Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 257 токтомуна)
|
Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоодо, кайра каттоодо жана ишин токтотууну каттоодо келип чыккан мамилелерди, ошондой эле юридикалык жактардын, филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн бирдиктүү мамлекеттик реестрине (мындан ары – мамлекеттик реестр) маалыматтарды киргизүүнү жөнгө салат.
2. Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо, кайра каттоо, ишин токтотууну каттоо (мындан ары – каттоо) – юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо, ишин токтотууну каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) жана анын аймактык органдарынын (мындан ары – каттоочу орган) юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү, кайра каттоо жана ишин токтотууну каттоо жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле ушул Жободо каралган башка маалыматтарды мамлекеттик реестрге киргизүү аркылуу жүзөгө ашырылуучу аракетин билдирет.
3. Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо тартибинин укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер саналат.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тигил же бул юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр үчүн каттоонун башкача тартиби каралган учурларды кошпогондо, ушул Жобого ылайык бардык юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр каттоодон өтүүгө тийиш.
5. Каттоо төмөнкү максаттарда ишке ашырылат:
– каттоо, ошондой эле мамлекеттик реестрге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү фактысын ырастоо;
– катталган, кайра катталган жана ишин токтоткон юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү эсепке алуу;
– мамлекеттик реестрди жүргүзүү;
– катталган, кайра катталган жана ишин токтоткон юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр жөнүндө маалыматтарды кызыкдар жеке жана юридикалык жактарга берүү.
6. Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо ыйгарым укуктуу орган жана анын аймактык органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо саясий партияларды кошпогондо, юридикалык дарегине карабастан каттоочу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Саясий партияларды каттоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
7. Кыргыз Республикасында юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоодо, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе арыз берүү мүнөзүнө ээ.
2-глава. Юридикалык жактарды, филиалдарды жана
өкүлчүлүктөрдү каттоонун жалпы тартиби
8. Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоодо документтер арыз ээси тарабынан каттоочу органга берилет.
Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо санариптик формада жүргүзүлүшү мүмкүн.
Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү санариптик формада каттоо тартиби каттоочу орган тарабынан аныкталат.
9. Төмөнкү адамдар арыз ээси катары чыга алат:
– юридикалык жакты каттоодо анын уюмдаштыруучусу (катышуучусу);
– юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн аткаруучу органынын жетекчиси;
– юридикалык жактын ишин токтотууну каттоодо жоюу комиссиясынын жетекчиси (ликвидатор);
– ишеним каттын негизинде аракеттенген башка жак.
10. Арыз ээси документтерди каттоого бергенге чейин каттоочу органдын расмий сайтында жайгаштырылган ачык мамлекеттик реестр аркылуу болжолдонгон фирмалык аталыштардын мурда катталган аталыштарга дал келишин жана окшоштугун өз алдынча текшерет.
Юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн фирмалык аталышынын дал келүүсү жана окшоштугу жок болгон учурда арыз ээси фирмалык аталышты резервге кое алат.
Юридикалык жактардын, филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн фирмалык аталыштарын резервге коюу тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
Юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр өздөрүнүн фирмалык аталышында мамлекеттик жана расмий тилдерде тиешелүүлүгүнө жараша кыргыз жана орус алфавиттеринин тамгаларын, ал эми англис тилинде – латын алфавитинин тамгаларын гана пайдаланууга тийиш.
Юридикалык жактын филиалдын жана өкүлчүлүктүн фирмалык аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде милдеттүү түрдө таризделүүгө тийиш. Фирмалык аталышты мамлекеттик жана расмий тилдерге которуу аутенттүү жана анын мааниси жактан мазмунуна шайкеш келүүгө тийиш.
11. Каттоо арызына арыз ээси кол коет. Каттоо арызынын формасына жана анын мазмунуна карата коюлуучу талаптар ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
Каттоо арызында Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган тартипте юридикалык жактын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
12. Каттоого алууда юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн документтери каттоочу органга мамлекеттик же расмий тилде тапшырылат.
13. Каттоого алууда арыз ээси тапшырган документтерди эсепке алуу жана сактоо каттоочу орган тарабынан камсыз кылынат.
14. Каттоону жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган документтерди жана маалыматтарды талап кылууга жол берилбейт.
15. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу жана (же) жөнгө салынуучу финансы-кредиттик уюмдардын (мындан ары – финансы-кредиттик уюмдар), финансы-кредиттик уюмдардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн уюмдаштыруу документтерин кошпогондо, устав, уюмдаштыруу келишими жана жобо каттоочу органга берилүүгө тийиш эмес.
16. Юридикалык жак, филиал жана өкүлчүлүк өз ишин типтүү уставдардын негизинде жүзөгө ашырат.
Финансы-кредиттик уюмдардын уставдарын кошпогондо, типтүү уставдарды иштеп чыгуу жана бекитүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
17. Уюмдаштыруу документтеринин мазмуну мыйзамдардын ченемдерине каршы келген учурда тиешелүү юридикалык жактын иш чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдардын ченемдери колдонулат.
18. Юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү каттоо, кайра каттоо 3 (үч) жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
19. Финансы-кредиттик уюмдарды, ошондой эле финансы-кредиттик уюмдардын, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн каттоо, кайра каттоо 5 (беш) жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
«Өткөөл» банкын түзүъдө аны каттоонун тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын банктар жана банк иши чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен аныкталат.
20. Саясий партияны, филиалды жана өкүлчүлүктү каттоо жана кайра каттоо 10 (он) жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
21. Юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн ишин токтотууну каттоо 5 (беш) жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
22. Каттоо мөөнөтү арыз түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып эсептелет.
23. Юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү каттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген башка мөөнөттөрдө жүргүзүлүшү мүмкүн.
24. Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди каттоо ушул Жобонун 19-пунктунда каралган мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.
25. Юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү каттоодо Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык жыйым жана төлөм алынат, анын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Ушул Жобонун 125–126-пункттарында каралган негиздер боюнча юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү каттоодон баш тартуу жөнүндө буйрук чыгарылган учурда жыйымдарды жана төлөмдөрдү кайтарып берүү жүргүзүлбөйт.
Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди жана ишканаларды мамлекеттик каттоодо каттоочу орган тарабынан жыйым жана төлөм алынбайт.
26. Тапшырылган документтердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештигине экспертиза жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча каттоочу орган тарабынан каттоо жөнүндө маалымкат (күбөлүк) ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген санариптик формада (мындан ары – маалымкат (күбөлүк) берилет.
Маалымкаттын (күбөлүктүн) санариптик формасы каттоо арызында көрсөтүлгөн электрондук почтага же башка мессенджер аркылуу жиберилет.
Маалымкат (күбөлүк) юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү каттоо фактысын күбөлөндүрүүчү документ болуп саналат.
Юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү каттоо жөнүндө маалымкатты (күбөлүктү) берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензия алууну талап кылган ишти баштоо үчүн негиз болуп саналбайт. Юридикалык жактын лицензиялануучу иш чөйрөсүндөгү укуктук жөндөмдүүлүгү тиешелүү лицензияны алган учурдан тартып пайда болот жана аны мыйзамдарда белгиленген тартипте алып койгон же жараксыз деп таанылган учурдан тартып токтотулат.
Маалымкат (күбөлүк) жана мамлекеттик реестрден алынган көчүрмө бардык мамлекеттик, муниципалдык, сот, укук коргоо органдары жана уюмдар тарабынан расмий түрдө таанылууга тийиш.
27. Юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү каттоо жөнүндө маалымкат (күбөлүк) жоголгон (бузулган) учурда («Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык катталган, кайра катталган юридикалык жактар үчүн) юридикалык жак, филиал жана өкүлчүлүк маалымкат (күбөлүк) алуу үчүн каттоочу органга кайрылууга укуктуу.
Маалымкат (күбөлүк) юридикалык жактын, филиалдын же өкүлчүлүктүн жетекчисинин арызынын негизинде ушул Жобонун 26-пунктунда каралган тартипте 3 (үч) жумуш күндүн ичинде берилет.
28. Юридикалык жак, филиал жана өкүлчүлүк мөөр жана (же) штамп колдонууга укуктуу, аларда юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн мамлекеттик жана расмий тилдердеги толук фирмалык аталышы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка реквизиттери жазылышы керек.
29. Юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн архивдик каттоо иштеринин көчүрмөлөрү кызыкдар жактарга арыз берилген учурдан тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде берилет.
Юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн архивдик каттоо иштери каттоочу органда туруктуу негизде сакталат.
3-глава. Каттоонун өзгөчөлүктөрү
30. Финансы-кредиттик уюмдарды, алардын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн (алмашуу бюролорун кошпогондо) каттоодо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын же анын аймактык бөлүмүнүн макулдугу талап кылынат.
31. Юридикалык жакты каттоодо, кайра каттоодо жана ишин токтотууну каттоодо Кыргыз Республикасынын табигый монополиялар жана атаандаштык чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган учурларда монополияга каршы мамлекеттик органдын алдын ала макулдугу талап кылынат.
32. Филиалды, өкүлчүлүктү түзгөн же башка юридикалык жактын уюмдаштыруучусу катары чыккан чет өлкөлүк юридикалык жак, юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү каттоодо мамлекеттик реестрден алынган легалдаштырылган же апостилдештирилген көчүрмөнү же болбосо өзү каттоодон өткөн мамлекеттин мыйзамдарына ылайык аракеттеги юридикалык жак болуп саналарын ырастаган башка документти кошумча берет.
Мамлекеттик реестрден көчүрмөнү же чет өлкөлүк юридикалык жак өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча аракеттеги юридикалык жак болуп саналарын ырастаган, чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын расмий сайтынан алынган башка документти берүүгө жол берилет.
Мамлекеттик реестрден алынган көчүрмөнү же өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча аракеттеги юридикалык жак болуп саналарын ырастаган башка документти тапшыруу мөөнөтү көрсөтүлгөн документтер берилген күндөн тартып 6 (алты) айдан ашпоого тийиш.
Эл аралык келишимдин негизинде түзүлүүчү юридикалык жакты каттоодо, кайра каттоодо Жобонун ушул пунктунда каралган документтерди берүү талап кылынбайт.
33. Юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү каттоодо юридикалык жактын уюмдаштыруучусу (катышуучусу), жетекчиси катары чыгып жаткан жеке жак каттоочу органга паспортунун же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын ырастаган документ катары таанылган башка документтин көчүрмөсүн кошумча берет.
Юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү санариптик форматта каттоого алууда инсандыгын ырастаган документтер берилбейт.
34. Ишин токтотуп жаткан юридикалык жак кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзүү менен күбөлүктү («Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык катталган, кайра катталган юридикалык жактар үчүн), мөөрлөрдү жана (же) штамптарды каттоочу органга тапшырат.
35. Фирмалык аталыштын өзгөргөндүгүнө байланыштуу кайра каттоодо юридикалык жак, филиал жана өкүлчүлүк кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзүү менен күбөлүктү («Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык катталган, кайра катталган юридикалык жактар үчүн), мөөрлөрдү жана (же) штамптарды каттоочу органга тапшырууга милдеттүү.
36. Каттоого документтерди санариптик форматта берүү ушул Жобонун 35-пунктунда каралган документтерди арыз ээси тарабынан каттоочу органга кагаз түрүндө арыз берилген күндөн тартып 10 (он) күндөн кечиктирбестен тапшыруу шарты менен жүргүзүлөт.
Каттоочу орган берилген документтер келип түшкөн учурдан тартып 3 (үч) күндөн кечиктирбестен күбөлүктүн берилгени жана мөөрдү жана (же) штампты кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын түзүлгөнү жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик реестрге киргизүүгө милдеттүү.
Белгиленген мөөнөттүн ичинде берилген документтер юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн архивдик каттоо ишине тиркелет.
37. Мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жок кылуу тартиби, ошондой эле мөөрлөрдү жана (же) штамптарды кабыл алуу-өткөрүп берүү формасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
38. «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык катталган, кайра катталган юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү каттоо, кайра каттоо жөнүндө күбөлүк жоголгон (бузулган) учурда каттоочу органга жетекчи тарабынан кол коюлган жана юридикалык жактын, филиалдын же өкүлчүлүктүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн билдирүү берилет.
Юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн мөөрлөрү жана (же) штамптары жоголгон (бузулган) учурда каттоочу органга жетекчи тарабынан кол коюлган билдирүү берилет. Жетекчинин колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
39. Жоголуу (бузулуу) жөнүндө билдирүү келип түшкөн күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде каттоочу органдын расмий сайтында жарыяланууга тийиш, ошондой эле юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн архивдик каттоо ишине тиркелет.
40. Юридикалык жакты кайра каттоодо каттоочу органга өткөрүп берүү актысы же бөлүштүрүү балансы берилет, анда кайра уюштурулган юридикалык жактын бардык кредиторлору жана карызкорлору боюнча бардык милдеттенмелер, анын ичинде тараптар талашка койгон милдеттенмелер боюнча укук улантуу жөнүндө жоболор камтылууга тийиш.
41. Кайра уюштурууга байланыштуу юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн ишин токтотууну каттоо үчүн документтерди тапшырганга чейин бир ай мурда кредиторлор болгон учурда арыз ээси каттоочу органга кредиторлор тарабынан дооматтарды коюу мөөнөтүн көрсөтүү менен юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн ишин токтотуу жөнүндө кабарлоо жөнөтүүгө милдеттүү. Каттоочу орган арыз ээсинен кабарлоону алганда аны өзүнүн расмий сайтына жайгаштырууга милдеттүү.
Кредиторлор тарабынан дооматтарды коюунун мөөнөтү каттоочу органдын расмий сайтында маалымат жарыяланган күндөн тартып бир айдан кем болбошу зарыл.
Кредиторлор жок болгон учурда каттоочу органга алардын жоктугу жөнүндө юридикалык жактын жетекчисинин колу коюлган кепилдик кат берилет. Кабарлоонун формасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
42. Юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн ишин токтотууну каттоо жөнүндө кабарлоо алынган учурда каттоочу орган электрондук документ жүгүртүү системасы (мындан ары – ЭДС) аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар тууралуу, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү, бажы жыйымдары (алымдары) боюнча милдеттенмелердин жоктугу, ошондой эле сынам жыйымдары боюнча карыздын жоктугу жөнүндө маалыматтарды сурайт.
43. Уставдык капиталдын (пайлык фонддун) өлчөмүнүн азайышына байланыштуу кайра каттоодо чарбалык шериктештик жана коом, кооператив бардык кредиторлорго бул жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлаганын ырастаган документтерди берет. Кредиторлор жок болгон учурда юридикалык жак каттоочу органга алардын жок экендиги жөнүндө жетекчисинин колу коюлган кепилдик катты берүүгө тийиш.
44. Чет тилде түзүлгөн документтер каттоочу органга мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен берилет.
Чет өлкөлүк уюмдаштыруучу (катышуучу), жетекчи же юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн ишенимдүү адамы түшүнүү үчүн жеткиликтүү болбогон мамлекеттик же расмий тилде түзүлгөн документтер ал билген тилге жазуу жүзүндө которулууга тийиш. Аталган котормо нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө жана документтин түп нускасы менен бирге каттоочу органга берилүүгө тийиш.
45. Саясий партияны каттоодо каттоо арызына саясий партиянын бекитилген программасы тиркелет.
46. Диний уюмду, диний окуу жайын каттоодо, кайра каттоодо каттоо арызына алардын дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда эсептик каттоодон, кайра каттоодон өткөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсү тиркелет.
47. Турак жайдын менчик ээлеринин шериктештигин каттоодо каттоо арызына төмөнкүлөр тиркелет: алардын фамилиясын, атын, атасынын атын (бар болсо), даректерин жана реквизиттерин, ошондой эле аларга менчик укугунда таандык болгон жайларга укук белгилөөчү документтерин көрсөтүү менен аталган менчик ээлеринин колдору коюлган шериктештиктин уюмдаштыруу чогулушуна катышкан көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин тизмеси; кыймылсыз мүлккө менчик укугун ырастаган көчүрмө; тиешелүү мамлекеттик органдын көп батирлүү үйдө катталган турак жана турак эмес жайлардын санын ырастаган каты.
48. Коомдук бирикмени, кооперативди кайра каттоодо жана ишин токтотууда каттоо арызына фамилиясын, атын, атасынын атын, мүчөлүккө кирген датаны көрсөтүү менен жетекчинин колу коюлган жана юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн коомдук бирикменин, кооперативдин мүчөлөрүнүн реестри тиркелет.
49. Жалгыз уюмдаштыруучусу (акционери) башка чарбалык коом болуп саналган жалгыз уюмдаштыруучусу (акционери) бар чарбалык коомдорду каттоого Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 128, 143-статьяларында белгиленген тартипте аларда каралган чектөөлөрдү эске алуу менен уруксат берилет.
50. Кайра каттоо же ишин токтотууну каттоо жол-жобосунан өтүп жаткан 1997-жылдын 1-январына чейин катталган, кайра катталган жана мамлекеттик реестрге киргизилбеген юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр мамлекеттик статистика органы тарабынан берилген юридикалык жак, филиал жана өкүлчүлүк жөнүндө маалыматтарды камтыган документти, ошондой эле салык органынын ИСН тууралуу маалыматты кошумча берет.
51. Катталуучу, кайра катталуучу юридикалык жактын уюмдаштыруучусу (катышуучусу) катары чыккан жеке жана (же) юридикалык жакка он жана андан көп юридикалык жак катталган, кайра катталган фактылар аныкталган учурда каттоочу орган ушул Жобонун 125-пунктуна ылайык арызды кароону токтото турат, бул жөнүндө салык органына алардын иш жүзүндө ишин жүргүзүп жаткандыгын жана тиешелүү отчетторду тапшыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаргандыгын текшерүү үчүн кабарлайт.
Кабарлоонун формасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
Салык органы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген мөөнөттө иш жүзүндө иштин жүргүзүлүшү жана тиешелүү отчетторду тапшыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы жөнүндө толук маалымат берет.
52. Юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн (мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди кошпогондо) юридикалык дарегин (жайгашкан жерин) аныктоодо тиешелүү чечимдерде каттоочу органга кошумча түрдө менчик ээсинин (пайдалануучунун) макулдугу же тиешелүү мүлктүк жалдоо келишими же башка келишим Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен алынган көчүрмөнү тиркөө менен берилет.
Менчик ээсинин (пайдалануучунун) макулдук берүү формасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
Эгерде юридикалык жактын, филиалдын же өкүлчүлүктүн уюмдаштыруучусу (катышуучусу) юридикалык дарек катары көрсөтүлгөн жайды ижарага алуучу болуп саналса, каттоочу органга тиешелүү мүлктүк жалдоо келишими же башка келишим берилет.
Берилген почта дареги бар катталган имараты же курулмасы жок жер тилкеси юридикалык жакты каттоодо анын юридикалык дареги катары колдонулушу мүмкүн эмес.
53. Каттоочу орган берилген маалыматтардын толуктугуна жана айкын шайкеш келбестиктердин жоктугуна базалык текшерүүнү жеткиликтүү мамлекеттик маалыматтык системаларды пайдалануу менен жүргүзөт.
Каттоочу орган тобокелдиктерди улуттук баалоонун натыйжалары боюнча аныкталган кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) жана кылмыш ишин каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) жогорку тобокелдиги бар секторлордо юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү каттоого өтө көңүл буруу менен тобокелдикке багытталган мамилени колдонот.
54. Ушул Жобо күчүнө киргенге чейин катталган юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
55. Юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр менчик түзүмү ар бир өзгөргөн учурда бенефициардык ээлердин алмашканы тууралуу кабарлоону жиберүүгө милдетүү.
56. Маалыматтарды бербей коюу же анык эмес маалыматтарды берүү «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 32-беренелерине ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет.
57. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык санариптик формада берилген жана квалификациялык санариптик кол тамга коюлган документ кагаз сактагычтагы документ менен бирдей юридикалык күчкө ээ санариптик документ деп таанылат жана милдеттүү түрдө мөөр менен бекитилүүгө жатпайт.
58. Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо функцияларын аткаруу үчүн каттоочу орган:
1) каттоочуну аныктоого укуктуу;
2) арыз ээсинин талабы боюнча чечимдердин долбоорлорун иштеп чыгат.
Каттоочу орган даярдаган документтер боюнча юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү каттоодо мыйзамдарга шайкештигине экспертиза жүргүзүлбөйт.
59. Берилген документтерди текшерүүнүн натыйжалары боюнча каттоочу орган тарабынан төмөнкү чечимдердин бири кабыл алынат:
1) юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү каттоо;
2) юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү каттоо мөөнөтүн токтотуу;
3) юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү каттоодон баш тартуу.
Арыз ээси 3 (үч) жумуш күндүн ичинде юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү каттоо мөөнөтүн токтотуу жөнүндө буйрук чыгарылгандан кийин каттоочу орган аныктаган кемчиликтерди жоюуга укуктуу. Ошол эле учурда кемчиликтерди жоюу мезгили каттоо үчүн белгиленген мөөнөткө кирбейт.
60. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түзүүдө, кайра уюштурууда жана фирмалык аталышты өзгөртүүдө арыз берүү тартибинде каттоо жол-жобосунан өтөт.
61. Мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөнкүлөрдү берет:
1) каттоочу орган бекиткен форма боюнча каттоо арызын;
2) мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы анын негизинде түзүлгөн, кайра уюштурулган, анын фирмалык аталышы өзгөртүлгөн укуктук актты;
3) мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жобосун (уставын), регламентин эки нускада;
4) жетекчини дайындоо же шайлоо жөнүндө укуктук актты.
4-глава. «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча каттоо
62. Каттоо каттоочу орган тарабынан «бирдиктүү терезе» принциби боюнча жүргүзүлөт.
63. «Бирдиктүү терезе» принциби өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) каттоочу орган тарабынан каттоону салык органында, статистика жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары – Социалдык фонд) органдарында бир убакта каттоо жана эсепке коюу менен жүргүзүүнү;
2) салык төлөөчүнүн каттоо номерин, идентификациялык салык номерин (мындан ары – ИСН) жана ишканалар менен уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун кодун (мындан ары – ИУЖК коду) ыйгаруу менен каттоо жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик реестрге киргизүүнү;
3) каттоочу орган тарабынан ыйгарылган каттоо номери, ИСН жана ИУЖК коду менен каттоо жөнүндө маалымкатты (күбөлүктү) берүүнү (арыз ээсинин талабы боюнча).
64. «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча иш каттоодон өткөндөн кийин салык органдарында, статистика жана Социалдык фонддун органдарында кошумча каттоо жана эсепке коюу талап кылынбайт.
65. «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча каттоону камсыз кылуу максатында каттоочу органдын салык органдары, статистика жана Социалдык фонддун органдары, ошондой эле башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5-глава. Юридикалык жакты каттоо
66. Юридикалык жакты каттоодо каттоочу органга төмөнкү документтер берилет:
1) ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча каттоо арызы;
2) уюмдаштыруучунун (уюмдаштыруучулардын) юридикалык жакты түзүү, уставды бекитүү жана башкаруу органдарын түзүү, уюмдаштыруу документтерин бекитүү (түзүү) жана финансы-кредиттик уюмдун башкаруу органдарын түзүү жөнүндө чечими;
3) түзүлүп жаткан коммерциялык эмес уюмдун уюмдаштыруучуларынын тизмеси же демилгечи жарандардын (турак жай менчик ээлеринин шериктештиктери үчүн) фамилиясын, атын, атасынын атын (бар болсо), туулган жылын, жарандыгын, идентификациялык жеке номерин (мындан ары – ИЖН) жана дарегин көрсөтүү менен тизмеси;
4) финансы-кредиттик уюмдун бардык уюмдаштыруучулары тарабынан кол коюлган эки нускадагы уюмдаштыруу келишими;
5) каттоо жыйымы жана акысы төлөнгөндүгүн ырастаган документ (маалымат);
6) ушул Жободо каралган башка документтер.
67. Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюмдаштыруучунун (уюмдаштыруучулардын) чечими төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) катталуучу юридикалык жактын мамлекеттик жана расмий тилдердеги фирмалык аталышын;
2) жайгашкан жерин (юридикалык дарегин);
3) фамилиясын, атын, атасынын атын (бар болсо), жарандыгын, ИЖН, жашаган жерин (жеке жактар үчүн), толук фирмалык аталышын, ИСН жана юридикалык дарегинин турган жерин (юридикалык жактар үчүн) көрсөтүү менен ар бир уюмдаштыруучу жөнүндө маалыматтарды;
4) уставдык капиталдын (пайлык фонддун) өлчөмүн жана юридикалык жактын уставдык капиталындагы (пайлык фондундагы) ар бир уюмдаштыруучунун үлүштөрүнүн (пайларынын) өлчөмүн;
5) аткаруу органынын жетекчисинин фамилиясын, атын, атасынын атын (бар болсо) жана ИЖН;
6) фамилиясын, атын, атасынын атын (бар болсо), жарандыгын, ИЖН, жашаган жерин (жеке жактар үчүн), толук фирмалык аталышын, ИСН жана юридикалык дарегинин жайгашкан жерин (юридикалык жактар үчүн) көрсөтүү менен юридикалык жактын ар бир бенефициардык ээси жөнүндө маалыматтарды.
Каттоо жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык башка маалыматтарды камтышы мүмкүн.
68. Уюмдаштыруучунун (уюмдаштыруучулардын) юридикалык жакты түзүү жөнүндө чечиминде анда көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтар анык экендиги жана каттоо учурунда уставдык капиталды (пайлык фондду) төлөө тартиби сакталгандыгы ырасталат.
Уюмдаштыруучунун (уюмдаштыруучулардын) юридикалык жакты түзүү жөнүндө чечимине ар бир уюмдаштыруучу кол коет жана ар бир жеке жактын – уюмдаштыруучунун колу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлөт.
Юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колу юридикалык жактын мөөрү менен бекитилүүгө же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Ушул Жобонун 66-пунктунда көрсөтүлгөн документтер каттоочу органга санариптик форматта берилген учурда юридикалык жактын мөөрү менен милдеттүү түрдө бекитүү же анын (алардын) колун нотариалдык жактан күбөлөндүрүү талап кылынбайт.
Коммерциялык эмес уюмдун уюмдаштыруучулары же демилгечилер жеке жактар болгон учурда уюмдаштыруучулардын тизмесинде же демилгечи жарандардын тизмесинде ар бир уюмдаштыруучунун (демилгечинин) фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), туулган жылы, жашаган жеринин дареги жана ИЖН көрсөтүлөт. Тизмеге уюмдаштыруучулар же демилгечилер кол коет, мында алардын колу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Коммерциялык эмес уюмдун уюмдаштыруучусу болуп юридикалык жак чыккан учурда уюмдаштыруучулардын тизмесинде ар бир юридикалык жактын фирмалык аталышы жана каттоо (кайра каттоо) датасы, жайгашкан жери жана ИСН көрсөтүлөт. Жогоруда аталган тизмедеги юридикалык жактын жетекчисинин колу юридикалык жактын мөөрү менен бекитилет же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлөт.
Коммерциялык эмес уюмду түзүү, уставды бекитүү жана коммерциялык эмес уюмдун башкаруу органдарын түзүү жөнүндө чечимге, тиешелүү юридикалык жактын иш чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, чогулуштун төрагасы жана катчысы кол коет, алардын колу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Коммерциялык эмес уюмдун уюмдаштыруучусу болуп бир жеке жак чыккан учурда жогоруда аталган чечимге ошол уюмдаштыруучу кол коет жана анын колу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлөт.
Коммерциялык эмес уюмдун уюмдаштыруучусу болуп бир юридикалык жак чыккан учурда жогоруда аталган чечимге юридикалык жактын жетекчиси кол коет жана анын колу юридикалык жактын мөөрү менен бекитилет.
Уюмдаштыруучунун (катышуучунун) финансы-кредиттик уюмдун уюмдаштыруу документтерин түзүү, бекитүү (түзүү) жана башкаруу органдарын түзүү жөнүндө чечимине ар бир уюмдаштыруучу кол коет, мында жеке жактын уюмдаштыруучусунун колу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш, ал эми юридикалык жактын өкүлүнүн колу юридикалык жактын мөөрү менен бекитилүүгө тийиш.
69. Каттоочу орган ушул Жобонун 18–21-пункттарында белгиленген мөөнөттөрдө төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) берилген документтердин мыйзамдарга шайкештигине экспертиза жүргүзүүгө;
2) тизмектин бар экендигин жана юридикалык жакты каттоо үчүн зарыл болгон документтерде камтылган маалыматта так эместиктердин же шайкеш келбестиктердин жоктугун текшерүүгө;
3) арыз ээсинин талабы боюнча аныкталган мыйзамга шайкеш келбестиктерди, аларда камтылган маалыматтагы так эместиктерди же шайкеш келбестиктерди жоюу үчүн уюмдаштыруу документтеринин/ чечимдердин долбоорлорун даярдоого;
4) ушул Жободо каралган талаптардын сакталышын текшерүүгө;
5) ушул Жобонун 59-пунктунда каралган тиешелүү буйрукту чыгарууга.
70. Каттоочу орган юридикалык жакты каттоо жөнүндө буйрук чыгарылгандан кийин төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) каттоо жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик реестрге киргизүүгө;
2) ушул Жобонун 26-пунктунда белгиленген тартипте арыз ээсине маалымкатты (күбөлүктү) берүүгө;
3) юридикалык жактын каттоо делосун тариздөөгө, аны каттоочу органдын «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин архивдик документтеринин базасы» автоматташтырылган маалыматтык системасына 3 (үч) жумуш күндүн ичинде киргизүүгө;
4) каттоочу органдын мөөрү же штампы менен бекитилген уюмдаштыруу документтеринин бирден нускасын берүүгө (финансы-кредиттик уюмдар үчүн).
71. Юридикалык жакты каттоо датасы деп каттоочу орган тарабынан тиешелүү буйрук чыгарылган дата таанылат.
6-глава. Юридикалык жакты кайра каттоо
72. Юридикалык жак төмөнкү учурларда кайра каттоо жол-жобосунан өтүүгө милдеттүү:
1) өзгөртүп түзүү, бөлүп чыгаруу, бириктирүү формасындагы кайра уюштурууда;
2) уставдык капиталдын же пайлык фонддун өлчөмү өзгөргөндө;
3) фирмалык аталышы өзгөргөндө;
4) уюмдаштыруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө же болбосо уюмдаштыруу документтерин жаңы редакцияда (финансы-кредиттик уюмдар жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн) (юридикалык дарегин кошпогондо) бекитүүдө (түзүүдө);
5) чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун (акционердик коомдорду кошпогондо), коомдук фонддордун, мекемелердин жана топтолмо пенсиялык фонддордун мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын уюмдаштыруучуларынын (катышуучуларынын) курамы өзгөргөндө;
6) чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун (акционердик коомдорду кошпогондо) уставдык капиталындагы уюмдаштыруучунун (катышуучулардын) үлүштөрү өзгөргөндө;
7) сот тарабынан аны кайра каттоо жөнүндө чечим кабыл алынганда.
73. Юридикалык жак мыйзамдарда башка мөөнөттөр каралган учурларды кошпогондо, ушул Жобонун 72-пунктунда саналган негиздердин жок дегенде бири болгондо тиешелүү чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде, ал эми финансы-кредиттик уюмдарга карата – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жазуу жүзүндөгү макулдугун алган күндөн тартып кайра каттоо жол-жобосунан өтүү үчүн каттоочу органга зарыл болгон документтерди берүүгө милдеттүү.
74. Юридикалык жакты кайра каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөнкүлөрдү берет:
1) ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча каттоо арызын;
2) юридикалык жакты кайра каттоо жөнүндө чечимди;
3) «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык катталган, кайра катталган юридикалык жакты каттоо, кайра каттоо жөнүндө күбөлүктү;
4) каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүктө ИСН көрсөтүлбөгөн учурда – салык төлөөчүнүн каттоо карточкасынын көчүрмөсүн же ал жоголгон (бузулган) учурда – кайра катталуучу юридикалык жактын ИСН көрсөтүлгөн салык органынын маалыматын;
5) каттоо жыйымынын жана акысынын төлөнгөндүгүн ырастоочу документти (маалыматты);
6) ушул Жободо аныкталган башка документтерди.
75. Юридикалык жакты кайра каттоо жөнүндө чечимде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) кайра катталуучу юридикалык жактын мамлекеттик жана расмий тилдердеги фирмалык аталышы;
2) жайгашкан жери (юридикалык дареги);
3) фамилиясын, атын, атасынын атын (болсо), жарандыгын, ИЖН жана жашаган жерин (жеке жактар үчүн), толук фирмалык аталышын, ИСН, юридикалык даректин жайгашкан жерин (юридикалык жактар үчүн) көрсөтүү менен ар бир уюмдаштыруучу жөнүндө маалыматтар;
4) ар бир уюмдаштыруучунун уставдык капиталынын (пайлык фондунун) өлчөмү жана юридикалык жактын уставдык капиталындагы (пайлык фондундагы) үлүштөрүнүн (пайларынын) өлчөмү;
5) аткаруу органынын жетекчисинин фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо), ИЖН;
6) мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө маалымат;
7) фамилиясын, атын, атасынын атын (болсо), жарандыгын, ИЖН, жашаган жерин (жеке жактар үчүн) көрсөтүү менен юридикалык жактын ар бир бенефициардык менчик ээси жөнүндө маалыматтар.
Кайра каттоо жөнүндө чечимде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык башка маалыматтар камтылышы мүмкүн.
Ушул Жободо белгиленген учурларды кошпогондо, юридикалык жакты кайра каттоо жөнүндө чечимге чогулуштун төрагасы жана катчысы кол коет, ошондой эле ал юридикалык жактын мөөрү менен бекитилет.
Чарбалык шериктештикти же коомду (акционердик коомду кошпогондо) кайра каттоо жөнүндө чечимге «Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык уюмдаштыруучу (уюмдаштыруучулар) кол коет. Чечим юридикалык жактын мөөрү менен бекитилүүгө тийиш, мында уюмдаштыруучунун (уюмдаштыруучулардын) – жеке жактын (жактардын) колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Ар бир юридикалык жактын – уюмдаштыруучунун (катышуучунун) өкүлү чечимди өзүнүн мөөрү менен бекитүүгө же өзүнүн колун нотариалдык күбөлөндүрүүгө тийиш.
Коомдук фонд же мекеме кайра катталган учурда, эгерде жалгыз катышуучу болсо, анын арыздагы колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
76. Чарбалык шериктештикти жана коомду (акционердик коомду кошпогондо) өз үлүшүн ээликтен ажыратуу же уюмдаштыруучунун (уюмдаштыруучулардын) үлүшүнүн өлчөмүн өзгөртүү (уставдык капиталга кошумча салымдарды салуу менен уюмдаштыруучунун (уюмдаштыруучулардын) үлүшүнүн өлчөмүн өзгөртүү учурунан тышкары) менен уюмдаштыруучунун (уюмдаштыруучулардын) чыгуусуна байланыштуу кайра каттоодо каттоочу органга үлүштү ээликтен ажыратуу жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн келишим берилет.
77. Өз үлүшүн ээликтен ажыратпастан катышуучулардын курамынан чыгып жаткан жеке жак – чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо) уюмдаштыруучусу (катышуучусу) каттоочу органга чыгуу жөнүндө арызды берет, анда жеке жактын колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Өз үлүшүн ээликтен ажыратпастан катышуучулардын курамынан чыгып жаткан юридикалык жак – чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо) уюмдаштыруучусу (катышуучусу) каттоочу органга юридикалык жактын жетекчиси кол койгон чыгуу жөнүндө арызды берет. Чыгуу жөнүндө арыз юридикалык жактын мөөрү менен бекитилет.
78. Чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо), коомдук фонддун, мекеменин, топтолмо пенсиялык фонддун курамына юридикалык жана (же) жеке жак болуп саналган жаңы катышуучу кирген учурда, ушул Жободо каралган документтер кошумча берилет.
Коомдук фондду, мекемени же топтолмо пенсиялык фондду уюмдаштыруучулардын (катышуучулардын) курамынан уюмдаштыруучунун (катышуучунун) чыгуусуна байланыштуу кайра каттоодо чыгуу жөнүндө арыз кошумча берилет.
Катышуучунун – жеке жактын чыгуусу жөнүндө арызга жеке жак кол коет жана анын колу нотариалдык күбөлөндүрөт.
Катышуучунун – юридикалык жактын чыгуусу жөнүндө арызга юридикалык жактын жетекчиси кол коет жана мөөрү менен бекитет.
Коомдук фондду, мекемени же топтолмо пенсиялык фондду уюмдаштыруучулардын (катышуучулардын) курамына жаңы уюмдаштыруучунун (катышуучунун) киргизилишине байланыштуу кайра каттоодо жаңы уюмдаштыруучуну (катышуучуну) киргизүү жөнүндө чечим кошумча берилет.
Коомдук фонддун, мекеменин же топтолмо пенсиялык фонддун уюмдаштыруучуларынын (катышуучуларынын) курамына жаңы уюмдаштыруучуну (катышуучуларды) киргизүү жөнүндө чечим уюмдаштыруучулар (катышуучулар) тарабынан бир добуштан кабыл алынууга тийиш.
Чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо) уюмдаштыруучуларынын (катышуучуларынын) курамына жеке жактын мураскору (мураскорлору) кирген учурда, каттоочу органга мурастоо укугу тууралуу күбөлүк же анын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү кошумча берилет.
Чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо), коомдук фонддун, мекеменин, топтолмо пенсиялык фонддун уюмдаштыруучуларынын (катышуучуларынын) курамынан уюмдаштыруучу (катышуучу) чыгарылган учурда, каттоочу органга соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими берилет.
79. Каттоочу орган ушул Жобонун 18–21-пункттарында белгиленген мөөнөттөрдө төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) берилген документтердин мыйзамдарга ылайык келишине экспертиза жүргүзүүгө;
2) тизмектин болушун жана юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо үчүн зарыл болгон документтерде камтылган маалыматтарда так эместиктердин же шайкеш келбестиктердин жок экендигин текшерүүгө;
3) арыз ээсинин талабы боюнча аныкталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келбестиктерди, аларда камтылган маалыматтардагы так эместиктерди же шайкеш келбестиктерди жоюу үчүн уюмдаштыруу документтеринин/ чечимдердин долбоорлорун даярдоого;
4) ушул Жободо каралган талаптардын сакталышын текшерүүгө;
5) ушул Жобонун 59-пунктунда каралган тиешелүү буйрукту чыгарууга.
80. Каттоочу орган юридикалык жакты кайра каттоо жөнүндө буйрук чыгаргандан кийин төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кайра каттоо жөнүндө маалыматты мамлекеттик реестрге киргизүүгө;
2) арыз ээсине ушул Жобонун 26-пунктунда белгиленген тартипте маалымкатты (күбөлүктү) берүүгө;
3) юридикалык жакты каттоо делосун тариздөөгө, аны каттоочу органдын «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин архивдик документтеринин базасы» автоматташтырылган маалымат системасына 3 (үч) жумуш күндүн ичинде киргизүүгө;
4) салык органдарына, статистика органдарына жана Социалдык фондго билдирүүгө;
5) каттоочу органдын мөөрү же штампы менен бекитилген уюмдаштыруу документтеринин бирден нускасын берүүгө (финансы-кредиттик уюмдар үчүн).
81. Юридикалык жакты кайра каттоо датасы болуп каттоочу орган тарабынан буйрук чыгарылган дата эсептелет.
82. Кайра каттоодон кийин финансы-кредиттик уюмдун жана коммерциялык эмес уюмдун уюмдаштыруу документтери каттоочу органдын мөөрү жана штампы менен бекитилет.
7-глава. Юридикалык жактын ишин токтотууну каттоо
83. Жоюу комиссиясы (жоюучу) юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органы же сот тарабынан юридикалык жакты жоюу жана жоюу комиссиясын (жоюучуну) шайлоо (дайындоо) жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде каттоочу органга бул тууралуу жазуу жүзүндө кабарлайт.
