин өткөрөт;

3) ЕКК Башкаруучулар кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибиндеги маселелер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосундагы пикир келишпестиктер боюнча консенсус жетишилбеген учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына макулдашуу кеңешмелерин өткөрүү жөнүндө сунуш киргизет;

4) ЕКК Башкаруучулар кеңешинин жыйналышынын күн тартибиндеги маселелерди шашылыш түрдө кароо үчүн негиздер болгон учурда күн тартибинин долбоорун жана тиешелүү материалдарды тиркөө менен ЕКК Башкаруучулар кеңешинин кезексиз жыйналышын өткөрүүнү демилгелөө өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарына/Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын ЕКК маселелерин тейлеген орун басарына (ЕКК Башкаруучулар кеңешинин мүчөсүнө) кат менен кайрылат.

7. ЕКК маселелерин координациялоочу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары/Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын ЕКК маселелерин тейлеген орун басары (ЕКК Башкаруучулар кеңешинин мүчөсү) менен макулдашуу боюнча:

1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жалпыланган позициясын эске алуу менен ЕККнын Башкаруучулар кеңешинин жыйналышына материалдарды даярдайт;

2) даярдалган документтерге (материалдарга) өзгөртүүлөрдү киргизет жана зарылдыгына жараша тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашат;

3) ЕКК Башкаруучулар кеңешинин чечимдеринин долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасынын жыйынтыктоочу позициясын калыптандыруу үчүн макулдашылган материалдарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарына/Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын ЕКК маселелерин тейлеген орун басарына (ЕКК Башкаруучулар кеңешинин мүчөсүнө) ЕКК Башкаруучулар кеңешинин боло турган жыйналышына 3 (үч) жумуш күн калганда киргизет;

4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда пикир келишпестиктер келип чыккан учурда ЕКК Башкаруучулар кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибиндеги маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилери менен макулдашуу кеңешмесин өткөрөт.

8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары/Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын ЕКК маселелерин тейлеген орун басары (ЕКК Башкаруучулар кеңешинин мүчөсү) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинен ЕКК Башкаруучулар кеңешинин чечимдеринин долбоорлору боюнча жалпыланган позицияларды алгандан кийин:

1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда пикир келишпестиктер келип чыккан учурда талаш маселелер боюнча акыркы чечимди чыгарат;

2) ЕКК Башкаруучулар кеңешинин чечимдеринин долбоорлору боюнча позицияларды макулдашат;

3) зарыл болгон учурда ЕКК Башкаруучулар кеңешинин жыйналышынын күн тартибиндеги маселелер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилери менен кеңешмелерди өткөрөт;

4) зарыл болгон учурда ЕКК Башкаруучулар кеңешинин чечимдеринин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашат же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналышынын кароосуна киргизет.