ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Оргочор айыл аймагынын айыл кеңешинин депутаттарынын 28-чакырылышынын кезексиз 23-сессиясынын
2023-жылдын 23-ноябры № 80
Оргочор айыл аймагындагы ар бир түтүндөн салыктык эмес жыйым баасынын ставкасын бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн киреше боюнча жетектөөчү адиси Т.Усубакуновдун маалыматын угуп, талкуулап,айылдык кенештин 28- чакырылышынын 23-сессиясы токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 14-апрелиндеги №1480-XII салыктык эмес төлөмдөр бул, мыйзам салыктык эмес төлөмдөрдүн түшүнүгүн жана тизмесин аныктайт, ыктыярдуу салык жана өндүрүп алуу үчүн мыйзамдуу негиз түзөт.
Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекси 2018-жылдын 10-августу № 90 ылайык 24-бөлүм.Калктуу конуштардын таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым.
74-берене.Жыйымды киргизүү тартиби.
Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органын ченемдик укуктук актысы менен күчүнө киргизилет.
75-берене. Жыйымдардын ставкасы.
Жыйым ставкасынын чондугу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченеми менен анын аткаруучу органынын сунушу боюнча бир жашоочуга же курулуштун бир чарчы метр аянтына бир эсептик көрсөткүчтөн көп эмес өлчөмдө белгиленет деп көрсөтүлгөндүктөн салыктык эмес жыйым баасы төмөндөгүдөй баада бекитилсин.
- Жеке тарап түтүн ээлерине 98 сомдон белгиленсин
- Юридикалык тарап жыйым төлөмүнөн бошотулсун.
1.Жыйым чогултуу мөөнөтү 01.04.2024-ж чейин белгиленсин.
2. Салыктык эмес жыйым төлөмүн өз убагында ар бир айылдын айыл башчылары менен чогултуу милдеттендирилсин.
Айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча жетектөөчү адиси Т.Усубакуновго,киреше боюнча адис Б.Асамбаевага банкка төгүү жагы ,бет эсептерине убагында түшүрүп,тактап, мөөнөтүндө бүткөрүү 01.04.2024-ж айына бекитилсин.
3.Чогулган акча каражатын туура пайдалануу жагы каржы экономика бөлүмүнүн башчысына Ч.Казиевага милдеттендирилсин.
4. Салыктык эмес жыйым төлөмү боюнча женилдик”Баатыр- Эне “,Авган согушунун, жана жалгыз бой түтүн болуп камтылган жана тышкаркы жургөн үйүндө эч ким жашабаган үй ээлерине берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.К.Жумашовго тапшырылсын.
Салыктык эмес жыйымдын расчету тиркелет.
Төрага | У. Р. Дыйканбаев |
тиркеме
Салыктык эмес төлөмдөр жыйымынын ставкасын Оргочор айыл өкмөтү боюнча 2024-жылга бекитүү.
№ | Аталышы. | Түтүндүн саны боюнча
| |
1 | Оргочор айылы | 329* 98 =32242 | |
2 | Подгорный айылы | 204 *98 = 19992 | |
3 | Боз-Бешик айылы | 235 * 98 = 23030 | |
4 | Кургак -Айрык | 51 * 98 = 4998 | |
5 | Кызыл-Суу бөлүмү | 39* 98 = 3822 | |
| Баардыгы: | 858 * 98 = 84084 | |
Берилүүчү женилдиктер | |||
1 | Баатыр –Энелер | 49 * 98 = 4802 | |
2 | Үйүндө жашабай тышкары жүргөндөр | 32 *98 = 3136 | |
3 | Авган жоокерлери | 4 * 98 = 392 | |
| Баардыгы : | 85 *98 =8330 | |
Жалпы жыйынтыгы : 92414 - 8330 = 84084 | |||
|
|
| |
|
| Баардыгы: 84084 сом | |
|
|
|
|
Оргочор айыл өкмөтүнүн кирешелер
боюнча жетектөөчү адиси: Т.Усубакунов.