Кабарлоодо ушул пунктта каралган чечимдин көчүрмөсүн милдеттүү түрдөө тиркө менен кредиторлордун талаптарды билдирүү тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө маалымат камтылууга тийиш. Мында кредиторлордун талаптарды билдирүү мөөнөтү жоюу жөнүндө жарыяланган учурдан тартып бир айдан кем болбошу керек.
84. Каттоочу орган юридикалык жакты жоюу жөнүндө кабарлоону алып, 3 (үч) жумуш күндүн ичинде мамлекеттик реестрге юридикалык жак жоюу процессинде экендиги жөнүндө жазууну киргизүүгө, маалыматтарды каттоочу органдын расмий сайтына жарыялоого жана бул тууралуу салык жана бажы органдарына, статистика органдарына жана Социалдык фондго билдирүүгө милдеттүү.
85. Юридикалык жактын ишин токтотууну каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөнкүлөрдү берет:
1) ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча каттоо арызын;
2) юридикалык жакты жоюу жана жоюу комиссиясын (жоюучуну) шайлоо (дайындоо) жөнүндө юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органынын же соттун чечимин;
3) «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык катталган, кайра катталган юридикалык жак үчүн юридикалык жакты каттоо, кайра каттоо жөнүндө күбөлүктү;
4) мөөрдү (мөөрлөрдү) жана (же) штампты (штамптарды) (болсо) кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын;
5) жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимди;
6) жоюлуучу юридикалык жактын архивдик документтери сакталуучу жер жөнүндө мамлекеттик архив фондунун корутундусун;
7) каттоо жыйымы жана акысы төлөнгөндүгүн ырастаган документти (маалыматты);
8) ушул Жободо аныкталган башка документтерди.
86. Юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органы юридикалык жактын үчүнчү жактардын алдында милдеттенмелери, анын ичинде кепилденген милдеттенмелери жок болгон учурда гана жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечим кабыл ала алат.
Жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле ишин токтотууну каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Чарбалык шериктештиктин же коомдун (акционердик коомду кошпогондо) жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимге ар бир уюмдаштыруучу (катышуучу) кол коет, мында жеке жактын уюмдаштыруучусунун (катышуучусунун) колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Юридикалык жактын – катышуучунун өкүлү чечимди өзүнүн мөөрү менен бекитүүгө тийиш.
Жоюу комиссиясы (жоюучу) же башка жооптуу адамдар жоюлган юридикалык жактын уюмдаштыруу документтерин, бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматты жана башка маанилүү документтерин анын иши токтотулган күндөн тартып 5 (беш) жылдан кем эмес мөөнөт сактоону камсыз кылат.
87. Ишин токтотууну каттоо үчүн каттоочу органга документтерди берүүнүн алдында юридикалык жак өзүнүн бардык туунду уюмдарын, филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн белгиленген тартипте жоюуга милдеттүү.
Эгерде жоюлуучу юридикалык жак башка юридикалык жактын уюмдаштыруучусу (катышуучусу) болуп саналган учурда, ал ишин токтотууну каттоого документтерди берүүгө чейин тиешелүү юридикалык жактын уюмдаштыруучуларынын (катышуучуларынын) курамынан чыгууга милдеттүү.
88. Каттоочу орган ушул Жобонун 21-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдө төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) берилген документтердин мыйзамдарга ылайык келишине экспертиза жүргүзүүгө;
2) тизмектин болушун жана юридикалык жактын ишин токтотууну каттоо үчүн зарыл болгон документтерде камтылган маалыматтарда так эместиктердин же шайкеш келбестиктердин жок экендигин текшерүүгө;
3) арыз ээсинин талабы боюнча аныкталган мыйзамдарга шайкеш келбестиктерди, аларда камтылган маалыматтардагы так эместиктерди же шайкеш келбестиктерди жоюу үчүн чечимдерди даярдоого;
4) салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү, бажы жыйымдары (алымдары) боюнча милдеттенмелердин жоктугу, ошондой эле сынам жыйымдары боюнча карыздардын жоктугу тууралуу салык жана бажы органдарынан, ошондой эле баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан алынган маалыматты текшерүүгө;
5) ушул Жободо каралган талаптардын аткарылышын текшерүүгө;
6) ушул Жобонун 59-пунктунда каралган тиешелүү буйрукту чыгарууга.
89. Каттоочу орган юридикалык жактын ишин токтотууну каттоо жөнүндө буйрукту чыгаргандан кийин төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) каттоо жөнүндө маалыматты мамлекеттик реестрге киргизүүгө;
2) юридикалык жактын ишин токтотууну каттоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн берүүгө;
3) салык органдарына, статистика органдарына жана Социалдык фондго билдирүүгө;
4) каттоо делосун тариздөөгө, аны каттоочу органдын «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин архивдик документтеринин базасы» автоматташтырылган маалымат системасына 3 (үч) жумуш күндүн ичинде киргизүүгө.
90. Юридикалык жактын ишин токтотууну каттоо датасы болуп каттоочу орган тарабынан тиешелүү буйрук чыгарылган дата таанылат.
8-глава. Юридикалык жактар банкрот болгондо
ишин токтотууну каттоо
91. Юридикалык жактар сот тартибинде банкрот болгондо карызкордун банкроттук процессинин аяктагандыгы жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысы каттоочу органдын юридикалык жактын ишин токтотууну каттоо жөнүндө буйрукту чыгаруусу үчүн негиз болуп саналат.
92. Соттон тышкаркы тартипте банкрот болгондо банкроттук иштер боюнча ыйгарым укуктуу органдын юридикалык жактын банкроттук процессинин аяктагандыгы жөнүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдын мөөрү басылган каты каттоочу органдын юридикалык жактын ишин токтотууну каттоо жөнүндө буйрукту чыгаруусу үчүн негиз болуп саналат.
9-глава. Юридикалык жакты мажбурлап
жоюу жана ишин токтотуу
93. Юридикалык жакты мажбурлап жоюу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-беренесине ылайык ишке ашырылат.
Белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө сот актысы каттоочу органдын юридикалык жактын ишин токтотууну каттоо жөнүндө буйрукту чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.
94. Каттоочу орган мамлекеттик же укук коргоо органдарынын мамлекеттик коопсуздукка, экономикалык же финансылык туруктуулукка, коомдук тартипке, экономиканын стратегиялык мааниге ээ тармактарынын иштешине же болбосо социалдык туруктуулукка коркунуч бар экендиги жөнүндө жүйөлөнгөн сунушунун (арызынын) негизинде, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана кылмыштуу ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушунун негизинде юридикалык жактын ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
Юридикалык жактын ишин токтотуу жөнүндө чечимдин негизинде каттоочу орган юридикалык жакты мажбурлоо тартибинде жоюу жөнүндө доо менен сотко кайрылат.
10-глава. Филиалды жана өкүлчүлүктү каттоо
95. Филиалды жана өкүлчүлүктү каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөнкүлөрдү берет:
1) каттоочу орган тарабынан бекитилген форма боюнча каттоо арызын;
2) филиалды жана өкүлчүлүктү түзүү жөнүндө юридикалык жактын органынын чечимин;
3) каттоо жыйымынын жана акысынын төлөнгөндүгүн ырастаган документти (маалыматты);
4) ушул Жободо каралган башка документтерди.
96. Филиалды жана өкүлчүлүктү түзүү жөнүндө чечимде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) филиалдын жана өкүлчүлүктүн мамлекеттик жана расмий тилдердеги фирмалык аталышы;
2) филиалдын жана өкүлчүлүктүн жайгашкан жери;
3) юридикалык жактын органынын филиалдын жана өкүлчүлүктүн жетекчисин дайындоо жөнүндө чечими;
4) филиалды жана өкүлчүлүктү түзгөн юридикалык жактын толук фирмалык аталышы, юридикалык дареги, каттоо маалыматтары.
Филиалды жана өкүлчүлүктү түзүү жөнүндө чечимде анда көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Филиалды жана өкүлчүлүктү түзүү жөнүндө чечимге юридикалык жактын органы кол коёт жана юридикалык жактын мөөрү менен бекитилет.
97. Финансы-кредиттик уюмдардын, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалын жана өкүлчүлүгүн каттоодо арыз ээси ушул Жобонун 95-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча каттоочу органга төмөнкүлөрдү берет:
1) филиал жана өкүлчүлүк жөнүндө бекитилген жобо эки нускада;
2) филиалды жана өкүлчүлүктү түзүү жөнүндө чечим кабыл алган чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун уюмдаштыруу документтеринин көчүрмөлөрү.
Саясий партиялардын филиалын жана өкүлчүлүгүн каттоодо арыз ээси ушул Жобонун 95-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча фамилиясын, атын, атасынын атын (бар болгондо), туулган жылын, дарегин жана саясий партияга мүчөлүккө кабыл алынган датасын көрсөтүү менен саясий партиянын тиешелүү филиалында жана өкүлчүлүгүндө турган саясий партиянын мүчөлөрүнүн тизмесин каттоочу органга берет.
98. Каттоочу орган ушул Жобонун 18–21-пункттарында белгиленген мөөнөттөрдө төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) берилген документтердин мыйзамдарга шайкештиги предметине экспертиза жүргүзүүгө;
2) филиалды жана өкүлчүлүктү каттоо үчүн зарыл болгон документтерде камтылган маалыматтарда так эместиктердин же дал келбестиктердин жоктугун жана тизмектин болушун текшерүүгө;
3) арыз ээсинин талабы боюнча мыйзамдарга шайкеш келбестиктерди, аларда камтылган маалыматтарда так эместиктерди же дал келбестиктерди четтетүү үчүн уюмдаштыруу документтердин/ чечимдердин долбоорлорун даярдоону жүргүзүүгө;
4) ушул Жободо каралган талаптардын сакталышын текшерүүгө;
5) ушул Жобонун 59-пунктунда каралган тиешелүү буйрук чыгарууга.
