Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-апрели № 273
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын
18-сентябрындагы № 434 “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Сөөк коюуну уюштурууда кеткен чыгымдардын ордун жарым-жартылай толтуруу үчүн жарандарга колдоо көрсөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 «Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
– 2-пункттун он алтынчы абзацында «(Социалдык камсыз кылуу департаменти)» деген сөздөр «(Социалдык коргоо департаменти)» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 7-пунктта «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 26-июлундагы № 408 токтому менен» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 10-декабрындагы № 331 буйругу менен» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
– 2-пунктта:
жетинчи абзацта «(Социалдык камсыз кылуу департаменти)» деген сөздөр «(Социалдык коргоо департаменти)» деген сөздөргө алмаштырылсын;
он экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
– 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«10. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул республикалык бюджеттин каражаттарынан төмөнкүдөй өлчөмдөрдө төлөнөт:
1) 120 эсептик көрсөткүч – иштеген адам каза болгон учурда;
2) 80 эсептик көрсөткүч – төмөнкүлөр каза болгон учурда:
– жеке ишкер;
– дыйкан чарбанын башчысы же жашы жеткен мүчөсү;
– расмий жумушсуз;
– иштеген адамдын багуусунда турган үй-бүлө мүчөсү;
– социалдык жөлөкпул алуучу;
3) 50 эсептик көрсөткүч – төмөнкүлөр каза болгон учурда:
– жеке ишкердин багуусунда турган үй-бүлө мүчөсү;
– дыйкан чарбанын башчысынын же жашы жеткен мүчөсүнүн багуусунда турган үй-бүлө мүчөсү;
– расмий жумушсуздун багуусунда турган үй-бүлө мүчөсү;
– социалдык жөлөкпул алуучунун багуусунда турган үй-бүлө мүчөсү;
– жумушсуз адам же анын багуусунда турган үй-бүлө мүчөсү.»;
– 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«11. Шаарлардын мэриялары расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан төмөнкүдөй өлчөмдөрдө төлөйт:
– 80 эсептик көрсөткүч – социалдык жөлөкпул алуучу каза болгон учурда;
– 50 эсептик көрсөткүч – төмөнкүлөр каза болгон учурда:
социалдык жөлөкпул алуучунун багуусунда турган үй-бүлө мүчөсү;
жумушсуз адам же багууда турган үй-бүлө мүчөсү.»;
– 12-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«12. Сөөктү койгон адамдарга расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жана төлөө ушул Жободо белгиленген тартипте жүргүзүлөт.».
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 192 «Расымдык (сөөк коюу үчүн) жөлөкпулду эсептөө үчүн орточо бир айлык эмгек акынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөө боюнча чыгымдарды республикалык бюджеттен каржылоону камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун 2028-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 1-пунктунун 2-пунктчасынын үчүнчү – жыйырма алтынчы абзацтарын, ошондой эле 2, 3-пункттарын кошпогондо, бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 31 (3791) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |