Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
2022-жылдын 14-декабры № 28/52
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын үй-булөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп–адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” ПЖ №54 Жарлыгынын негизинде кабыл алынган уставына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын үй-булөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп–адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” ПЖ №54 Жарлыгынын негизинде кабыл алынган уставына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн баяндамасын угуп жана талкуулап, 1-Май айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXVIII сесиясы токтом кылат:
1. Каза болгон маркумдун жылдык-ашын өткөрүүдө, маркумдун жаш курагына жана социалдык абалына айыл өкмөтүнөн түзүлгөн комиссия курамы тарабынан анализ жүргүзүп, түзүлгөн актынын негизинде бир ири мал союу жагы, бекитилген комиссиянын чечиминин негизинде уруксат берилсин;
2. Айыл Өкмөтүндө бекитилген иш планга ылайык ар түрдүү сарпталуучу акча каражаттарын ажыратып берүү жагы финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин;
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык кенешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
1-Май айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Кулуев |