99. Каттоочу орган юридикалык жактын филиалын жана өкүлчүлүгүн каттоо жөнүндө буйрук чыккандан кийин төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) каттоо жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик реестрге киргизүүгө;
2) ушул Жобонун 26-пунктунда белгиленген тартипте арыз ээсине маалымкатты (күбөлүктү) өткөрүп берүүгө;
3) уюмдаштыруу документтеринин бирден нускасын берүүгө (финансы-кредиттик уюмдардын, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү үчүн);
4) филиалдын жана өкүлчүлүктүн каттоо ишин тариздөөгө, каттоочу органдын «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин архивдик документтеринин базасы» автоматташтырылган маалыматтык системасына аны 3 (үч) жумуш күндүн ичинде киргизүүгө.
100. Филиалды жана өкүлчүлүктү каттоо датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан дата эсептелет.
101. Финансы-кредиттик уюмдардын, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү катталгандан кийин алардын жоболору каттоочу органдын мөөрү жана штампы менен бекемделет.
11-глава. Филиалды жана өкүлчүлүктү кайра каттоо
102. Филиалды жана өкүлчүлүктү кайра каттоо үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) филиалдын же өкүлчүлүктүн фирмалык аталышынын өзгөрүшү;
2) филиалды же өкүлчүлүктү түзгөн юридикалык жактын фирмалык аталышынын өзгөрүшү;
3) жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана жобону жаңы редакцияда бекитүү (жайгашкан жерин өзгөртүүнү кошпогондо);
4) филиалды же өкүлчүлүктү түзгөн юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органы же сот тарабынан филиалды же өкүлчүлүктү кайра каттоо жөнүндө чечим кабыл алуу.
103. Филиал жана өкүлчүлүк ушул Жобонун 102-пунктунда саналып өткөн негиздердин кеминде бири болгон учурда, тиешелүү чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде кайра каттоо жол-жобосунан өтүү үчүн каттоочу органга зарыл документтердин пакетин берүүгө милдеттүү.
104. Филиалды жана өкүлчүлүктү кайра каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөнкүлөрдү берет:
– каттоочу орган бекиткен форма боюнча каттоо арызын;
– юридикалык жактын органынын филиалды жана өкүлчүлүктү кайра каттоо жөнүндө чечими;
– ушул Жобо күчүнө киргенге чейин катталган филиалды жана өкүлчүлүктү каттоо, кайра каттоо жөнүндө күбөлүк;
– каттоо жыйымынын жана төлөмдүн төлөнгөндүгүн ырастоочу документ (маалымат);
– ушул Жободо аныкталган башка документтер.
Эгерде каттоо, кайра каттоо жөнүндө күбөлүктө ИСНи көрсөтүлбөсө, арыз ээси салык төлөөчүнүн каттоо карточкасынын көчүрмөсүн же ал жоголгон (бузулган) учурда кайра катталуучу филиалдын жана өкүлчүлүктүн ИСНи көрсөтүлгөн салык органынын маалыматын берет.
Финансы-кредиттик уюмдардын, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү каттоочу органга кошумча төмөнкүлөрдү берет:
– мурдагы абалы (алар жоголгон учурларды кошпогондо);
– жаңы редакциядагы же болбосо киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен эки нускадагы жобо.
Саясий партиялардын филиалын жана өкүлчүлүгүн кайра каттоодо ушул пунктта көрсөтүлгөн документтерге кошумча арыз ээси каттоочу органга саясий партиянын тиешелүү филиалында же өкүлчүлүгүндө турган саясий партиянын мүчөлөрүнүн тизмесин фамилиясын, атын, атасынын атын (бар болсо), ИЖН, туулган жылын, саясий партияга мүчөлүккө кабыл алынган датасын жана дарегин көрсөтүү менен берет.
Филиалды жана өкүлчүлүктү кайра каттоо жөнүндө чечим мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө маалыматты камтууга тийиш.
Филиалды жана өкүлчүлүктү кайра каттоо жөнүндө чечимде анда көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн берилген документтердеги маалыматтардын анык экендиги ырасталат.
105. Каттоочу орган ушул Жобонун 18–21-пункттарында белгиленген мөөнөттөрдө төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) берилген документтердин мыйзамдарга шайкештиги предметине экспертиза жүргүзүүгө;
2) филиалды жана өкүлчүлүктү каттоо үчүн зарыл болгон документтерде камтылган маалыматтарда так эместиктердин же дал келбестиктердин жоктугун жана тизмектин болушун текшерүүгө;
3) арыз ээсинин талабы боюнча мыйзамдарга шайкеш келбестиктерди, аларда камтылган маалыматтарда так эместиктерди же дал келбестиктерди четтетүү үчүн уюмдаштыруу документтердин/ чечимдердин долбоорлорун даярдоону жүргүзүүгө;
4) ушул Жободо каралган талаптардын сакталышын текшерүүгө;
5) ушул Жобонун 59-пунктунда каралган тиешелүү буйрук чыгарууга.
106. Каттоочу орган юридикалык жактын филиалын жана өкүлчүлүгүн каттоо жөнүндө буйрук чыккандан кийин төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) каттоо жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик реестрге киргизүүгө;
2) ушул Жобонун 26-пунктунда белгиленген тартипте арыз ээсине маалымкатты (күбөлүктү) өткөрүп берүүгө;
3) уюмдаштыруу документтеринин бирден нускасын берүүгө (финансы-кредиттик уюмдардын, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү үчүн);
4) салык органдарына, статистика органдарына жана Социалдык фондго билдирүүгө;
5) филиалдын жана өкүлчүлүктүн каттоо ишин тариздөөгө, каттоочу органдын «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин архивдик документтеринин базасы» автоматташтырылган маалыматтык системасына аны 3 (үч) жумуш күндүн ичинде киргизүүгө.
107. Филиалды жана өкүлчүлүктү кайра каттоо датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан дата эсептелет.
108. Финансы-кредиттик уюмдардын, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү кайра катталгандан кийин алардын жоболору каттоочу органдын мөөрү жана штампы менен бекемделет.
12-глава. Филиалдын жана өкүлчүлүктүн
ишин токтотууну каттоо
109. Филиалдын жана өкүлчүлүктүн ишин токтотууну каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөкүлөрдү берет:
1) каттоочу орган бекиткен форма боюнча каттоо арызын;
2) юридикалык жактын органынын же филиалды жана өкүлчүлүктү жоюу жөнүндө соттун чечими;
3) «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык катталган, кайра катталган филиалды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо, кайра каттоо жөнүндө күбөлүк;
4) жобо (финансы-кредиттик уюмдардын, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү үчүн);
5) документ (маалымат) каттоо жыйымы жана төлөмү төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;
6) мөөрдү (мөөрлөрдү) жана (же) штампты (штамптарды) (алар бар болсо) кабыл алуу-өткөрүү акты;
7) ушул Жободо аныкталган башка документтер.
110. Каттоочу орган ушул Жобонун 21-пунктуна белгиленген мөөнөттөрдө төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) берилген документтердин мыйзамдарга шайкештиги предметине экспертиза жүргүзүүгө;
2) филиалдын жана өкүлчүлүктүн ишин токтотууну каттоо үчүн зарыл болгон документтерде камтылган маалыматтарда так эместиктердин же дал келбестиктердин жоктугун жана тизмектин болушун текшерүүгө;
3) арыз ээсинин талабы боюнча мыйзамдарга шайкеш келбестиктерди, аларда камтылган маалыматтарда так эместиктерди же дал келбестиктерди четтетүү үчүн чечимдердин долбоорлорун даярдоону жүргүзүүгө;
4) салык, бажы органдарынан, ошондой эле баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан алынган салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү, бажы жыйымдары (алымдар) боюнча милдеттенмелердин жоктугу жөнүндө, ошондой эле пробирдик жыйымдар боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө маалыматты текшерүүгө;
5) ушул Жобонун 59-пунктунда каралган тиешелүү буйрук чыгарууга.
111. Каттоочу орган филиалдын жана өкүлчүлүктүн ишин токтотууну каттоо жөнүндө буйрук чыккандан кийин төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) филиалдын жана өкүлчүлүктүн ишин токтотууну каттоо жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик реестрге киргизүүгө;
2) ишти токтотууну каттоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн берүүгө;
3) салык органдарына, статистика органдарына жана Социалдык фондго билдирүүгө;
4) каттоо делосун тариздөөгө, каттоочу органдын «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин архивдик документтеринин базасы» автоматташтырылган маалыматтык системасына аны 3 (үч) жумуш күндүн ичинде киргизүүгө.
112. Филиалдын жана өкүлчүлүктүн ишин токтотууну каттоо датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан дата эсептелет.
13-глава. Мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор
113. Юридикалык жак, филиал жана өкүлчүлүк чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде каттоочу органга төмөнкүлөрдү өзгөртүү жөнүндө кабарлоого милдеттүү:
1) жетекчини;
2) жайгашкан жерди (юридикалык дарегин);
3) телефон, факс номерлерин жана санарип дарегин;
4) жеке жактын – чарбалык шериктиктин жана коомдун (акционердик коомдордон тышкары), коомдук фонддун, мекеменин, топтолмо пенсиялык фонддун уюмдаштыруучусунун (катышуучусунун) паспорттук маалыматтары (чет өлкөлүк жактар үчүн) же инсандыгын күбөлөндүргөн башка документтин маалыматтарын;
5) юридикалык жактын – чарбалык шериктиктин жана коомдун (акционердик коомдордон тышкары), коомдук фонддун, мекеменин, топтолмо пенсиялык фонддун уюмдаштыруучусунун (катышуучусунун) каттоо маалыматтары;
6) жетекчинин паспорттук маалыматтары же инсандыгын ырастоочу башка документинин маалыматтары;
7) экономикалык иштин түрү;
8) акционерлер жөнүндө маалыматтар;
9) берилген реестрге ылайык мүчөлөр жөнүндө маалыматтар (мүчөлүк уюмдар үчүн).
Юридикалык жак ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөттө юридикалык жакты ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө каттоочу органга кабарлоого милдеттүү.
Чечимде анда көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтар анык экендиги ырасталат.
114. Юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү кайра каттоого алып келбеген маалыматтар өзгөргөн учурда каттоочу органга юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн мөөрү басылган жетекчинин колу коюлган билдирүү берилет.
Юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн жетекчиси өзгөргөн учурда каттоочу органга жаңы жетекчинин колу коюлган, юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн мөөрү басылган кабарлоо берилет.
115. Юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн жетекчиси алмашкан учурда кабарлоого жаңы жетекчини шайлоо (дайындоо) жөнүндө чечим жана анын паспортунун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын ырастоочу документ катары таанылган башка документинин көчүрмөсү тиркелет.
Мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтарга санарип форматтагы өзгөртүүлөрдү киргизүүдө инсандыгын ырастоочу документтер берилбейт.
Мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө инсандыкты күбөлөндүрүүчү документтер санарип форматта берилбейт.
Жаңы жетекчини шайлоо (дайындоо) жөнүндө чечим юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн мөөрү менен бекитилүүгө тийиш.
Юридикалык жак ишенимдүү башкарууга берилген учурда каттоочу органга ишенимдүү башкаруу келишиминин көчүрмөсү жана башкаруучунун паспортунун же башка документинин көчүрмөсү берилет.
Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин төрагасы алмашкан учурда кабарлоого: кыймылсыз мүлккө жаңы төраганын менчик укугун ырастоочу тиешелүү мамлекеттик органдан көчүрмө; турак жай менчик ээлеринин шериктигинин жалпы чогулушуна катышкан көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик фамилиясын, атын, атасынын атын (бар болсо), даректерин жана аларга менчик укугунда таандык болгон турак жайга укук белгилөөчү документтердин реквизиттерин көрсөтүү менен аталган менчик ээлери кол койгон тизмеси; кыймылсыз мүлккө менчик укугун ырастаган тиешелүү мамлекеттик органдан көчүрмө; көп батирлүү үйдө катталган турак жана турак эмес жайлардын санын ырастаган тиешелүү мамлекеттик органдын каты тиркелет.
Коммерциялык эмес уюмдун жетекчиси алмашканда иштеп жаткан төрага мөөрдү жана уюмдаштыруу документтерин тиешелүү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын тариздөө менен жаңы төрагага өткөрүп берүүгө милдеттүү. Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы кабарлоого тиркелет жана каттоочу органга берилет.
Коомдук бирикменин, кооперативдин, турак жай менчик ээлеринин шериктигинин жетекчиси алмашкан учурда кайра каттоодо жана жоюлууда каттоо арызына фамилиясын, атын, атасынын атын, мүчөлүккө кирген күнүн көрсөтүү менен коомдук бирикменин, кооперативдин, турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн реестри тиркелет.
116. Юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн жайгашкан жери өзгөргөн учурда кабарлоого юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн мөөрү менен бекитилген юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн жайгашкан жерин өзгөртүү жөнүндө чечим тиркелет.
Башка администрациялык районго/шаарга өтүүгө алып келүүчү юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн жайгашкан жерин өзгөртүүгө учурдагы салыктык каттоо орду боюнча салык органы тарабынан ырасталгандан кийин гана жол берилет, ошондой эле юридикалык жактын мурдагы жайгашкан жери боюнча каттоочу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Каттоочу орган учурдагы салыктык эсепке алуу орду боюнча салык органына юридикалык дареги өзгөргөндүгү жөнүндө кабарлайт. Салык органы юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн жайгашкан жери өзгөргөндүгү жөнүндө билдирүү түшкөндөн кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде каттоочу органга жаңы юридикалык дарек боюнча юридикалык жакты кайра каттоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө кабарлоого милдеттүү.
Ушул пунктта каралган жол-жоболордон өтпөстөн юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн жаңы жайгашкан жери боюнча каттоочу органга түздөн-түз кайрылуусуна жол берилбейт.
Ушул Жобонун 113-пунктунун 4–6-пунктчаларында көрсөтүлгөн маалыматтар өзгөргөн учурда кабарлоого киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен тиешелүү документтердин көчүрмөлөрү тиркелет.
117. Каттоочу орган кабарлоону алгандан кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде мамлекеттик реестрге зарыл маалыматтарды киргизет жана бул жөнүндө салык, статистика органдарына жана Социалдык фондго кабарлайт.
14-глава. Юридикалык жактардын, филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн мамлекеттик реестри
118. Каттоочу орган тарабынан катталган, кайра катталган жана ишин токтоткон юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр жөнүндө маалыматтарды камтыган юридикалык жактардын, филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн мамлекеттик реестри жүргүзүлөт.
119. Мамлекеттик реестрди жүргүзүүнүн тартиби каттоочу орган тарабынан аныкталат.
120. Мамлекеттик реестрде юридикалык жак, филиал жана өкүлчүлүк жөнүндө маалыматтардын болушу алардын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлөндүрөт.
121. Мамлекеттик реестрде төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:
1) фирмалык толук, кыскартылган (бар болгондо) аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде;
2) каттоо жөнүндө буйруктун датасы жана номери;
3) алгачкы каттоо буйругунун датасы жана номери;
4) уюштуруу-укуктук формасы жана менчигинин формасы;
5) юридикалык жакты түзүү ыкмасы (түзүү же кайра уюштуруу);
6) каттоо номери, ИСН, ИУЖК коду;
7) жайгашкан жери (юридикалык дареги);
8) телефон жана факс номери, санариптик дареги;
9) юридикалык жактын уюмдаштыруучулары жөнүндө маалыматтар;
10) акционердик коомдорду кошпогондо, уставдык капиталдын (пайлык фонддун) өлчөмү, уюмдаштыруучулардын (катышуучулардын) үлүштөрүнүн өлчөмү;
11) юридикалык жак ишин токтотуу процессинде экендиги жөнүндө маалыматтар;
12) юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү жоюу жөнүндө маалыматтар;
13) жетекчи жөнүндө маалыматтар, дайындалган датасы;
14) филиалды жана өкүлчүлүктү түзгөн юридикалык жак жөнүндө маалыматтар;
15) компаниянын аталышын өзгөртүү жөнүндө маалымат, датасы жана кайра каттоо жөнүндө буйрук;
16) юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн бенефициардык ээлери, анын ичинде аты-жөнү, атасынын аты (бар болсо), туулган датасы, жарандыгы жөнүндө маалыматтар, идентификациялык маалыматтар, ошондой эле менчиктин түзүмү жана коомдук кызмат адамынын (бар болсо) статусу жөнүндө маалыматтар.
Каттоочу орган бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды финансылык чалгындоо органынын санариптик маалымат базасына автоматташтырылган түрдө өткөрүп берүүнү камсыздайт.
122. Мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтар жалпыга таанышуу үчүн ачык болуп саналат.
Мамлекеттик реестрге киргизилген жалпыга таанышуу үчүн ачык болгон каттоо маалыматтарын жашырууга, жок кылууга, ошондой эле ага анык эмес же толук эмес маалыматтарды кошууга тыюу салынат.
123. Мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтар кызыкдар жактарга каттоочу органга арыз келип түшкөн күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде көчүрмө түрүндө, 5 (беш) жумуш күндүн ичинде хронологиялык тартипте берилиши мүмкүн.
Уставдык капиталдын (пайлык фонддун) өлчөмү, уюмдаштыруучулардын (катышуучулардын) үлүштөрүнүн өлчөмү жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык берилет.
124. Мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтарды шашылыш түрдө берүү (көчүрмөнү шашылыш түрдө берүү) үчүн каттоочу орган төлөм алат.
Мамлекеттик реестрден алынган маалыматтар мамлекеттик мекемелерге акысыз берилет.
Мамлекеттик реестрде камтылган маалыматты шашылыш түрдө берүү үчүн төлөмдүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
15-глава. Юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү
каттоо мөөнөтүн токтотуу жана баш тартуу
125. Юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү каттоо мөөнөтү каттоочу орган тарабынан буйрук чыгаруу жана каттоо мөөнөтүнүн ичинде табылган кемчиликтерди жоюу үчүн тиешелүү документтерди арыз ээсине кайтарып берүү менен төмөнкү учурларда токтотулат:
– юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү каттоо үчүн ушул Жободо белгиленген документтер берилбесе;
– берилген документтерде камтылган маалыматтарда так эместиктер же шайкеш келбестиктер табылса;
– берилген документтер мыйзамдарга ылайык келбесе;
– юридикалык жактын фирмалык аталышында жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этностук таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырлоо элементтери, ошондой эле одоно жана уят сөздөр камтылса;
– он же андан көп катталган, кайра катталган юридикалык жактар бар болгон учурда.
Каттоо мөөнөтү токтотулган мөөнөт аяктаганга чейин арыз ээси каттоочу орган тарабынан табылган кемчиликтерди жоюуга жана документтерди карап чыгуу үчүн кайрадан берүүгө укуктуу.
Каттоо мөөнөтүн токтотуу жөнүндө буйрукта ушул Жобонун талаптарына милдеттүү түрдө шилтеме менен негиздер камтылышы керек, каттоо мөөнөтүн токтотуу жөнүндө буйрукта көрсөтүлгөн эскертүүлөр ушул Жободо белгиленген мөөнөттө жоюлбаган учурда, каттоодон баш тартуу жөнүндө буйрук чыгарылат.
126. Юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү каттоодон баш тартууга, ошондой эле мамлекеттик реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуудан баш тартууга төмөнкү учурларда жол берилет:
1) юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү каттоо үчүн ушул Жободо зарыл болгон документтер берилбесе;
2) мамлекеттик реестрде толук жана (же) кыскартылган фирмалык аталышы окшош болгон катталган, кайра катталган юридикалык жак, филиал жана өкүлчүлүк бар болгон учурда.
