ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги жыйырма биринчи сессиясы
2023-жылдын 27-сентябрындагы № 21/105
Административдик аймактык реформанын долбоорун жактыруу жөнундө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18- октябрындагы “Кырыгыз Республикасынын административдик- аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорлу өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө “ ПЖ № 350 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Өзгөн районунда Административдик аймактык реформаны жүргүзүү боюнча долбоору менен таанышып чыгып Жазы айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1.Өзгөн районунун Зергер(бардык айылдыры),Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн Доңуз-Тоо, Кызыл-Тоо, Ак-Кыя айылдары менен Жазы айыл өкмөтүнүн (бардык айылдары) айыл аймактарын бириктирүү долбоору колдоого алынсын.
2. Бириккен айыл аймагынын аталышы “Жазы” деп аталып , борбору Кара-Дыйкан айылына жайгашуусу жактырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттык этика, регламент мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо жана диний иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Камчибеков |