Редакцияот 28.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Оргочор айыл аймагынын айыл кеңешинин депутаттарынын 28-чакырылышынын кезексиз 23-сессиясынын 

 

2023-жылдын 23-ноябры № 86

Оргочор айыл аймагына караштуу Боз-Бешик айылындагы түштүк-чыгыш территориясындагы №35 контурундагы 0,40 га курулуш (постройки) категориясындагы жылуу сууну коомдук заманбап тургундар түшүүчү жабык бассейиндерди куруу үчүн конкурсттук негизде  көп жылдык  ижарага берүү  жөнүндө

 

Оргочор айыл аймагына караштуу Боз-Бешик айылындагы түштүк-чыгыш территориясындагы  №35 контурундагы 0,40 га курулуш (постройки) категориясындагы жылуу сууну коомдук заманбап тургундар түшүүчү жабык бассейиндерди куруу максатында конкурстук негизде көп жылдык ижарага берүү максатында     токтом  кылам:

1. Оргочор айыл аймагына караштуу Боз-Бешик айылындагы түштүк-чыгыш территориясындагы №35 контурундагы 0,40 га курулуш (постройки) категориясындагы жылуу сууну коомдук заманбап тургундар түшүүчү жабык бассейиндерди куруу максатында конкурстук негизде көп жылдык  ижарга берүүгө макулдук берилсин.

2. Конкурста жеӊип  алуучу максаттык багытын  өзгөртө турган болсо,кайра муниципалдык менчикке кайтарылып алынары  эскертилсин.

3.  №35 контурундагы 0,40 га курулуш (постройки) категориясындагы жылуу суунун жерин архитектуралык  чиймелерин  ген.пландын  негизинде долбоорлоо  жана иш кагаздарын даярдап берүү жагы райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан,  жерди каттоодон  ѳткѳрүү  Оргочор айыл ѳкмѳтүнө милдеттендирилсин

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Оргочор айыл ѳкмѳтүнүн   башчысы             Ж.Жумашовго  тапшырылсын.

 

Төрага

У. Р. Дыйканбаев