Загрузка документа…
| Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын “31” _03_ № 91 токтомуна тиркеме |
Бишкек шаарынын аймагында
жеке мобилдүүлүк каражаттарын жайгаштыруу үчүн
аймакты берүүнүн жана аны пайдалануунун тартиби
Жалпы жоболор
ЖМКны жайгаштыруу үчүн муниципалдык аймактарды берүүнүн тартиби
Жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалануу эрежелери жана жүрүү тартиби
Корутунду жоболор
Жалпы жоболор
1. Ушул Бишкек шаарынын аймагында жеке мобилдүүлүк каражаттарын жайгаштыруу үчүн аймакты берүүнүн жана аны пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 183 «Жеке мобилдүүлүк каражаттарын эксплуатациялоо менен байланышкан юридикалык жана жеке жактардын ишин жөнгө салуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык иштелип чыкты жана жеке мобилдүүлүк каражаттарын (мындан ары – ЖМК) жайгаштыруу үчүн Бишкек шаарынын аймактарын берүүнүн, ЖМКны жайгаштыруу тартибине болгон талаптарды, ошондой эле аларды жайгаштырууга контролду жүзөгө ашыруунун тартибин белгилейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
ЖМКны пайдалануунун географиялык зонасы – чектеринде ЖМКны жайгаштырууга жана анда жүрүүгө мүмкүн болгон мэриянын ыйгарым укуктуу органы тарабынан белгиленген муниципалдык аймак;
контролдоочу орган – ушул Тартипке ылайык, жеке жана юридикалык жактар тарабынан ЖМКны жайгаштыруу ченемдеринин сакталышына контролду жүзөгө ашырган Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы;
оператор – ЖМКны жеке жүрүү максатында акы төлөнүүчү негизде убактылуу пайдаланууга берүү боюнча иш-аракетти жүзөгө ашырган, ЖМКны киреге/ижарага берүүнү ишке ашыруу үчүн ижаралоо келишиминин негизинде муниципалдык участокко ээлик кылган юридикалык же жеке жак;
арыз берүүчү – ЖМКны киреге/ижарага берүү түйүнүн жайгаштырууга жер участогун ижаралоо келишимин түзүү укугуна ээ болуу үчүн арыз берүүчү жак;
ЖМКны киреге/ижарага берүү түйүндөрүн жайгаштыруу схемасы (мындан ары -ЖМКны жайгаштыруу схемасы) – шаардын аймагында келүү жана кетүү орундарын, ЖМКны киреге/ижарага берүү түйүндөрүн жайгаштыруунун конкреттүү орундарын аныктоочу Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген документ;
ЖМКны киреге/ижарага берүү түйүнү – ЖМКны жайгаштыруу схемасына ылайык, белгиленген тартипте келишимдик негизде берилип, жөнөтүү жана келүү орду болуп эсептелген, ЖМКны жайгаштырууга арналган орун;
мэриянын ыйгарым укуктуу органы - муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болгон Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү.
ЖМКны жайгаштыруу үчүн муниципалдык аймактарды берүүнүн
тартиби
3. Инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрдү, жөө жүрүүчүлөр жана транспорт кыймылынын интенсивдүүлүгүн, жол кыймылы коопсуздугу талаптарын жана шаар куруу ченемдеринин сакталышын талдоонун негизинде мэриянын ыйгарым укуктуу органы тарабынан ЖМКны жайгаштыруу схемасы түзүлөт.
4. ЖМКны жайгаштыруу схемасы архитектура, курулуш жана жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдар менен милдеттүү түрдө макулдашууга жатат жана жер участокторун берүү маселелерин жетектеген Бишкек шаарынын мэринин орун басары тарабынан бекитилет.
ЖМКны жайгаштыруу схемасы ЖМКны пайдалануунун географиялык зонасын жана ЖМКны киреге/ижарага берүү түйүндөрүн кийинки жайгаштыруу үчүн, алардын ичинен оператор бир же бир нече конкреттүү локацияларды тандап алууга болгон локациялардын тизмегин аныктайт.
