Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2022-жылдын 6-декабры № 27/45
Маркум инсандардын ысымын Айры-Там, Ажек, Ак-Башат айылдарынын көчөлөрүнө ыйгаруу жөнүндө
1-Май айыл аймагынын Айры-Там айылына эмгеги сиңген инсандары Бекиев Эргеш жана Иманов Абдибектин ысымын 1-Май айыл аймагынын Айры-Там айылынын Кулумбетов, Кулумбетов-1 көчөсүнө, Ажек айылынын көчөлөрүнө Кабылов Курал жана Алчиматов Арзыматтын ысымдарын жана Ак-Башат айылынын Кең-Колот кварталынын көчөсүнө, Ак-Башат мектебинин биринчи мугалими, эмгеги сиңген инсан Токтоноев Нарбайдын элесин түбөлүккө калтырууда айыл тургундарынын сунушун жана 1-Май Айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушун эске алуу менен 1-Май айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы токтом кылат:
1.1-Май айыл аймагынын Айры-Там айылынын тургундарынын сунушун колдоого алуу менен, Айры-Там айылына эмгеги сиңген инсандар маркум Бекиев Эргештин жана маркум Иманов Абдибектин ысымы түбөлүккө, Айры-Там айылынын Кулумбетов-1 көчөсү Бекиев Эргештин,Кулумбетов көчөсу Иманов Абдибектин атындагы көчө болуп өзгөртүлсүн;
2.1-Май айыл аймагынын Ажек айылынын эмгеги сиңген, маркум инсандар Кабылов Курал жана Алчиматов Арзыматтын ысымдары, Ажек айылынын тургундарынын сунушун эске алуу менен Кабылов Курал жана Алчиматов Арзымат атындагы көчөлөрү болуп түбөлүккө калтырылсын;
3.Айылдык Кеңешине келип тушкөн Ак-Башат айылынын тургундарынын сунушун колдоого алуу менен, Ак-Башат айылынын эмгеги сиңген мугалими Токтоноев Нарынбайдын ысымы Ак-Башат айылынын өзү жашап өткөн көчөгө Токтоноев Нарбай атындагы көчө болуп ыйгарылсын;
4. Ак-Башат айылынын көчөлөрү мурда коюлган аттары менен кайрадан төмөнкүдөй аталсын;
1) Ак-Жол
2) Ынтымак
3) Береке
4) Ак-Башат-Сай
5) Ак-Тилек
6) Кең-Колот болуп көчөлөрдүн аты калтырылсын.
5. Кулумбетов-1, Кулумбетов көчөсү Бекиев Эргештин жана Иманов Абдибектин атындагы көчө болуп бекитилгендигин көчө тургундарына жеткирүүнү Айры-Там айыл башчысынын милдетин аткаруучу Касымов Алмазга, Ажек айылынын тургундарына Кабылов Курал жана Алчиматов Арзыматтын ысымдары коюлган көчө тургундарына жеткирүү айыл башчы Молдогозиев Айбекке жана Ак-Башат айылынын көчөсүнө Токтоноев Нарбай атындагы көчө жана мурда коюлган аттары кайрадан Ак-Жол, Ынтымак, Береке, Ак-Башат-Сай, Ак-Тилек, Кең-Колот болуп көчөлөрдүн аттары калтырылгандыгын айыл тургундарына жеткирүү жагы айыл башчы Абдыманап уулу Жоомартка милдеттендирилсин;
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Баязовага жүктөлсүн.
1-Май айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Кулуев |