Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2022-жылдын 14-декабры № 28/48
1-Май айыл аймагында Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясын түзүү жөнүндө
1-Май айыл аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИА) аткаруу комитетинин төрайымы Бийчиева Гулиранын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИА) түзулгөндүгү жана Айылдык Коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИА) Конференциясынын протоколу менен бекитилген Уставы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 21-февралындагы №36 “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, 1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы токтом кылат:
1.1-Май айыл аймагында түзүлгөн Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы (АКИА), Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИА) Конференциясынын №1 протоколу менен бекитилген Уставы каттоодон өткөрүлсүн;(тиркеме тиркелет)
2.Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИА) аткаруучу органы болгон аткаруу комитети жетекчиликке алсын;
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн;
4.Токтомду аткаруу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.Баязовага милдеттендирилсин;
1-Май айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Кулуев |
1-Май айылдык Кеңешинин
“14”-декабрь 2022-жылдагы
№28/48 токтомуна тиркеме
Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун
1-Май айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын
2022ж.
I. Жалпы жоболор
1. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органы катары түзүлгөн Айылдык коомчулуктун инвестициялык Ассоциациясынын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: Жалал-Абадобластынын,Ала-Бука районунун,1-Майайылдык аймагынын «Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы»;
- расмий тилде: «Инвестиционная ассоциация селских сообществ» 1-Майского айыльного аймака Ала-Буканского района Жалал-Абадской области.
- мамлекеттик тилде: 1-Май айылдык аймагынын АКИА;
- расмий тилде: ИАСС 1-Майского айыльного аймака.
6. АКИА аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары өз ишкердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин нормативдик укуктук актыларына, тийиштүү кеңештин жана алардын аткаруучу-тескөөчү органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын токтомдору менен буйруктарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы № 625 токтому менен бекитилген Жобого, ошондой эле өздөрүнүн Уставына жана чечимдерине таянат.
7. АКИА аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары өз статусун ал жергиликтүү кеңеште эсептик каттоого алынган учурдан баштап алат. Эсептик каттоого туруу үчүн АКИА айылдык кеңешке өз мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечимин (протоколун), Уставын тапшырат.
8. АКИА өз ишинде аны түзгөн жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнө жана аны каттаган айылдык кеңешке отчет берет.
II.АКИАнын максаттары жана иш-милдеттери
- социалдык экономикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;
- кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүгө, ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;
- калктын активдүүлүгүн жогорулатуу жана чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун арттыруу.
- Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык программасын иштеп чыгууга, аны жаңылоого жана ишке ашырууга катышуу, көмөктөшүү;
- Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык инфраструктурасына байланыштуу көйгөйлөрдү аныктоого жана чечүүгө катышуу, көмөктөшүү;
- Жергиликтүү коомчулук тарабынан аныкталган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган жергиликтүү жамааттын долбоордук сунуштарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу, көмөктөшүү;
- эл аралык жана жергиликтүү донордук уюмдар, финансалык институттар менен иштешүү, алардан жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн каражаттары/инвестицияларды тартуу;
- мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарында, соттордо жана башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерде коомдун кызыкчылыктарын, өздөрүнүн укуктарын, ал аймакта жашаган граждандардын мыйзамдуу таламдарынын атынан чыгуу жана коргоо;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдеринин аткарылышына жардамдашуу;
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймагында ишканаларды, өндүрүштүк жана социалдык-маданий багыттагы башка ишканалар менен обьекттерди куруу жана кеңейтүү, соода, коомдук тамактануу, тиричиликтик тейлөө ишканаларын жана башка социалдык-маданий мекемелерди жайгаштыруу үчүн жер бөлүү маселеси, алардын иштөө режимдери боюнча маселелерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жардамдашуу;
- курулуш куруунун, турак жайлык имараттарды пайдалануунун, турак үйлөрдү жана үйдүн жанындагы аймактарды күтүүнүн, өрт коопсуздугунун эрежелеринин жана санитардык нормалардын сакталышына, жердин, суунун жана башка табигый ресурстардын сарамжалдуу пайдаланылышына коомдук көзөмөл жүргүзүү, тийиштүү органдарга аныкталган кемчиликтерди жоюу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
- коомдук турмуштун ар кыл маселелери боюнча демилге көтөрүү, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарына сунуштарды киргизүү;
- калкка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын АКИАнын сунушу боюнча же анын катышуусу менен кабыл алынган чечимдери жөнүндө кабарлоо;
- жергиликтүү жарандардын кызыкчылыгына тикелей таасир тийгизген маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүргүзгөн кеңеш берүүлөргө жана талкууларга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген жана айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган ар кандай башка иш-аракеттерди жүргүзүү.
III. АКИАнын укуктары жана жоопкерчилиги
IV. АКИАнын башкаруу органдары
- Жогорку орган – делегаттардын Конференциясы;
- Аткаруучу орган – аткаруу комитети;
- Текшерүүчүорган - текшерүү комиссиясы.
V.АКИАнын мүчөлөрү жана алардын укуктары
VI. АКИАнын Конференциясы
VII. Конференциянын компетенциясы/укуктары
- АКИАнын уставына жана башка ички документтерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- АКИАнын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
- АКИАнын аткаруучу комитетинин жана ревизиондук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жана ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
- Жылдык отчетту бекитүү;
- АКИАны өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу;
- АКИАнын уставында жана башка ички документтерде каралган дагы башка маселелер.
VIII. АКИАнын аткаруу комитети.
- АКИАнынКонференцияларын уюштуруу;
- Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгууга катышуу;
- Айылдык кеңеште аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүүгө катышуу;
- Донорлорго долбоорлорду тандоо жөнүндө маалымат берүү, тандалган инвестициялардын техникалык өнүгүүсү боюнча донорлор менен макулдашуу;
- Донорлорго сатып алуулардын абалы жөнүндө маалымдоо (тендердик документтерди макулдашуу, конкурстун мөөнөттөрү жана жыйынтыктары);
- Подрядчиктерге (жеткирүүчүлөргө) көмөк көрсөтүү, алардын ишине мониторинг жүргүзүү;
- Бүткөрүлгөн долбоорлорду эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө (ЭТТ) боюнча пландарды түзүү;
- Социалдык мобилизациялоону жана дараметти жогорулатууну жүргүзүү жана жүргүзүүгө көмөктөшүү;
- АКИАнын мүчөлөрүнүн, климаттын өзгөрүшү боюнча коомчулуктардын элчилеринин, коомдук кабарчылардын дараметин жогорулатууга көмөктөшүү;
- Социалдык отчеттуулук боюнча иш-чараларды координациялоо;
- Конференциянын/Жалпы чогулуштун чечимдерин ишке ашыруу.
- АКИАнын уставына кол коет;
- Бардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда жана бирикмелерде АКИАнын атынан өкүлчүлүк кылуу;
- Аткаруу комитетинин отурумдарын өткөрүү;
- Конференциянын жана аткаруу комитетинин тапшырмаларын аткаруу;
- Конференцияда өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берүү;
- АКИАнын атынан келишимдерге кол коюу;
- Аткаруу комитетинин компетенциясына кирген жана ушул Уставга карама-каршы келбеген башка ыйгарым укуктарды, функцияларды аткаруу.
IX. Текшерүү комиссиясы
Х.АКИАны жоюу жана реорганизациялоо