5. ЖМКны жайгаштыруу схемасына коопсуздуктун талаптарына, шаар куруу регламенттерине, архитектуралык чечимдерге жана башка ченемдерге ылайык транспорт каражаттарын, анын ичинде транспорт каражаттарын токтотууга тыюу салынган жерлерде жайгашкан жер участокторун киргизүүгө жол берилбейт, анын ичинде:
жүктөө-түшүрүү аянттарында жайгашкан участоктор;
майыптыгы бар адамдар үчүн арналган токтотмо орундары;
туурасы 2 (эки) метрден аз тротуарлар (минималдуу эркин өтүүнүн туурасы 1-1,5 метр болушу зарыл), мектептерге, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге, административдик имараттарга жакын аралыктар;
атайын жабдылган токтотмо жерлерден тышкары жолдордун жүрүүчү бөлүгү;
жер астында жана жер үстүндө жайгашкан жөө жүрүүчүлөр өтмөктөрүнөн өтүүчү жолдор жана чыгуучу жерлер, коомдук транспорт аялдамалары;
ЖМКны токтотууда көрүнүштү чектөө коркунучун жараткан, транспорттун кыймылына тоскоолдук кылуу, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн төмөндөтүү, ошондой эле авариялык жана экстремалдык кызматтардын ишине тоскоол болгон участоктор.
ЖМКны киреге/ижарага берүү түйүндөрүн жайгаштыруу үчүн жер участокторун берүү Схеманын негизинде жүргүзүлөт.
ЖМКны жайгаштыруу схемасы бекитилгенден кийин, оператор бекитилгендердин ичинен конкреттүү ЖМКны киреге/ижарага берүү түйүнүн тандап алат жана ЖМКны киреге/ижарага берүү түйүнүн жайгаштыруу үчүн ижара келишимин түзүүгө мэриянын ыйгарым укуктуу органына кайрылат.
6. Келишимди түзүү үчүн оператор мэриянын ыйгарым укуктуу органына убактылуу пайдалануу үчүн жер участогун берүү жөнүндө арызы менен кайрылат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
арыз ээси жөнүндө маалымат (жеке жак үчүн: фамилиясы, аты, атасынын аты, жекелигин ырастоочу документтин реквизиттери, катталган каттоо орду же иш жүзүндө жашаган жери жөнүндө маалыматтар, байланыш үчүн телефон номерлери; юридикалык жак үчүн: аталышы, юридикалык дареги жана (же) иш жүзүндө турган жери; байланыш телефондорунун номерлери; өкүл кайрылган учурда ишеним каттын реквизиттери);
бекитилген ЖМКны жайгаштыруу схемасына ылайык тандалган ЖМКны киреге/ижарага берүү түйүндөрүнүн жайгашкан жери;
мыйзамдарда каралган зарыл элементтер менен ЖМКнын жабдылышы жөнүндө маалыматтар.
Арызга арыз берүүчүнүн жекелигин ырастаган документтин, эгерде арыз берүүчү юридикалык жак болсо, уюштуруу документтеринин, ал эми эгерде арыз берүүчүнүн өкүлү тарабынан берилсе ишеним каттын көчүрмөлөрү тиркелет.
7. Мэриянын ыйгарым укуктуу органы 5 (беш) жумуш күндүн ичинде жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын кароосуна материалдарды жиберет.
8. Комиссия ушул Тартиптин талаптарын сактоо менен ЖМКны киреге/ижарага берүү түйүндөрүн жер участогуна жайгаштыруу менен байланышкан маселелерди карайт жана жер участокторун берүү жөнүндө чечимин кабыл алат.
9. Комиссия оң чечим кабыл алган учурда, мэриянын ыйгарым укуктуу органы 5 (беш) күндүк мөөнөттүн ичинде арыз берүүчү менен ижара келишимин түзөт.
Комиссиянын терс чечими кабыл алынган учурда, мэриянын ыйгарым укуктуу органы 5 (беш) жумуш күндүн ичинде арыз берүүчүгө баш тартуунун себебин көрсөтүү менен кат жөнөтөт.
10. ЖМКны жайгаштыруу үчүн жер участоктору түз сатуу жолу менен 1 (бир) жылга чейинки мөөнөткө кыска мөөнөттүү ижарага берилет.
ЖМКны киреге/ижара берүү түйүнүн жайгаштыруу үчүн жер участогунун аянты 5 (беш) чарчы метрден ашпоого тийиш.