Окшош толук же кыскартылган фирмалык аталыш деп башка катталган, кайра катталган юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн толук же кыскартылган фирмалык аталышынын бардык элементтеринин ырааттуу дал келиши түшүнүлөт. Толук же кыскартылган фирмалык аталышта символдорду, тыныш белгилерин жана цифраларды колдонуу анын окшоштугун жокко чыгарбайт;
3) берилген документтерде камтылган маалыматтарда так эместиктер же шайкеш келбестиктер табылса;
4) берилген документтер мыйзамдарга ылайык келбесе;
5) юридикалык жактын фирмалык аталышында жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этностук таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырлоо элементтери, ошондой эле одоно жана уят сөздөр камтылса;
6) соттун, тергөөчүнүн же сот аткаруучунун каттоого тыюу салган акты бар болсо;
7) издөөдө жүргөн адамдардын (улуттук жана эл аралык) тизмесине, Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегине киргизилген юридикалык жактардын уюмдаштыруучулары, бенефициардык ээлери, жетекчилери, арыз ээлери жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары чыккан адамдар аныкталса;
8) ушул Жобонун 31-пунктуна ылайык мамлекеттик монополияга каршы органдын алдын ала макулдугу берилбесе;
9) юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтар берилбесе же анык эмес маалыматтар берилсе;
10) уставында пайда алуу негизги максат катары коюлбаган диний коммерциялык эмес уюмдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган юридикалык жактарды кошпогондо, юридикалык жактын фирмалык аталышында диний мүнөздөгү сөздөр, терминдер, аныктамалар бар болсо.
Диний мүнөздөгү сөздөрдүн, терминдердин, аныктамалардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет;
11) юридикалык жакты кайра уюштурууда өткөрүп берүү актысын жана ажыратуу балансын бербесе.
Юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн ишин токтотууну каттоодон баш тартуу салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү, бажы алымдары (пошлиналары) боюнча милдеттенмелер жөнүндө, ошондой эле салык жана бажы органдарынан, ошондой эле баалуу металлдар жана асыл таштар менен бүтүмдөрдү жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан сынам жыйымдары боюнча карыздарынын жоктугу жөнүндө маалымат болгондо жүргүзүлөт.
Каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим ушул Жобонун талаптарына милдеттүү түрдө шилтеме берүү менен баш тартуунун негиздерин камтууга тийиш.
127. Арыз ээси каттоодон баш тартууга негиз болгон себептерди жойгондон кийин каттоо органына кайрадан кайрыла алат.
128. Юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү түзүү максатка ылайык деген жүйө менен каттоодон баш тартууга жол берилбейт.
16-глава. Иштебеген юридикалык жактарды,
филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик реестрден чыгаруу
129. Иштебеген юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр мамлекеттик реестрден төмөнкү учурларда чыгарылууга тийиш:
1) акыркы 3 (үч) жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык отчеттор берилбесе;
2) юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн банктык эсептери жок болгондо жана (же) акыркы 3 (үч) жылдын ичинде мындай эсептер боюнча операциялар жүргүзүлбөсө;
3) мамлекеттик реестрде уюмдаштыруучулар тарабынан билдирилген менчик ээлеринин бенефициарлары жөнүндө анык эмес маалыматтар табылса;
4) салык салуудан качуу максатында юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктөрдү жасалма каттоодон өткөрүүнүн же пайдалануунун белгилери аныкталса.
130. Жасалма каттоонун белгилерине төмөнкүлөр да кириши мүмкүн:
1) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөн жеринде жоктугу;
2) иш жүзүндө чарбалык иштин жоктугу;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттүн ичинде салыктык жана башка милдеттүү отчеттор бербегендиги;
4) көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон кызматкерлердин жана негизги каражаттардын жоктугу;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка белгилер.
Юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү жасалма каттоо каттоочу орган тарабынан мамлекеттик реестрде жана башка мамлекеттик маалымат ресурстарында камтылган маалыматтарды талдоонун негизинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжаларынын негизинде белгиленет.
131. Текшерүү катталуучу же кайра катталуучу юридикалык жактын уюмдаштыруучу (катышуучусу) катары чыккан бир эле жеке жана (же) юридикалык жакка он же андан ашык юридикалык жакты каттоо жана (же) кайра каттоо фактылары аныкталганда да жүргүзүлөт.
132. Каттоочу орган кийинки отчеттук жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө иштеши текшерилүүгө тийиш болгон юридикалык жактардын, филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн планын жана тизмесин бекитет.
Иштеши текшерилүүгө тийиш болгон юридикалык жактардын, филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн планы жана тизмеси бекитилгенден кийин тиешелүү мамлекеттик органдарга жана башка субъекттерге ушул Жобонун 129-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берүү жөнүндө суроо-талап жиберет.
133. Иштебеген юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн ушул Жобонун 129-пунктунда көрсөтүлгөн белгилери болгондо, каттоочу орган юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү мамлекеттик реестрден чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.
134. Юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү мамлекеттик реестрден чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууда каттоочу орган мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде мамлекеттик реестрге зарыл болгон маалыматтарды киргизет жана бул тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдарга билдирет.
135. Юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү мамлекеттик реестрден чыгаруу менен бир убакытта каттоочу органдын расмий сайтында каршы пикирлерди берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө маалымат бул каршы пикирлер жөнөтүлө турган даректи көрсөтүү менен жарыяланышы керек.
Чыгарууга каршы пикирлерди төмөнкү адамдар жөнөтө алат:
1) юридикалык жактын уюмдаштыруучусу (уюмдаштыруучулары);
2) юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн аткаруу органынын жетекчиси;
3) юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн ишин токтотууну каттоодо жоюу комиссиясынын жетекчиси (жоюучу);
4) иштебеген юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн кредиторлору же иштебеген юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү мамлекеттик реестрден чыгарууга байланыштуу укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары козголгон башка адамдар.
136. Каршы пикирлерди берүү мөөнөтү зарыл болгон маалыматтар мамлекеттик реестрге киргизилген күндөн, ошондой эле маалымат каттоочу органдын расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып 6 (алты) айдан ашпашы керек.
137. Белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин каттоочу орган юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
17-глава. Юридикалык жактын, филиалдын жана
өкүлчүлүктүн уюмдаштыруучуларынын (катышуучуларынын) биринин иштебеген юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү мамлекеттик реестрден чыгаруу жөнүндө
каттоочу органга, ошондой эле юридикалык жакты,
филиалды жана өкүлчүлүктү мажбурлап жоюу
жөнүндө арыз менен сотко кайрылуусу
138. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык уюмдаштыруучу (катышуучу) юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү мажбурлап жоюу жөнүндө доо менен уюмдаштыруучулардын (катышуучулардын) биринин жоктугуна байланыштуу юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн иш-аракетинин мүмкүн эместиги же олуттуу кыйынчылыктар болгон учурларда сотко кайрылууга укуктуу.
139. Уюмдаштыруучу (катышуучу) келген жок деп төмөнкү учурларда эсептелет:
1) бир жылдан ашык убакытка Кыргыз Республикасынан чегинен тышкары чыгып кеткен жана юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн ишине катышпаган учурда;
2) мураскорлору жок болгондо, каза болгон, өлгөн же белгиленген тартипте дайынсыз жоголгон деп таанылган учурда.
140. Юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн уюмдаштыруучусу (катышуучусу) тиешелүү документтерди тиркөө менен каттоочу органга иштебеген юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү мамлекеттик реестрден чыгаруу жөнүндө кайрылат.
141. Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
1) юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн уюмдаштыруу документтери (уставдын жана каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү);
2) жалпы чогулуштар өткөрүлбөгөндүгүн же келбеген уюмдаштыруучу катышпастан чечимдерди кабыл алуу мүмкүн эместигин ырастоо;
3) чечимдерди кабыл алуу мүмкүн эместигин көрсөтүү менен уюмдаштыруучулардын жалпы чогулуштарынын (эгер өткөрүлсө) протоколдору;
4) чарбалык иштин кыйынчылыгынын же токтотулушунун далилдери (бухгалтердик отчеттор, салыктык билдирүүлөр, контрагенттердин каттары ж.б.);
5) адамды каза болгон же дайынсыз жоголгон деп таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими.
142. Каттоочу орган ушул Жобонун талаптарына ылайык кайрылууну карайт жана төмөнкү маалыматтарды алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга суроо-талап жөнөтөт:
1) миграция органдарынын бир жылдан ашык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып кеткендиги жөнүндө маалымкат;
2) мурастык иштин жана мураскорлордун жоктугу жөнүндө маалымат (өлгөн учурда);
3) салык жана бажы органдарынан, ошондой эле баалуу металлдар жана асыл таштар менен бүтүмдөрдү жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү, бажы жыйымдары (алымдары) боюнча милдеттенмелеринин жоктугу, ошондой эле сынам жыйымдары боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө маалымат, кагаз түрүндө же ЭДС аркылуу санариптик формада суроо-талап жиберүү жолу менен.
143. Юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү мамлекеттик реестрден чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууда каттоочу орган мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде мамлекеттик реестрге зарыл болгон маалыматтарды киргизет жана бул тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдарга билдирет.
144. Юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү мамлекеттик реестрден чыгаруу менен бир убакытта каттоочу органдын расмий сайтында каршы пикирлерди берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө маалымат бул каршы пикирлер жөнөтүлө турган даректи көрсөтүү менен жарыяланышы керек.
145. Чыгарууга каршы пикирлерди төмөнкү адамдар жөнөтө алышат:
1) юридикалык жактын уюмдаштыруучусу (уюмдаштыруучулары);
2) юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн аткаруу органынын жетекчиси;
3) юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн ишин токтотууну каттоодо жоюу комиссиясынын жетекчиси (жоюучу);
4) иштебеген юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн кредиторлору же иштебеген юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү мамлекеттик реестрден чыгарууга байланыштуу укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары козголгон башка адамдар.
146. Каршы пикирлерди зарыл болгон маалымат мамлекеттик реестрге киргизилген күндөн тартып, ошондой эле маалымат каттоочу органдын расмий веб-сайтында жарыяланган күндөн тартып 6 (алты) айдын ичинде берүүгө болот.
147. Белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин уюмдаштыруучу (катышуучу) юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
18-глава. Ушул Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
148. Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды бербегендиги же өз убагында бербегендиги, ошондой эле анык эмес маалыматтарды бергендиги үчүн арыз ээси, уюмдаштыруучу, директор, юридикалык жак, филиал жана өкүлчүлүк Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
149. Каттоочу органдын чечимине даттануу «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.