Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
2022-жылдын 14-декабры № 28/53
Мүлк жана айыл чарбалык эмес салыктардын ченемдерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматы 28.11.2022-жылдагы №09-3-12/288/11232 катта Кыргыз Республикасынын мыйзамы 2022-жылдын 18-январындагы №4 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин колдонууга киргизүү мыйзамы жөнүндө, 1-Май айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 1-Май айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXVIII сесиясы токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин колдонууга киргизүү мыйзамы жөнүндө, мүлк жана айыл чарбалык эмес салыктардын ченемдери, тиркемеге ылайык бекитилсин; (тиркеме тиркелет)
2.Кабыл алынган токтомдордун аткарылышы 1-Май айыл аймагынын Салык кызматынын инспектору М.Кулуевге милдеттендирилсин;
3.Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам;
1-Май айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Кулуев |
1-Май айылдык Кеңешинин
“14”12 2022-жылдагы
№28/53 токтомуна тиркеме
Айылдык Кеңештин зоналдык К3 коэффициенттерин тармактар боюнча 0,3төн 1,2ге чейинки өлчөмдө бекитүү жөнүндө
1. Жарнама курулмалары -0,9
2. Мейманканалар, оюн-зоок жайлар, банктар, ломбарддар, акча алмаштыруу пункттары -0,6
3. Автого май куйуучу жайлар, автосервиз ишканалары -1,2
4. Чакан базарлар, мал базарлар, тоют жана жем сатуу базарлары -0,5
5. Коомдук тамактануу, кызмат көрсөтүү ишканалары -0,7
6. Дүкөндөр, киоскалар, ларектор жана башка соода мекемелери -1,0
7. Администрациялык, офистик имараттар, бизнес борборлору -0,9