11. Оператор жер участогун ижаралоо келишиминин мөөнөтү бүткөнгө чейин 15 (он беш) күн мурда ыйгарым укуктуу органга жер участогун пайдалануунун мөөнөтүн ушундай эле мезгилге узартуу жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
12. ЖМКны киреге/ижарага берүү түйүндөрүн жайгаштыруу үчүн жер участокторун пайдаланууга каралган ижара төлөмүнүн өлчөмүн аныктоо жана жер участогун убактылуу пайдалануу мөөнөтүн узартуу Бишкек шаарында жеңил типтеги объекттер үчүн жер участокторун берүү үчүн аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
13. Жер участогун убактылуу пайдалануу мөөнөтү бүткөн учурда, оператор жер участогун пайдалануу мөөнөтү узартылганга чейин же жер участогун бошоткон учурга чейин иш жүзүндө пайдалануу үчүн акы төлөөгө милдеттүү.
Жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалануу эрежелери жана жүрүү
тартиби
14. ЖМКны киреге берүү адистештирилген мобилдик тиркемелер же терминалдар аркылуу пайдалануучуну милдеттүү түрдө идентификациялоо менен жүзөгө ашырылууга тийиш.
15. Пайдалануучуну идентификациялоо пайдалануучу тарабынан төмөнкү маалыматтардын берилишинин негизинде жүзөгө ашырылат:
фамилиясы, аты жана атасынын аты;
туулган датасы;
байланыш маалыматтары;
банк эсебинен которуу менен банк картасы аркылуу төлөгөн учурда банктык реквизиттер.
16. ЖМКны пайдалануучулар маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартышат. Операторлор маалыматтарды бир жыл бою сактоого милдеттүү.
17. ЖМКны киреге/ижарага берүүдө бардык мобилдик тиркемелер географиялык зонаны жана уруксат берилген маршруттарды көрүү функциясын камтышы керек, бул сапарды белгиленген жерлерден тышкары аяктоо мүмкүнчүлүгүн чектейт. Тиркеме автоматтык түрдө колдонуучуга сапарды белгиленген жерде аяктоо керектигин билдириши керек.
18. Операторлор ишин мэрия тарабынан бекитилген географиялык зоналардын жана Жайгаштыруу схемасында каралган жерлердин чектеринде жүзөгө ашырышат. Программалык камсыздоонун чегинде чекиттерди жөнгө салууга алардын жайгашкан жерин өзгөртпөстөн, белгиленген жерлерде гана жол берилет.
19. ЖМКны пайдалануу алдында, оператор пайдалануучунун коопсуздук техникасы жана мыйзамдарда жана компаниянын ички саясатында каралган ЖМКны пайдалануу эрежелери менен таанышып чыгуусун камсыздоосу керек.
20. Пайдалануучу тарабынан Жол кыймылынын эрежелеринде жана ушул Тартипте көрсөтүлгөн талаптар сакталбаса, оператор ага карата тиркемеде бөгөттөө киргизет.
21. ЖМКны киреге/ижарага берүү боюнча ишти уюштуруу оператор тарабынан жүзөгө ашырылат, ал төмөнкүдөй иш алып барууга милдеттүү:
ЖМКнын иштешин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык камсыздоого;
ЖМКны пайдалануу эрежелери, төлөө шарттары жана төлөмдүн өлчөмү, ушул Тартиптин ченемдерин сактоо зарылчылыгы жөнүндө пайдалануучуларга тиркеме аркылуу маалымдоого;
ЖМКнын элементтеринин оң абалда болушун жана сакталышын техникалык тейлөөнү жана оңдоону контролдоону жүзөгө ашырууга;
ЖМКны пайдалануу тартиби жөнүндө, анын ичинде Интернеттин маалыматтык-телекоммуникация тармагы аркылуу калкка маалымдоого.
22. ЖМКны киреге/ижарага берүү түйүндөрүндө жайгаштырууга мониторинг жүргүзүү жана ЖМКнын техникалык абалын контролдоо оператор тарабынан автоматтык режимде иштеген жана Бишкек шаарынын аймагында ЖМКнын жайгашуусун чагылдыруучу атайын техникалык каражаттарды пайдалануу менен жүзөгө ашырылат.
23. Оператор ЖМКны пайдаланууга байланыштуу техникалык бузулуулар жана инциденттер жөнүндө ыкчам маалымат берүү үчүн арналган пайдалануучулар үчүн кайтарым байланыш системасынын болушун камсыздайт.
24. Контролдоочу орган оператордун колдоо кызматына билдирүү жөнөтүү жолу менен ЖМКны белгиленген аймактан тышкары калтыруу жөнүндө маалымдайт. Оператор билдирүү алгандан кийин жеке мобилдүүлүк каражаттарын жылдыруу боюнча ошол замат чара көрүүгө милдеттүү.
25. ЖМК жалпы пайдалануудагы аймакта 3 (үч) сааттан ашык туруп, оператор тарабынан аны жакынкы киреге/ижарага берүү түйүнүнө жылдыруу боюнча зарыл чаралар көрүлбөсө, көзөмөлдөөчү орган ЖМКны атайын сактоо жайына жылдырат. Ал жерден чыгымдар төлөнгөндөн кийин кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү берилет. ЖМКны операторго берүү чыгымдарды төлөө тууралуу квитанция көрсөтүлгөн учурда гана кайтарылып берилет. ЖМКны жылдыруу жана сактоо боюнча чыгымдардын өлчөмү Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен бекитилет.
26. ЖМК жалпы пайдалануудагы аймактарда, киреге/ижарага берүү түйүндөрүнөн тышкары жерлерде калтырылган учурда, алар жөө жүрүүчүлөрдүн же автотранспорт каражаттарынын кыймылына тоскоолдук жараткан же тиешелүү аймакта жашоону камсыздоо иштери (муниципалдык аймакты санитардык тазалоо, авариялык кырдаалдарды жоюу, оңдоо иштерин жүргүзүү) жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу 3 (үч) сааттык мөөнөт өтө электе жылдырылууга тийиш.
27. ЖМКны жылдырууда ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы тарабынан ЖМКны жайгаштыруунун мыйзамсыздыгы жөнүндө акт 2 (эки) нускада түзүлөт, анын бир нускасы операторго берилет, экинчиси контролдоочу органда калтырылат.
28. Акт төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
акт түзүлгөн күндү жана убакытты, ошондой эле ЖМКны жылдыруу зарылдыгы жөнүндө операторго билдирүү убактысын;
актыны түзгөн кызмат адамы жөнүндө маалыматтарды (аты-жөнү, кызмат орду, органдын аталышы);
ЖМКнын маркасын, моделин, сериялык номерин же башка идентификациялоочу белгисин;
ЖМК табылган жердин дарегин (координаттарын);
жылдырууну жана сактоону жүзөгө ашырган уюм жөнүндө маалыматтарды;
акт түзгөн кызмат адамы тарабынан коюлган колду.
Актыга ЖМКны киреге/ижара берүү түйүндөрүнөн тышкары жалпы пайдалануудагы аймактарда калтырылган факт тастыктаган фото жана видео материалдар тиркелет жана ЖМКнын абалы көрсөтүлөт.
29. Бишкек шаарынын мэриясы ЖМКны жылдыруу, оператордун колдоо кызматына билдирүү жөнүндө маалымат берүү, сактоо, эсепке алуу жана кайтарууну жүзөгө ашыруу боюнча түзүмдүк бөлүмдү аныктайт.
Корутунду жоболор
30. ЖМКнын үчүнчү жактар тарабынан уурдалып кетүүсү жана зыянга учуроосу боюнча тобокелдиктерди транспорт каражаттарынын ээлери өз алдынча тартышат.
31. Ыйгарым укуктуу органдардын ЖМКны киреге/ижарага берүү түйүндөрүн жайгаштыруу үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү, ошондой эле ЖМКны атайын сактоо жайына жылдыруу боюнча чечимдери Кыргыз Республикасынын административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.
32. ЖМКны киреге/ижарага берүү түйүнүн уюштуруу оператор тарабынан токтотмо зонаны уюштуруу, анын ичинде киреге/ижарага берүү чек арасынын периметри боюнча анын чектерин так белгилөө үчүн белгилерди, талаптагыдай визуалдык белгилерди коюу жана токтотмонун тийиштүү техникалык жана санитардык абалын камсыз кылуу аркылуу өз алдынча жүзөгө ашырылат.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
И. Б. Аденов |